"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин кабарчысы Виктор Мараховский ошондой талкууларда СССРге тагылган айыптарга, анын ичинде "Европа элдерине каршы негизги аскердик кылмыштары" боюнча иликтеп көргөн.
Бир караганда мындай маселенин чыгышынын өзү да кызык. Акыркы жалпы европалык согуш 1939-1945-жылдары болгон, СССР азыр көшөрө жана катаал түрдө күнөөлөнүп жаткан бардык айыптарын ошол мезгилде жасаган көрүнөт. Бирок андай эмес экени айдан ачык.
Эгер 1945-жылдын май айындагы алдыңкы батыш маалымат басылмаларын барактап чыксак, Советтер Союзу цивилизацияга оор зыян келтирбегенине күбө болобуз. Тескерисинче, ошол туштагы макалаларда Кызыл армия жана совет солдаттарын ардактоо, ыраазычылык жана суктануу камтылат.
1945-жылдагы гезиттерге карасак:
Le Monde: "Улуу орус союздаштын салымы баа жеткис: үч жыл аралыгында дал россиялык тарап вермахтын (Германиянын куралдуу күчтөрү — ред.) дээрлик бардык кысымдарына чыдаган".
Тогузунчу май, Times, Уинстон Черчилль: "Эртең биз орус жолдошторубуздун кадырын өзгөчө баалап билебиз, анын согуш талаасындагы чеберчилиги жалпы жеңишибизге кошкон салымдардын бири болуп калды. Бул күн батыш элдери сыймыктануу менен жеңилгис союздашы болгон Россияны терең кадырлаганын билдирет. Анткени ал канчалаган жарандарынан айрылып, канчалаган материалдык кыйроого учураса да Бириккен улуттардын баарынын оор жүгүн өз мойнуна алган".
Алтургай мындай да бар:
Онунчу май, NYT: "Рейхтеги советтик саясат (Германиядагы оккупацияланган аймактардагы жарандык калкка карата — ред.) либералдуу катары бааланат".
Кандай карама-каршы жаңылса да, Советтер Союзу биздин аскердик кылмыштар соңку жылдары жасалыптыр. Жок, баары он жылдап улам күч алып отурган. Улуу орус союздашына Европа менен кайраштыра кара так чачкан Черчиллдин Фултондогу сөзүнөн кийин Советтер Союзу фашисттик наадандыкка каршы турган күчтөрдүн коалициясынын толук кандуу катышуучусунун образында батыш ааламында кала албайт эле.
Бирок Кызыл армияны улутчулдукту түбүнөн кыйган куткаруучу баатырлар армиясынан кулчулукка түрткөн зордукчул топко заматта айландырып жиберүү мүмкүн эмес эле, себеби бардык замандаштары ошол кандуу беш жыл бою согуштун күбөлөрү, катышуучулары же согуштун запкысын тарткандар болгон.
Согуштун тарыхынын улам бурмаланып отурушу, улам жаңы каармандарды алдыңкы планга чыгаруу, аларга зарыл болбогон окуя жана учурларды өчүрүп же тереңге жашыруу кайсы бир урунттуу учурга байланыштырылып жүрүп отурган.
1980-жылдары социалисттик Польша системалар аралык негизги тирештин аренасы болуп калган (поляктар демократияны талап кылат, репрессияларга каршы чыгышат, гданьсктык электрик Лех Валенса тынчтык жаатындагы Нобель сыйлыгын алат). Согуш тарыхы чагылдырылган "сүрөттүн" арткы планынан Молотов — Риббентроп пактын жана Катынь боюнча маселени алдыга чыгарышкан.
Анткен менен Польша "Германиянын тун курмандыгы" болуп жарыяланган, бул чех менен словактарды да таң калтыргандыр. Аларды Германия андан бир жыл мурун Польша менен Венгриядан бөлгөн эмес беле.
1990-жылдары, Германия бириккен убакта жана аймагынан советтик күчтөрдү чыгарууга шаштырган кезде кытмыр эсеби барлар кайдан-жайдан "зордукталган эки миллион немис кыз-келиндер" туурасындагы маалыматты ортого чыгара салды. Жапайы эсептен бөлөк чындыгы жок ошол маалымат целлулоид эстеликтер жасалып, жүздөгөн китеп жана миңдеген макалалардын жазылышына алып келди.
2014-жылы АКШнын Сербиядагы элчиси Майкл Кирбинин жана 2015-жылы Польшанын тышкы иштер министри Гжегож Схетынанын "Освенцимди орустар эмес, "Биринчи украиналык фронт" (дал ошол, бүткүл СССРден чогултулуп түптөлгөн жана согуштук жүрүштүн багытынан улам ушундай аталыш алган армия) куткарган" деген билдирүүлөрү согуш жылдарындагы СССРдин ордун бурмалоо акциясынын башаты болгон.
Бул темага Le Monde басылмасында ("Освенцимди Кызыл армиянын украиналык жоокерлери куткарды деген билдирүүлөргө россиялыктар ыза болуптур" деген тейдеги дароо жети макала арналган.
Ал эми анын кульминациясына баарыбыз быйыл кышта күбө болдук. Освенцимдин куткарылышынын 75 жылдык мааракесинде АКШнын вице-президенти Майкл Пенс өзүнүн салтанаттуу сөзүндө америкалык солдаттарды (ага таптакыр катышпаган) атап өтүп, ал эми советтик жоокерлерди (лагерди куткарып гана тим болбостон, бул вазыйпа үчүн жүздөгөн жолдошторунан айрылган) атабай коюуга амалданган. Жыл өткөн сайын согуштун бурмаланышы күч алууда. Ал эми Улуу Ата Мекендик согуштун күбөлөрү калбай баратат, анткени, 1945-жылы бала бакча жашындагылар бүгүн 80ге таяп калды.
The New York Times Германиядагы советтик жоокерлердин жергиликтүү калкка жасаган либералдуу мамилеси үчүн алкап жазган макаласын эстей турган жан жок. 75 жыл өткөндөн кийин гана Экинчи дүйнөлүк согуш төмөнкү окуялардан "куралып" калыптыр:
1) Молотов-Риббентроп пакты (Германия менен Советтер союзунун ортосундагы кол салбоо келишими) — Польша жана Катынь кош оккупациясы;
2) Франция оккупациясы жана Улуу Британия үчүн күрөш;
3) Холокост жана Перл-Харбор;
4) Нормандияда түшүрүү, африкалык кампания (1940-жылдын 10-июнунан 1943-жылдын 13-майына дейре) жана Иводзима;
5) Батыш Европаны ырайымсыз улутчулардан бошотуу жана Чыгыш Европанын ырайымсыз орустар тарабынан басып алынышы.
Ошондуктан эгер 1945-жылы СССР туурасындагы терс пикирлер батыш маалымат каражаттарында арзыбаган көлөмдө жарыяланган же учкай эле айтылган болсо, азыр алар өткөндүн элесин жандандырып, кайрадан кеп козгоого мажбур кылууда.
Эскинин укмуштай заманбапташтырылган көчүрмөсү менен эсибизди тымызын алмаштыруунун бир эле жолу — бир кездеги Советтер Союзунун өзөгү болгон мамлекетти кулатып, адамдардын акылынан күч менен тарыхты өчүрүп салуу. Прагалык кыткылыктаган саясатчылар "коло" маршал Коневди "эрдик менен жеңбедиби"!.. (Маршал И.Коневдин Чехиядагы эстелиги былтыр апрелдин башында кулатылган).
Бирок "реалдуулукту таңуулаган" батыштыктардын колунан келчү иш 80 жыл мурун гитлерчилердин кылганынан артык эмес.