https://sputnik.kg/20260514/1101325362.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков ШКУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү эмне бүтүмгө келишкенин жарялады. Уюм башка мамлекеттерге жана аймактарга... 14.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-14T17:00+0600
2026-05-14T17:00+0600
2026-05-14T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0e/1101325195_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_ee59b5171ff40cf1b3059fb06478e793.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков ШКУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү эмне бүтүмгө келишкенин жарялады. Уюм башка мамлекеттерге жана аймактарга каршы багытталган союз эмес, кеңири кызматташууга ачык; Тараптар Жакынкы Чыгышта күч колдонууга жол берилбеши керек деген бекем позицияда; Афганстан суверендүү, бейтарап жана тынч мамлекет болуп калыптанышын, террордук коркунучтардан, согуштан жана баңгизаттан толук арылышын колдойт; ШКУнун Регионалдык антитеррордук түзүмүндөгү Кыргызстандын төрагалыгы жогору бааланды. Ошондой эле бул түзүмдү коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча универсалдуу борборго айландыруу маселеси талкууланды.
АКШ менен Израилдин Иранга жасаган кастыгы — Батыштын геосаясий оюнунун үлгүсү. Бул тууралуу РФ Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу Бишкекте өтүп жаткан жыйында билдирди. Ал АКШ менен Израилдин чабуулу Ирандын өзөктүк программасынын тегерегиндеги абалды жөнгө салуу боюнча жылдап жасалган аракетти текке кетирип, Иран менен араб өлкөлөрүнүн алакасын оңоого кедергисин тийгизгенин белгилеген. "ШКУ жалпы кызыкчылыгыбызга доо кетирчү кризистерге токтоосуз реакция жасашы керек. Мамлекеттерибиздин потенциалы ШКУну дүйнөлүк тартиптин бир тирөөчү жана Евразиядагы коопсуздук архитектурасынын маанилүү элементи деп кабылдоого мүмкүнчүлүк берет", — деди Шойгу.
Азыркы геосаясий шартта Евразиядагы темир жол, автоунаа жана аба каттамдарынын мааниси өсүп жатат. Бул тууралуу ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, алдыдагы Евразия экономикалык форумунда бизнес-өкүлдөр жана эл аралык уюмдар менен жүк жеткирүү мөөнөтүн кыскартуу, транспорттук компаниялардын чыгымын азайтуу маселеси талкууланат. 28-29-майда Астанада өтө турган V Евразиялык экономикалык форумга даярдык жыйынтыктоочу баскычка чыкты. Иш-чарага эки миңден ашуун чакыруу жөнөтүлгөн. Ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн, байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрү, ошондой эле АКШ, Кытай, Азербайжан, Вьетнам, Египет жана башка өлкөлөрдөн келген делегаттар катышат. Мындан тышкары, БУУнун бир катар түзүмдөрүнүн, Дүйнөлүк соода уюмунун, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын жетекчилери да катышары күтүлүүдө. Кеңешменин алкагында 12 интеграциялык документке: меморандумдарга, келишимдерге жана кызматташуу пландарына кол коюу пландалган.
Бишкек шаарында 11-майдан тарта алты көрүстөндө маркумдарды жерге берүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады. Чечим санитардык жана экологиялык талаптарды сактоо, ошондой эле мүрзөлөрдө бош жердин жоктугуна байланыштуу кабыл алынган. Бул чаралар Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун корутундусунун негизинде киргизилди. Сөөк коюуга тыюу салынган көрүстөндөр төмөнкү даректерде: Ыбырайым Абдрахманов жана Абдрашит Бердибаев көчөлөрүнүн кесилишинде; Эне-Сай конушундагы Орхон жана Энесай 11 көчөлөрүнүн кесилишинде; Көк-Жар конушундагы Фёдор Достоевский жана Арстанбап көчөлөрүнүн кесилишинде; Орто-Сай аймагындагы Мамбет Иманалиев көчөсүндө; Лермонтов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишинде; Төмөнкү Ала-Арча айылында Кыргыз көчөсү менен Түндүк айланма жолунун кесилишинде. Бишкек мэриясы элди киргизилген чектөөлөрдү эске алууга чакырып, жаңы көмүү үчүн бөлүнгөн мүрзөлөр боюнча маалымат алуу үчүн тиешелүү муниципалдык ишканага кайрылууну сунуштады.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков ШКУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү эмне бүтүмгө келишкенин жарялады. Уюм башка мамлекеттерге жана аймактарга каршы багытталган союз эмес, кеңири кызматташууга ачык; Тараптар Жакынкы Чыгышта күч колдонууга жол берилбеши керек деген бекем позицияда; Афганстан суверендүү, бейтарап жана тынч мамлекет болуп калыптанышын, террордук коркунучтардан, согуштан жана баңгизаттан толук арылышын колдойт; ШКУнун Регионалдык антитеррордук түзүмүндөгү Кыргызстандын төрагалыгы жогору бааланды. Ошондой эле бул түзүмдү коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча универсалдуу борборго айландыруу маселеси талкууланды. АКШ менен Израилдин Иранга жасаган кастыгы — Батыштын геосаясий оюнунун үлгүсү. Бул тууралуу РФ Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу Бишкекте өтүп жаткан жыйында билдирди. Ал АКШ менен Израилдин чабуулу Ирандын өзөктүк программасынын тегерегиндеги абалды жөнгө салуу боюнча жылдап жасалган аракетти текке кетирип, Иран менен араб өлкөлөрүнүн алакасын оңоого кедергисин тийгизгенин белгилеген. "ШКУ жалпы кызыкчылыгыбызга доо кетирчү кризистерге токтоосуз реакция жасашы керек. Мамлекеттерибиздин потенциалы ШКУну дүйнөлүк тартиптин бир тирөөчү жана Евразиядагы коопсуздук архитектурасынын маанилүү элементи деп кабылдоого мүмкүнчүлүк берет", — деди Шойгу.Азыркы геосаясий шартта Евразиядагы темир жол, автоунаа жана аба каттамдарынын мааниси өсүп жатат. Бул тууралуу ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, алдыдагы Евразия экономикалык форумунда бизнес-өкүлдөр жана эл аралык уюмдар менен жүк жеткирүү мөөнөтүн кыскартуу, транспорттук компаниялардын чыгымын азайтуу маселеси талкууланат. 28-29-майда Астанада өтө турган V Евразиялык экономикалык форумга даярдык жыйынтыктоочу баскычка чыкты. Иш-чарага эки миңден ашуун чакыруу жөнөтүлгөн. Ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн, байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрү, ошондой эле АКШ, Кытай, Азербайжан, Вьетнам, Египет жана башка өлкөлөрдөн келген делегаттар катышат. Мындан тышкары, БУУнун бир катар түзүмдөрүнүн, Дүйнөлүк соода уюмунун, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын жетекчилери да катышары күтүлүүдө. Кеңешменин алкагында 12 интеграциялык документке: меморандумдарга, келишимдерге жана кызматташуу пландарына кол коюу пландалган.Бишкек шаарында 11-майдан тарта алты көрүстөндө маркумдарды жерге берүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады. Чечим санитардык жана экологиялык талаптарды сактоо, ошондой эле мүрзөлөрдө бош жердин жоктугуна байланыштуу кабыл алынган. Бул чаралар Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун корутундусунун негизинде киргизилди. Сөөк коюуга тыюу салынган көрүстөндөр төмөнкү даректерде: Ыбырайым Абдрахманов жана Абдрашит Бердибаев көчөлөрүнүн кесилишинде; Эне-Сай конушундагы Орхон жана Энесай 11 көчөлөрүнүн кесилишинде; Көк-Жар конушундагы Фёдор Достоевский жана Арстанбап көчөлөрүнүн кесилишинде; Орто-Сай аймагындагы Мамбет Иманалиев көчөсүндө; Лермонтов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишинде; Төмөнкү Ала-Арча айылында Кыргыз көчөсү менен Түндүк айланма жолунун кесилишинде. Бишкек мэриясы элди киргизилген чектөөлөрдү эске алууга чакырып, жаңы көмүү үчүн бөлүнгөн мүрзөлөр боюнча маалымат алуу үчүн тиешелүү муниципалдык ишканага кайрылууну сунуштады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0e/1101325195_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ecfcea5a2910b0957b7e96f8bd2f6f76.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио