https://sputnik.kg/20260515/1101339806.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Эми кошуналар, эл түндө тынчын алгандарды видеого тарта алышат. Президент Садыр Жапаров бул жааттагы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди.Ага ылайык, жашоочулар... 15.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-15T15:00+0600
2026-05-15T15:00+0600
2026-05-15T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0f/1101339640_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_03305ef39159dbdb3e99248d8a1337a6.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Эми кошуналар, эл түндө тынчын алгандарды видеого тарта алышат. Президент Садыр Жапаров бул жааттагы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди.Ага ылайык, жашоочулар, кварталдык комитеттер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тынчтык бербегендер боюнча акт түзүп, аны сүрөт жана видеого тартып тиешелүү органдарга берсе болот. Бул материалдар кийин мыйзам бузгандарды жоопкерчиликке тартууда далил катары колдонулат.Анда турак үйлөрдө, эс алуу аймактарында, коомдук жайларда иш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө, дем алыш жана майрам күндөрү 22:00дөн 09:00гө чейин элдин тынчын алган добуштарды чыгарбоо керектиги айтылган. Тагыраагы, музыка жана башка ызы-чуунун дабышы атайын белгиленген деңгээлден ашпашы керек.Мындан тышкары, Жаңы жыл түнү жана расмий белгиленген мамлекеттик майрамдарда түнкү саат 03:00гө чейин ырдап-чоордоого уруксат берилет.Өзгөртүүлөрдө курулуш иштери да ызы-чуунун булагы катары так көрсөтүлдү.Белгилей кетсек, Кыргызстанда аталган мыйзам 2024-жылдын соңунда кабыл алынган. Ага ылайык, түнкүсүн элдин тынчын алып, ызы-чуу кылгандарга милиция чара көрүүгө укуктуу болот. Ошондой эле той-топурлар саат 22:00дө бүтүшү керек.
Быйыл Кыргызстанда 80 миңден ашуун окуучу мектепти аяктайт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Тагыраак айткандай, 2025-2026-окуу жылында 11-классты 80 миң 829 окуучу аяктаса, 9-классты 135 миң 979 окуучу бүтүрөт. Белгилей кетсек, өлкөнүн бардык мектептеринде акыркы коңгуроо салтанаты 29-майда өтөт.
Быйылкы жылга Араван районунан 15 гектар жер бөлүнүп, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 5 миңге жакын батир салынат. Бул тууралуу Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев аймактагы Гүлистан айыл аймагынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, бийиктикке өсүү багытында МИКке кезекке туруп батир алган жарандар 25 жылдын ичинде төлөп кутулса болот. “Кезек менен Ноокат районун эли курулган батирлерден алса болот. Ош облусу боюнча айтсам, Кара-Суу районунда 47 гектар жерге МИК аркылуу 30 миң батир салынат. Алайга 5 кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталганы турат. Ал эми Араван районунда 11 гектар жер бөлүп жатабыз. Быйылкы жылы 3 миң батир салынып бүтүп калды. Өзгөн районунда 15 гектар жер бөлүнүп, ал жерге да МИК аркылуу үйлөр курулат”,- деп билдирди облус башчысы.
РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров Владимир Зеленскийди Европада жаңы фюрер кылып алышканын белгиледи. Бул туурасында дипломат Индияга болгон сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат берип жатканда айтты.Министрдин пикиринде, Германия Европадагы нацизмди колдоо кыймылын кайрадан жетектеп жатат, ал эми Зеленский анын символдоштурулган лидери болуп калды."Учурда фюрердин ролуна Зеленский турду. Анын колдоосу менен европалыктардын жаңы бирикмеси түзүлүп, бардыгы Германиянын көтөргөн демилгеси жана башында турушу менен ишке ашырылууда", — деди Лавров журналисттерге. Дипломат буга окшогон көрүнүш кооптонууну пайда кылып, өткөндү, тарыхтагы окуяларды эске саларын белгилеген. "Түйшөлүүбүздү ал тарыхый окуя кантип аяктаганын билгенибиз басып турат. Мындай нерсенин башка соңу болбошу керек", — деген министр.
