Бишкектин тургуну бионикалык протез жасоо үчүн өз колу менен 3D-принтер чогултту

Жазылуу
Салтанат Алиева чет элдик компаниялар тарабынан сунушталган 3D-принтерлер өтө кымбат болгондуктан тетиктерди өзү сатып алып жасап көрүүнү чечкен

Програмист Салтанат Алиева бионикалык протездерди жасоо үчүн өз колу менен 3D-принтерди чогултканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Алиева АКШдагы Кремний өрөөнүнө барып, 3D технологиялары менен таанышкандан кийин бул тармакка кызыгуусу арткан. Учурда сатылып жаткан принтерлер өтө кымбат болгондуктан тетиктерди сатып алып, өзү курап чыгууну чечкен.

"Үч ай бою ушул теманы иликтеп, окудум. Андан кийин тетиктерди Америкадан алдыра баштадым. Убакыттын өтүшү менен ката кетиргенимди билдим. Кытайдан алдырганда арзан болмок экен. Принтерге 43 миң сом короттум, бирок 20 миң сомго деле жасай алмак экем. Эми канча сом кетерин так билем", — деди Алиева.

Ал принтерди чогулткандан кийин жасалган нерселердин тактыгын жана ылдамдыгын арттыруу үчүн дагы үч ай убакыт короткон. Алиева өз колу менен жасаган принтер заводдо жасалгандардан эч кем калбай турганын айтат.

Дүйнөдө биринчи жолу 3D-принтерден чыккан кабыргалар адамга салынды
Бүгүнкү күнү ал кол менен буттун протездерин басып чыгарууда. Келечекте "башка керектүү нерселерди жасайм" деп план коюда.

"Бул тармакка жаңы гана кадамдарды жасап жатам. Жасап жаткан нерсем тууралуу Facebook баракчасына жазганда көп кишилер "протездерди качан сатып алса болот" деп сурай башташты. Жакынкы аралыкта бионикалык нерселерди Кыргызстандан да сатып алуугу мүмкүнчүлүк түзүлөт деп ишенем", — деди ал.

Бишкек шаарынын тургуну 3D-технологиясын өздөштүрүүгө программа жазуу боюнча баштапкы билими аябай жардам бергенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0