https://sputnik.kg/20211015/sezim-zhumanazarova-menen-maek-1054235303.html
"Сен күрөшөсүңбү?" деп таң калышат. Балбан Сезим Жуманазарованын видеобаяны
"Сен күрөшөсүңбү?" деп таң калышат. Балбан Сезим Жуманазарованын видеобаяны
Sputnik Кыргызстан
Сезим Жуманазарова — Кыргызстандагы жаш, көптү үмүттөндүргөн балбан кыздардын бири. Көпчүлүктү суктанткан ажарлуу спортчу Sputnik Кыргызстан агенттигинин... 15.10.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-10-15T16:22+0600
2021-10-15T16:22+0600
2021-12-16T14:00+0600
жаңылыктар
кыргызстан
коом
спорт
видео
мультимедиа
балбан
мээрим жуманазарова
маек
сезим жуманазарова
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/0f/1054235907_0:0:1920:1080_1920x0_80_0_0_3885b4dbbeca910892766104bd36363a.jpg
Белгилей кетсек, балбан ушул жылдын сентябрь айында Уфада өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган. Сезим — дүйнө чемпиону, Токиодогу Олимпиадада коло медаль уткан Мээрим Жуманазарованын бир тууган сиңдиси. Сезим Жуманазарова маек учурунда кантип күрөшкө келип калганын, эжеси менен атасы аны спортко кантип шыктандырганын, спортту канчалык жакшы көрөрүн айтып берди.Сезим Жуманазарова сегиз бир тууган. Атасы Рахмадил Жуманазаров күрөш боюнча машыктыруучусу болсо, апасы лаборант. Үй-бүлөсүнөн Мээрим, Сезим жана Бегимай аттуу сиңдиси күрөш менен алектенишет. Балбан кыз бош убакытта ар кандай таттуу-тарапа, торт жасаарын жакшы көрөрүн айтып, мотивация берген китептерге кызыгарын белгиледи.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/0f/1054235907_172:0:1612:1080_1920x0_80_0_0_b9b82d1567e9f603ce2c66718e41d70f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, коом, спорт, видео, мультимедиа, балбан, мээрим жуманазарова, маек, сезим жуманазарова
жаңылыктар, кыргызстан, коом, спорт, видео, мультимедиа, балбан, мээрим жуманазарова, маек, сезим жуманазарова
"Сен күрөшөсүңбү?" деп таң калышат. Балбан Сезим Жуманазарованын видеобаяны
16:22 15.10.2021 (Жаңыртылды: 14:00 16.12.2021) Сезим Жуманазарова — Кыргызстандагы жаш, көптү үмүттөндүргөн балбан кыздардын бири. Көпчүлүктү суктанткан ажарлуу спортчу Sputnik Кыргызстан агенттигинин коногу болду.
Белгилей кетсек, балбан ушул жылдын сентябрь айында Уфада өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган. Сезим — дүйнө чемпиону, Токиодогу Олимпиадада коло медаль уткан Мээрим Жуманазарованын бир тууган сиңдиси.
Сезим Жуманазарова маек учурунда кантип күрөшкө келип калганын, эжеси менен атасы аны спортко кантип шыктандырганын, спортту канчалык жакшы көрөрүн айтып берди.
"Күрөшкө 9 жашымда эле атам менен Мээрим эжемдин артынан келип калгам. Алар залга барса артынан ээрчип алчумун. Ошентип жүрүп эле кызыгып кеттим. Анан чоң мелдештерге чыгып, күрөштүн даамын сезе баштагандан кийин спорт меники экенин түшүндүм. Айылда башында көп эле кыз күрөшкө барып жүрдү, бирок элдин кеп-сөзүнөн улам көбү таштап салды. Ошол маалда залда Мээрим эжем менен Айпери Медет кызы эле калган учурлар болду. Бирок атам "элдин оюна көңүл бурбай койгон максатыңарга жеткиле" деп айтчу", — деди Жуманазарова.
Сезим Жуманазарова сегиз бир тууган. Атасы Рахмадил Жуманазаров күрөш боюнча машыктыруучусу болсо, апасы лаборант. Үй-бүлөсүнөн Мээрим, Сезим жана Бегимай аттуу сиңдиси күрөш менен алектенишет. Балбан кыз бош убакытта ар кандай таттуу-тарапа, торт жасаарын жакшы көрөрүн айтып, мотивация берген китептерге кызыгарын белгиледи.