Дүйнө чемпиону аталган Айперинин айыгышкан кармашуусу. Видео

Жазылуу
Кыргызстандык Айпери Медет кызы кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпиону аталды.

Таймаш 1-августтан бери Финляндияда өтүп жатат. Ал 6-августта аяктайт.

Айпери Медет кызы 72 килограммдык категорияда ат салышкан. 1/8 финалда Швециялык спортчу Сабина Макота Строемди 6:4 эсебинде жеңип алды.

Чемпионат Кыргызстана по греко-римской борьбе - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык балбан дүйнө чемпионатында коло тагынды
Чейрек финалда итальялык Елени Пьоллайга жеңилүү ызасын тарттырган. Таймаш эсеби 8:0 менен аяктаган.

Жарым финалда Айпери 26 секунда ичинде 10 упай топтоп, жеңишти өзүнө жакындатты. Атаандашы россиялык Кристина Шумова болду.

Ал эми тагдыр чечкен башкы кармашта кыргызстандык кыз япониялык Ясуху Мацуюкини 8:6 эсебинде жеңди.

Бул Кыргызстандын үчүнчү медалы. Буга чейин өлкөнүн медаль куржунун Акбар Кенжебек уулу жана Мээрим Жуманазарова эки коло менен толтурган.

Жаңылыктар түрмөгү
0