https://sputnik.kg/20260515/1101337516.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров бүгүн иш сапар менен Казакстанга барды. Бул туурасында анын маалымат кызматынан кабарлашты. Президент ал жакта өтө турган Түрк... 15.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-15T13:00+0600
2026-05-15T13:00+0600
2026-05-15T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0f/1101337350_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9d14679ed3475e20197ddf1d3e2f4a28.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров бүгүн иш сапар менен Казакстанга барды. Бул туурасында анын маалымат кызматынан кабарлашты. Президент ал жакта өтө турган Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин бейформал саммитине катышат.Жапаровду аба майдандан коңшу өлкөнүн мамлекеттик катчысы Ерлан Карин жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Саммитке ТМУга мүчө мамлекеттер: Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын лидерлери, ошондой эле ТМУга байкоочу мамлекеттердин башчылары жана уюмдун башкы катчысы бармакчы."Жасалма акыл жана санариптик өнүгүү" темасына арналган иш-чара болот. Анда президент Жапаров Кыргызстандын санариптик трансформацияны мыйзамдык жөнгө салуу, мамлекеттик санариптик платформаларды жана жарандарды электрондук тейлөө кызматтарын киргизүү, ошондой эле санариптик билим берүүнү өнүктүрүү тажрыйбасы менен тааныштырат", — дешти маалымат кызматтан.Өзгөчө көңүл ТМУ алкагындагы биргелешкен долбоорго бурулмакчы. Анын ичинде санариптик транспорттук коридорду түзүү, эл аралык жүк ташуулар үчүн электрондук документтерди киргизүү, ошондой эле санариптик экономика жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү бар. Маалымат кызматынан бул саммит түрк мамлекеттеринин ортосундагы жасалма интеллект жана санариптик технологиялар тармагындагы кызматташууну бекемдөөнүн маанилүү этабы болуп каларын айтышты.
Канатбек Абдрахматов Улуттук илимдер академиясынын президенттигинен бошотулганын президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Анткен менен Сейсмология институтунун директорлук кызматында калган-калбаганы так айтылган эмес. Сейсмолог Илимдер академиясынын президенттигине мындан төрт жыл мурда, тагыраагы, 2022-жылдын ноябрында, дайындалган. Анын ордуна биология илимдеринин доктору, Биология жана кыртыш институтун жетектеп келген 65 жаштагы Бекмамат Жээнбаев дайындалды.
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Адал индустриясын өнүктүрүү" борборунун өкүлдөрү жана ата мекендик өндүрүшчүлөр Казань шаарында өтүп жаткан Russia Halal Expo эл аралык көргөзмөсүнө катышууда. Кыргызстандын бул иш-чарага катышуусу ислам дүйнөсү менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ата мекендик продукцияны эл аралык рынокко чыгарууга жана бизнес байланыштарды кеңейтүүгө багытталган."Бул форум продукцияларыбызды тааныштырууга, тажрыйба алмашууга жана эл аралык өнөктөштөрдү табууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Биздин өндүрүшчүлөр эл аралык адал стандарттарына жооп берген экологиялык таза продукцияларды сунушташты", - деди "Адал индустриясын өнүктүрүү" борборунун өкүлү Кадырбердиев. Ошондой эле көргөзмөдө кыргыз боз үйү, шырдактар жана кол өнөрчүлүк буюмдары чет элдик коноктордун өзгөчө кызыгуусун жаратууда.
АКШнын Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) башчысы Брэд Купер Ирандагы кыздар мектебин бомбалоо жай тургундардын өлүмүнө алып келген АКШнын жалгыз соккусу болушу мүмкүндүгүн айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Бейшемби күнү адмирал Сенаттагы угууда чыгып сүйлөп, ага Ирандагы башка мектептерге жана ооруканаларга жасалган чабуулдардагы жоготуулар жана келген зыян боюнча да суроолор берилди. Басылма сенаторлор анын сөздөрүнө күмөн менен карашканын жазды.Белгилей кетсек, АКШ жана Израиль 28-февралда Иран аймагындагы объектилерине чабуул жасай баштаган. Чыр-чатактын биринчи күнүндө эле Минаб районундагы кыздар мектеби чабуулга кабылган. Анда 168 окуучу кыз, ошондой эле 14 мугалим жана башка кызматкерлер көз жумганы айтылган.Жалпысынан АКШ Куралдуу күчтөрү Иранга болжол менен 13,6 миң сокку урганы кабарланган.
Президент Садыр Жапаров бүгүн иш сапар менен Казакстанга барды. Бул туурасында анын маалымат кызматынан кабарлашты. Президент ал жакта өтө турган Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин бейформал саммитине катышат.Жапаровду аба майдандан коңшу өлкөнүн мамлекеттик катчысы Ерлан Карин жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Саммитке ТМУга мүчө мамлекеттер: Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын лидерлери, ошондой эле ТМУга байкоочу мамлекеттердин башчылары жана уюмдун башкы катчысы бармакчы."Жасалма акыл жана санариптик өнүгүү" темасына арналган иш-чара болот. Анда президент Жапаров Кыргызстандын санариптик трансформацияны мыйзамдык жөнгө салуу, мамлекеттик санариптик платформаларды жана жарандарды электрондук тейлөө кызматтарын киргизүү, ошондой эле санариптик билим берүүнү өнүктүрүү тажрыйбасы менен тааныштырат", — дешти маалымат кызматтан.Өзгөчө көңүл ТМУ алкагындагы биргелешкен долбоорго бурулмакчы. Анын ичинде санариптик транспорттук коридорду түзүү, эл аралык жүк ташуулар үчүн электрондук документтерди киргизүү, ошондой эле санариптик экономика жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү бар. Маалымат кызматынан бул саммит түрк мамлекеттеринин ортосундагы жасалма интеллект жана санариптик технологиялар тармагындагы кызматташууну бекемдөөнүн маанилүү этабы болуп каларын айтышты.Канатбек Абдрахматов Улуттук илимдер академиясынын президенттигинен бошотулганын президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Анткен менен Сейсмология институтунун директорлук кызматында калган-калбаганы так айтылган эмес. Сейсмолог Илимдер академиясынын президенттигине мындан төрт жыл мурда, тагыраагы, 2022-жылдын ноябрында, дайындалган. Анын ордуна биология илимдеринин доктору, Биология жана кыртыш институтун жетектеп келген 65 жаштагы Бекмамат Жээнбаев дайындалды.Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Адал индустриясын өнүктүрүү" борборунун өкүлдөрү жана ата мекендик өндүрүшчүлөр Казань шаарында өтүп жаткан Russia Halal Expo эл аралык көргөзмөсүнө катышууда. Кыргызстандын бул иш-чарага катышуусу ислам дүйнөсү менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ата мекендик продукцияны эл аралык рынокко чыгарууга жана бизнес байланыштарды кеңейтүүгө багытталган."Бул форум продукцияларыбызды тааныштырууга, тажрыйба алмашууга жана эл аралык өнөктөштөрдү табууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Биздин өндүрүшчүлөр эл аралык адал стандарттарына жооп берген экологиялык таза продукцияларды сунушташты", - деди "Адал индустриясын өнүктүрүү" борборунун өкүлү Кадырбердиев. Ошондой эле көргөзмөдө кыргыз боз үйү, шырдактар жана кол өнөрчүлүк буюмдары чет элдик коноктордун өзгөчө кызыгуусун жаратууда.АКШнын Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) башчысы Брэд Купер Ирандагы кыздар мектебин бомбалоо жай тургундардын өлүмүнө алып келген АКШнын жалгыз соккусу болушу мүмкүндүгүн айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Бейшемби күнү адмирал Сенаттагы угууда чыгып сүйлөп, ага Ирандагы башка мектептерге жана ооруканаларга жасалган чабуулдардагы жоготуулар жана келген зыян боюнча да суроолор берилди. Басылма сенаторлор анын сөздөрүнө күмөн менен карашканын жазды.Белгилей кетсек, АКШ жана Израиль 28-февралда Иран аймагындагы объектилерине чабуул жасай баштаган. Чыр-чатактын биринчи күнүндө эле Минаб районундагы кыздар мектеби чабуулга кабылган. Анда 168 окуучу кыз, ошондой эле 14 мугалим жана башка кызматкерлер көз жумганы айтылган.Жалпысынан АКШ Куралдуу күчтөрү Иранга болжол менен 13,6 миң сокку урганы кабарланган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0f/1101337350_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_904808c6d5b171873be485e7a4644378.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио