00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Тышкы туризм жана эл аралык байланыштар: кыргызстандыктар көбүнчө кайсы өлкөлөргө чыгууда?
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Социалдык тармактарда башка адамдын паспортун жарыялоо үчүн 7 500 сом өлчөмүндө айып пул каралган. Бул тууралуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кутман Мамыров Жогорку Кеңеште билдирди. Ал паспорттогу маалыматтарды ээсинин уруксаты жок жарыялоо мыйзам бузуу экенин эскертти. "Эгер жаран өзүнүн паспорттук маалыматтарын өзү жарыяласа, анда ал маалымат ачык болуп эсептелип, мыйзам бузулбайт", — деп тактады Мамыров. Депутат Элвира Сурабалдиева башка адамдын паспорттук маалыматтарын анын ээсин табуу максатында жарыялоо мыйзам бузуу болуп эсептелеби деп суроо салган. "Ооба, мыйзам бузуу болуп эсептелет. Мындай кылбаш керек, буга да айып пул каралган", — деп жооп берди мамлекеттик агенттиктин башчысы.
Азыркы геосаясий шартта Евразиядагы темир жол, автоунаа жана аба каттамдарынын мааниси өсүп жатат. Бул тууралуу ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, алдыдагы Евразия экономикалык форумунда бизнес-өкүлдөр жана эл аралык уюмдар менен жүк жеткирүү мөөнөтүн кыскартуу, транспорттук компаниялардын чыгымын азайтуу маселеси талкууланат. 28-29-майда Астанада өтө турган V Евразиялык экономикалык форумга даярдык жыйынтыктоочу баскычка чыкты. Иш-чарага эки миңден ашуун чакыруу жөнөтүлгөн. Ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн, байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрү, ошондой эле АКШ, Кытай, Азербайжан, Вьетнам, Египет жана башка өлкөлөрдөн келген делегаттар катышат. Мындан тышкары, БУУнун бир катар түзүмдөрүнүн, Дүйнөлүк соода уюмунун, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын жетекчилери да катышары күтүлүүдө.
Бишкек шаарында 11-майдан тарта алты көрүстөндө маркумдарды жерге берүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады. Чечим санитардык жана экологиялык талаптарды сактоо, ошондой эле мүрзөлөрдө бош жердин жоктугуна байланыштуу кабыл алынган. Бул чаралар Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун корутундусунун негизинде киргизилди. Сөөк коюуга тыюу салынган көрүстөндөр төмөнкү даректерде: Ыбырайым Абдрахманов жана Абдрашит Бердибаев көчөлөрүнүн кесилишинде; Эне-Сай конушундагы Орхон жана Энесай 11 көчөлөрүнүн кесилишинде; Көк-Жар конушундагы Фёдор Достоевский жана Арстанбап көчөлөрүнүн кесилишинде; Орто-Сай аймагындагы Мамбет Иманалиев көчөсүндө; Лермонтов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишинде; Төмөнкү Ала-Арча айылында Кыргыз көчөсү менен Түндүк айланма жолунун кесилишинде. Бишкек мэриясы элди киргизилген чектөөлөрдү эске алууга чакырып, жаңы көмүү үчүн бөлүнгөн мүрзөлөр боюнча маалымат алуу үчүн тиешелүү муниципалдык ишканага кайрылууну сунуштады.
Жаңылыктар түрмөгү
0