Эми кошуналар, эл түндө тынчын алгандарды видеого тарта алышат. Президент Садыр Жапаров бул жааттагы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди.Ага ылайык, жашоочулар, кварталдык комитеттер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тынчтык бербегендер боюнча акт түзүп, аны сүрөт жана видеого тартып тиешелүү органдарга берсе болот. Бул материалдар кийин мыйзам бузгандарды жоопкерчиликке тартууда далил катары колдонулат.Анда турак үйлөрдө, эс алуу аймактарында, коомдук жайларда иш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө, дем алыш жана майрам күндөрү 22:00дөн 09:00гө чейин элдин тынчын алган добуштарды чыгарбоо керектиги айтылган. Тагыраагы, музыка жана башка ызы-чуунун дабышы атайын белгиленген деңгээлден ашпашы керек.Мындан тышкары, Жаңы жыл түнү жана расмий белгиленген мамлекеттик майрамдарда түнкү саат 03:00гө чейин ырдап-чоордоого уруксат берилет.Өзгөртүүлөрдө курулуш иштери да ызы-чуунун булагы катары так көрсөтүлдү.Белгилей кетсек, Кыргызстанда аталган мыйзам 2024-жылдын соңунда кабыл алынган. Ага ылайык, түнкүсүн элдин тынчын алып, ызы-чуу кылгандарга милиция чара көрүүгө укуктуу болот. Ошондой эле той-топурлар саат 22:00дө бүтүшү керек.Быйыл Кыргызстанда 80 миңден ашуун окуучу мектепти аяктайт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Тагыраак айткандай, 2025-2026-окуу жылында 11-классты 80 миң 829 окуучу аяктаса, 9-классты 135 миң 979 окуучу бүтүрөт. Белгилей кетсек, өлкөнүн бардык мектептеринде акыркы коңгуроо салтанаты 29-майда өтөт.Быйылкы жылга Араван районунан 15 гектар жер бөлүнүп, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 5 миңге жакын батир салынат. Бул тууралуу Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев аймактагы Гүлистан айыл аймагынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, бийиктикке өсүү багытында МИКке кезекке туруп батир алган жарандар 25 жылдын ичинде төлөп кутулса болот. “Кезек менен Ноокат районун эли курулган батирлерден алса болот. Ош облусу боюнча айтсам, Кара-Суу районунда 47 гектар жерге МИК аркылуу 30 миң батир салынат. Алайга 5 кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталганы турат. Ал эми Араван районунда 11 гектар жер бөлүп жатабыз. Быйылкы жылы 3 миң батир салынып бүтүп калды. Өзгөн районунда 15 гектар жер бөлүнүп, ал жерге да МИК аркылуу үйлөр курулат”,- деп билдирди облус башчысы.РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров Владимир Зеленскийди Европада жаңы фюрер кылып алышканын белгиледи. Бул туурасында дипломат Индияга болгон сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат берип жатканда айтты.Министрдин пикиринде, Германия Европадагы нацизмди колдоо кыймылын кайрадан жетектеп жатат, ал эми Зеленский анын символдоштурулган лидери болуп калды."Учурда фюрердин ролуна Зеленский турду. Анын колдоосу менен европалыктардын жаңы бирикмеси түзүлүп, бардыгы Германиянын көтөргөн демилгеси жана башында турушу менен ишке ашырылууда", — деди Лавров журналисттерге. Дипломат буга окшогон көрүнүш кооптонууну пайда кылып, өткөндү, тарыхтагы окуяларды эске саларын белгилеген. "Түйшөлүүбүздү ал тарыхый окуя кантип аяктаганын билгенибиз басып турат. Мындай нерсенин башка соңу болбошу керек", — деген министр.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0f/1101339640_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d5d00db46269c9417f7a398a974dd810.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио