00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
10 мин
Тема дня
Что изменит для Кыргызстана членство в Совете Безопасности ООН
18:11
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
Түрк, славян элдеринин интеграциясы качан башталган? Тарыхчы менен маек
19:07
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Будь в курсе
Минприроды КР запретило квадроциклы на горных склонах и установило лимит на сбор грибов - обсуждаем инициативу
20:08
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өкмөт 2030-жылга чейин жогорку окуу жайларын реформалоону даярдоодо. Жогорку билим берүү системасын 2030-жылга чейин реформалоо зарылдыгы эмнеден келип чыкты?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Россияда Петербург эл аралык экономикалык форуму башталды. Санкт-Петурбург шаарына 76 мамлекеттен саясатчылар келип түштү. Алардын арасында ЕАЭБден, Кытайдан, Бразилиядан, Монголиядан, АКШдан келген коноктор бар. Бул сапар Сауд Арабиясы конок-мамлекеттин макамында болду. Ага 130 өлкөдөн 20 миңге чукул адам катышууда. Пленардык жыйында Россия лидери Владимир Путин салт болуп калгандай эле келгендерге кайрылып, сүйлөйт. Ага Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев катышат. Анан сырткары, конок катары Самия Сулуху Хасандын, Кытай төрагасынын орун басарынын келиши күтүлүүдө. ПЭЭФтин иштиктүү программасында 150 иш-чара бар. Негизги талкуу Россия жана дүйнөнүн экономикасынын, энергетиканын жана жасалма интеллектинин өнүгүшү туурасында жүрмөкчү.Петербург эл аралык экономикалык форуму 6-июнда аягына чыгат.
Кыргызстан гидроэнергетикалык объектилерди куруу иштерине россиялык инвесторлорду тартууга кызыкдар. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Петербург эл аралык экономикалык форумунда сүйлөп жатканда айтты. Ал Камбар-Ата -1 ГЭСинин курулушу — аймактык маанидеги эң ири долбоор экенин, аны менен катар чакан жана орто ГЭСтерди, ошондой эле кайра жаралуучу энергия объектилерин куруу долбоорлору да ишке ашып жатканын кошумчалады."Биз бүгүн туристтин санын көбөйтүүгө гана эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги инфраструктураны — мейманканаларды жана тоо-лыжа комплекстерин түзүүгө да кызыкдарбыз. Инвесторлордун кызыгуусун эске алып, долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даярбыз", — деди өкмөт башчынын орун басары.
Соңку жылдары россиялык компаниялар Кыргызстанда өндүрүш ачууга кызыгууда. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев айтты.Алар машина куруу, курулуш материалдарын өндүрүү, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай тармактарына тиешелүү. "Инвесторду Кыргызстанга тарткан негизги артыкчылыктар: ЕАЭБдин жалпы рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгү, салыктын ыңгайлуу шарттары, өндүрүш чыгымдарынын салыштырмалуу төмөн болушу", – деди ал Петербург эл аралык экономикалык форумунда.
Жаңы окуу жылында Кыргызстанда “Мектеп 21” санариптик технологиялар мектеби иштей баштайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди. Анын айтымында, долбоордун франшизасы Россиянын “Сбербанкынан” сатып алынган. Окуу жай Бишкектин Шаардык МАИ аймагында жайгашып, ал үчүн кесиптик лицейлердин пайдаланылбай турган эки имараты берилген.“Июндун экинчи жарымынан тарта кабыл алуу башталат. Анда 18 жаштан өйдө курактагы бардык каалоочулар акысыз окуй алышат. Окуу процесси технологияларга жана материалды өз алдынча өздөштүрүүгө негизделип, мугалимдерсиз жүргүзүлөт. Концепциянын негизги максаты — бүтүрүүчүлөрдү жүз пайыз жумуш менен камсыз кылуу”, — деди Кендирбаева.Министр белгилегендей, “Мектеп 21” санариптик технологиялар жана программалоо боюнча адистерди даярдоодо дүйнөдөгү алдыңкы билим берүү борборлорунун бири болуп саналат.
Жаңылыктар түрмөгү
0