https://sputnik.kg/20260514/1101329062.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Бейтаптардын арыздарынан кийин Адылбек Касымалиев онкология борборуна барды. Минкаб төрагасы оорукананы күтүүсүз текшерип, узун кезек, кабыл алуунун начар... 14.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-14T19:00+0600
2026-05-14T19:00+0600
2026-05-14T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0e/1101328896_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_788b84ad30fdc4e68639d5b99030de5c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Бейтаптардын арыздарынан кийин Адылбек Касымалиев онкология борборуна барды. Минкаб төрагасы оорукананы күтүүсүз текшерип, узун кезек, кабыл алуунун начар уюштурулушу жана бейтаптар үчүн шарттардын жоктугун аныктады. Өкмөт башчы жооптуу жетекчилерди сынга алып, онкологиялык бейтаптар мындай шартта дарыланбашы керек экенин белгиледи. “Онкология борборуна келген ар бир адамдын жаны кейип жана эмоционалдык оор абалда болот. Мамлекет сапаттуу медициналык жардамды жана өз убагында дарылоону камсыз кылууга милдеттүү”, — деди Касымалиев. Жыйынтыгында министрликке жана борбордун жетекчилигине башкарууну жакшыртуу, керектүү жабдууларды сатып алуу, кызматкерлердин санын көбөйтүү жана кошумча кабыл ала турган жайларды түзүүгө тапшырма берди.
Батыштын айрым банктарды жабуу талабы Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүү экенин Банктар союзунун президенти Анвар Абдраев айтты. Ал лицензияны чакыртып алуу укугу Улуттук банк сыяктуу жөнгө салуучу органда гана бар экенин эске салды. Мындай талап санкцияларды аткарууга байланыштуу болсо да туура эмес экенин баса белгиледи. "Эгерде кандайдыр бир санкциялык же санкциялык эмес чараларды аткарсын деген талаптар буга негиз болуп жатса, анда бул такыр туура эмес деп эсептейм. Мындай нерселерди кайсы тарап талап кылбасын, баары бир туура эмес", — деди Абдраев. Ал муну менен катар эле Кыргызстанда чакан банктын жабылышы да олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин түшүндүрдү. "Бул жерде сөз банк эсептериндеги миллиондогон эмес, миллиарддаган сомдор тууралуу жүрүп жатат. Банктар ортосундагы байланыштар бузулуп, каржы системасында көйгөйлөр жаралат", — деп кошумчалады ал.
Кризистик кырдаалдарда өз ара жардам берүү механизмдерин иштеп чыгуу зарыл. Бул тууралуу РФ Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу Бишкектеги жыйында айтты. Ал өз милдеттерин аткарбай жаткан эл аралык уюмдар да бар экенин белгиледи. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасын мисал келтирип, Перс булуңундагы окуялар маалында бул уюм биринчи болуп реакция кылууга милдетүү болгонун билдирди. Шойгу жер семирткичтерди жеткирүүдөгү көйгөйлөр азык-түлүктүн ири көлөмдө өндүрүлбөй калышын шарттап, натыйжада ачарчылык күчөшү мүмкүн экенин кошумчалады. "Ошондуктан ШКУ, БРИКС жана башка уюмдардын алкагында мүчө мамлекеттерге мындай кырдаалдардан чыгууга жардам бере турган кошумча механизмдерди карап чыгууну сунуштайбыз", — деди ал журналисттерге. Белгилей кетсек, дүйнөдөгү деңиз аркылуу ташылган жер семирткичтердин 30 пайызга чейинки бөлүгү Ормуз кысыгы аркылуу өтөт.
Нарын районунда кийик аткандар 300 миң сомдук айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалымдалгандай, кызматкерлер браконьерлер текени жиликтеп жатканда үстүнөн чыгышкан. Алардын аңчылык кылган мылтыгы жана союлган жаныбардын эти алынган. Тиешелүү материалдар милицияга жөнөтүлгөн. Министрлик жапайы жаныбарларды, жаратылышты сактоого, аларга аяр мамиле жасоого чакырып, мыйзамга баш ийбегендер жоопкерчиликке тартыларын эскертти.
Бейтаптардын арыздарынан кийин Адылбек Касымалиев онкология борборуна барды. Минкаб төрагасы оорукананы күтүүсүз текшерип, узун кезек, кабыл алуунун начар уюштурулушу жана бейтаптар үчүн шарттардын жоктугун аныктады. Өкмөт башчы жооптуу жетекчилерди сынга алып, онкологиялык бейтаптар мындай шартта дарыланбашы керек экенин белгиледи. “Онкология борборуна келген ар бир адамдын жаны кейип жана эмоционалдык оор абалда болот. Мамлекет сапаттуу медициналык жардамды жана өз убагында дарылоону камсыз кылууга милдеттүү”, — деди Касымалиев. Жыйынтыгында министрликке жана борбордун жетекчилигине башкарууну жакшыртуу, керектүү жабдууларды сатып алуу, кызматкерлердин санын көбөйтүү жана кошумча кабыл ала турган жайларды түзүүгө тапшырма берди. Батыштын айрым банктарды жабуу талабы Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүү экенин Банктар союзунун президенти Анвар Абдраев айтты. Ал лицензияны чакыртып алуу укугу Улуттук банк сыяктуу жөнгө салуучу органда гана бар экенин эске салды. Мындай талап санкцияларды аткарууга байланыштуу болсо да туура эмес экенин баса белгиледи. "Эгерде кандайдыр бир санкциялык же санкциялык эмес чараларды аткарсын деген талаптар буга негиз болуп жатса, анда бул такыр туура эмес деп эсептейм. Мындай нерселерди кайсы тарап талап кылбасын, баары бир туура эмес", — деди Абдраев. Ал муну менен катар эле Кыргызстанда чакан банктын жабылышы да олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин түшүндүрдү. "Бул жерде сөз банк эсептериндеги миллиондогон эмес, миллиарддаган сомдор тууралуу жүрүп жатат. Банктар ортосундагы байланыштар бузулуп, каржы системасында көйгөйлөр жаралат", — деп кошумчалады ал.Кризистик кырдаалдарда өз ара жардам берүү механизмдерин иштеп чыгуу зарыл. Бул тууралуу РФ Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу Бишкектеги жыйында айтты. Ал өз милдеттерин аткарбай жаткан эл аралык уюмдар да бар экенин белгиледи. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасын мисал келтирип, Перс булуңундагы окуялар маалында бул уюм биринчи болуп реакция кылууга милдетүү болгонун билдирди. Шойгу жер семирткичтерди жеткирүүдөгү көйгөйлөр азык-түлүктүн ири көлөмдө өндүрүлбөй калышын шарттап, натыйжада ачарчылык күчөшү мүмкүн экенин кошумчалады. "Ошондуктан ШКУ, БРИКС жана башка уюмдардын алкагында мүчө мамлекеттерге мындай кырдаалдардан чыгууга жардам бере турган кошумча механизмдерди карап чыгууну сунуштайбыз", — деди ал журналисттерге. Белгилей кетсек, дүйнөдөгү деңиз аркылуу ташылган жер семирткичтердин 30 пайызга чейинки бөлүгү Ормуз кысыгы аркылуу өтөт.Нарын районунда кийик аткандар 300 миң сомдук айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалымдалгандай, кызматкерлер браконьерлер текени жиликтеп жатканда үстүнөн чыгышкан. Алардын аңчылык кылган мылтыгы жана союлган жаныбардын эти алынган. Тиешелүү материалдар милицияга жөнөтүлгөн. Министрлик жапайы жаныбарларды, жаратылышты сактоого, аларга аяр мамиле жасоого чакырып, мыйзамга баш ийбегендер жоопкерчиликке тартыларын эскертти.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0e/1101328896_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_81fa39819f8416aecfa5d8a6e65f10f3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио