https://sputnik.kg/20260514/1101317487.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жыйыны башталды. Иш-чарага... 14.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-14T13:00+0600
2026-05-14T13:00+0600
2026-05-14T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0e/1101317321_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_fa58c71e9dd1689ce82120ff2a2996a0.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жыйыны башталды. Иш-чарага Кыргызстан, Россия, Казакстан, Индия, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан жана Иран өлкөлөрүнүн Коопсуздук кеңештеринин жетекчилери катышууда. Жыйында террорчулукка жана экстремизмге, курал-жарак менен баңгизат аткезичилигине, адам сатууга жана башка кылмыштарга каршы күрөшүү жаатындагы кызматташуу талкууланат.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов баштаган кыргыз делегациясы КМШ өлкөлөрүнүн криминалдык блогунун жетекчилеринин кеңешмесине катышты. ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, жыйында трансулуттук кылмыштуулукка жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү маселелери талкууланды. Кеңешменин жүрүшүндө кыргыз тарап өлкөдөгү баңгизат боюнча абалдын учурдагы тенденциялары тууралуу маалымат берип, синтетикалык баңгизаттардын жайылышына, ошондой эле баңгизат кылмыштарында интернет-платформаларды жана криптовалюталарды колдонууга байланышкан коркунучтар күчөп жатканын белгиледи. Жыйындын катышуучулары эл аралык кызматташтыкты чыңдоо, ыкчам маалымат алмашуу жана уюшкан баңгизат кылмыштуулугуна каршы күрөшүүдө заманбап технологияларды колдонуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар КМШ алкагында кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө даяр экенин ырасташты.
Азыркы геосаясий шартта Евразиядагы темир жол, автоунаа жана аба каттамдарынын мааниси өсүп жатат. Бул тууралуу ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, алдыдагы Евразия экономикалык форумунда бизнес-өкүлдөр жана эл аралык уюмдар менен жүк жеткирүү мөөнөтүн кыскартуу, транспорттук компаниялардын чыгымын азайтуу маселеси талкууланат. 28-29-майда Астанада өтө турган V Евразиялык экономикалык форумга даярдык жыйынтыктоочу баскычка чыкты. Иш-чарага эки миңден ашуун чакыруу жөнөтүлгөн. Ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн, байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрү, ошондой эле АКШ, Кытай, Азербайжан, Вьетнам, Египет жана башка өлкөлөрдөн келген делегаттар катышат. Мындан тышкары, БУУнун бир катар түзүмдөрүнүн, Дүйнөлүк соода уюмунун, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын жетекчилери да катышары күтүлүүдө. Кеңешменин алкагында 12 интеграциялык документке: меморандумдарга, келишимдерге жана кызматташуу пландарына кол коюу пландалган.
Россия менен чыры бүткөн соң Украина 20 жылда араң калыбына келет. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Fox News телеканалына маек куруп жатып айтты. Саясатчы америкалык президент Дональд Трамп мурдагысындай эле Россия менен Украина жаңжалын бүтүрүүгө кызыкдар экенин белгилеген. Буга чейин Трамп Киев режиминин жетекчиси Владимир Зеленскийдин абалды жөнгө салуу боюнча макулдашууга келүүдөн баш тартканына таң калганын билдирген. Ак үй башчысынын айтымында, "Путинге караганда Зеленский менен эпке келүү кыйла татаал". Москва өз кезегинде Россия менен АКШ президенттеринин макулдашуусунун негизинде кырдаалдан чыгуу жолдорун издөөгө даяр экенин билдирген.
Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жыйыны башталды. Иш-чарага Кыргызстан, Россия, Казакстан, Индия, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан жана Иран өлкөлөрүнүн Коопсуздук кеңештеринин жетекчилери катышууда. Жыйында террорчулукка жана экстремизмге, курал-жарак менен баңгизат аткезичилигине, адам сатууга жана башка кылмыштарга каршы күрөшүү жаатындагы кызматташуу талкууланат. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов баштаган кыргыз делегациясы КМШ өлкөлөрүнүн криминалдык блогунун жетекчилеринин кеңешмесине катышты. ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, жыйында трансулуттук кылмыштуулукка жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү маселелери талкууланды. Кеңешменин жүрүшүндө кыргыз тарап өлкөдөгү баңгизат боюнча абалдын учурдагы тенденциялары тууралуу маалымат берип, синтетикалык баңгизаттардын жайылышына, ошондой эле баңгизат кылмыштарында интернет-платформаларды жана криптовалюталарды колдонууга байланышкан коркунучтар күчөп жатканын белгиледи. Жыйындын катышуучулары эл аралык кызматташтыкты чыңдоо, ыкчам маалымат алмашуу жана уюшкан баңгизат кылмыштуулугуна каршы күрөшүүдө заманбап технологияларды колдонуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар КМШ алкагында кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө даяр экенин ырасташты.Азыркы геосаясий шартта Евразиядагы темир жол, автоунаа жана аба каттамдарынын мааниси өсүп жатат. Бул тууралуу ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, алдыдагы Евразия экономикалык форумунда бизнес-өкүлдөр жана эл аралык уюмдар менен жүк жеткирүү мөөнөтүн кыскартуу, транспорттук компаниялардын чыгымын азайтуу маселеси талкууланат. 28-29-майда Астанада өтө турган V Евразиялык экономикалык форумга даярдык жыйынтыктоочу баскычка чыкты. Иш-чарага эки миңден ашуун чакыруу жөнөтүлгөн. Ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн, байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрү, ошондой эле АКШ, Кытай, Азербайжан, Вьетнам, Египет жана башка өлкөлөрдөн келген делегаттар катышат. Мындан тышкары, БУУнун бир катар түзүмдөрүнүн, Дүйнөлүк соода уюмунун, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын жетекчилери да катышары күтүлүүдө. Кеңешменин алкагында 12 интеграциялык документке: меморандумдарга, келишимдерге жана кызматташуу пландарына кол коюу пландалган.Россия менен чыры бүткөн соң Украина 20 жылда араң калыбына келет. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Fox News телеканалына маек куруп жатып айтты. Саясатчы америкалык президент Дональд Трамп мурдагысындай эле Россия менен Украина жаңжалын бүтүрүүгө кызыкдар экенин белгилеген. Буга чейин Трамп Киев режиминин жетекчиси Владимир Зеленскийдин абалды жөнгө салуу боюнча макулдашууга келүүдөн баш тартканына таң калганын билдирген. Ак үй башчысынын айтымында, "Путинге караганда Зеленский менен эпке келүү кыйла татаал". Москва өз кезегинде Россия менен АКШ президенттеринин макулдашуусунун негизинде кырдаалдан чыгуу жолдорун издөөгө даяр экенин билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0e/1101317321_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b4dc2e9c6a611614c9197f4dfece484d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио