БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Түркияда президенттик башкаруу системасына өтүү боюнча референдум өтүп жатат. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Референдумга 167140 шайлоо участкасында 55,3 миллион жаран добуш берет. Мындан тышкары, абактагылар үчүн да 461 шайлоо участкасы түзүлгөн. Ал эми чет өлкөдө жашаган Түркиянын жарандары алдын ала добуш беришкен.
Жалпы жонунан 18 беренени өзгөртүү каралган. Ага ылайык, мамлекет башчы вице-президентти, министрлерди жана жогорку даражадагы аткаминерлерди өзү дайындай алат. Ал эми премьер-министрлик кызматы жоюлат. Министрлерди түзүү, таратуу жана укук, милдеттемелери, структуралары президенттин жарлыгына жараша болот. Ошону менен бирге өлкө башчы өзгөчө кырдаал жарыялап, парламентти таратуу укугуна ээ болот.
Референдум өткөндөн кийин прездентти жана парламентти шайлоо бир күндө 2019-жылдын 3-ноябрында өтөт. Ошондон кийин гана президенттик башкаруу системасы күчүнө кирмекчи.
Алдын ала жүргүзүлгөн сурамжылоолордо президенттик системага 46-47 пайызы макул, 43-44 пайызы каршылыгын билдиргени айтылат.