00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Тышкы туризм жана эл аралык байланыштар: кыргызстандыктар көбүнчө кайсы өлкөлөргө чыгууда?
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Как живут дети, чьи родители уехали на заработки за границу
12:09
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстан төрагалык кылган жыл: ШКУ дүйнөлүк таасирин кантип күчөтүүдө?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что такое социализм и почему эта идея не уходит из политической повестки - беседа о социуме
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиялык маркетплейстерде "Кыргызстанда жасалган" бөлүмү ачылат. Электрондук соода тармагында өлкө үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр ачылууда?
15:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Казань шаарына болгон иш сапарынын алкагында "Россия — Ислам дүйнөсү: KazanForum 2026" эл аралык экономикалык форумунун аянтчасында Татарстандын раиси Рустам Минниханов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашып, кыргыз-татарстандык мамилелердин өнүгүүсүнүн жогорку динамикасын белгилешти. Данияр Амангелдиев Кыргызстан аймактар аралык байланыштарды кеңейтүүгө чоң маани берерин жана Татарстанды алдыңкы экономикалык өнөктөштөрдүн бири катары көрөрүн белгиледи. Сүйлөшүүнүн өзгөчө пункту болуп татарстандык тарапты алдыдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, ошондой эле ушул жылдын июнь айында Чолпон-Ата шаарында өтө турган Ысык-Көл эл аралык форумуна чакыруу болду. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Татарстандын делегациясынын жана спортчуларынын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусу эки элдин маданиятынын жана каада-салттарынын жакындыгынын ачык далили болорун баса белгиледи. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар туристтик тармактагы кызматташууну кеңири талкуулашты. Тоо лыжа туризмин өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалды. Кыргызстандын бай жаратылыш потенциалын жана Татарстандын заманбап туристтик инфраструктураны түзүүдөгү тажрыйбасын эске алуу менен, маектештер бул багытта тажрыйба алмашуу боюнча идеялары менен бөлүштү.
Өзгөчө коркунучтуу инфекцияларга, анын ичинде хантавируска шектелген учурларга жооп кайтаруу боюнча өлкөдө штабдык машыгуу болуп өткөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. Анын алкагында мекемелер аралык байланыш, шашылыш маалыматтарды жеткирүү жана кабарлоо алгоритмдери, ошондой эле өзгөчө кооптуу инфекция аныкталган учурда коомдук саламаттыкты сактоо кызматтарынын иш-аракеттери текшерилген. "Медициналык мекемелердин бейтаптарды обочолонтууга жана ооруканага жаткырууга даярдыгына, байланышта болгон адамдар менен иш алып барууга, биологиялык коопсуздук чараларын сактоого, лабораториялык диагностикага, кызматкерлерди жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоого жана калкты өз убагында маалымдоого өзгөчө көңүл бурулду", — деп маалыматта айтылат. Бул иш-чарага жер-жерлердеги министрликке тиешелүү мекемелерден сырткары "Манас" аэропортунун санитардык-карантиндик пунктундагылар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да катышкан. Министрлик буга чейин хантавирустун Кыргызстанга келүү кооптуулугу төмөн экенин билдирген.
АКШнын президенти Дональд Трамп Америка Ирандын өзөктүк жайларына кайрадан сокку урушу мүмкүн экенин айтып, ал аркылуу уранга ээ болууну толук токтотууну көздөөрүн билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Мен Иранга эгер ал жакка аскер жөнөтүп, уранды чыгарып кетүүгө аракеттенишсе же кимдир бирөө ушундай кылууга далалат кылып жатканын көрсөк, анда ал жерге дагы бир нече бомба таштайбыз, ошондо бардыгы бүтөрүн айттым", — деген Трамп Fox News телеканалына берген маегинде. Ак үйдүн кожоюну ошондой эле Вашингтон Ирандын америкалык соккуларга кабылган өзөктүк объектилерин күнү-түнү көзөмөлдөп жатканын кошумчалады. 2025-жылдын июнь айында АКШ "Түнкү барскан" операциясынын алкагында Ирандын өзөктүк жайларына сокку урган. Иран менен кепке келүү үчүн АКШ өзөктүк ресурстарды өткөрүп берүүнү жана атомдук курал боюнча амбицияларынан баш тартууну талап кылууда, Тегеран муну четке кагып келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0