https://sputnik.kg/20260515/1101345422.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Россиянын алдыңкы кардиохирургдарынан турган делегация менен жолукканын аталган ведомствонун маалымат кызматы... 15.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-15T17:00+0600
2026-05-15T17:00+0600
2026-05-15T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0f/1101345256_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_71f96eb127d0ea0048abb62cfa3754d7.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Россиянын алдыңкы кардиохирургдарынан турган делегация менен жолукканын аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда кардиохирургия кызматын өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу, медициналык кадрларды даярдоо жана заманга бап келген технологияларды киргизүү маселелери талкууланды. Делегациянын курамында Пермь, Томск жана Астрахань шаарларындагы жүрөк-кан тамыр хирургиясынын федералдык борборлорунун жетекчилери жана алдыңкы кардиохирургдар болду. Министр Осмонов кардиохирургия медицинадагы эң тез өнүгүп жаткан багыттардын бири экенин белгилеп, эл аралык кызматташтык саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошорун айтты. Белгилей кетсек, Бишкекте 15-17-май күндөрү "Заманбап кардиохирургия — академик Иса Ахунбаевдин мурасы" аттуу IX эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө. Ага Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Сауд Арабиясынын алдыңкы адистери катышат.
Афганстан илим жана жогорку билим берүү тармагында Кыргызстан менен тажрыйба алмашууга кызыкдар. Бул тууралуу Афганстандын билим берүү министри Неда Мохаммад Надим KazanForum алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен болгон жолугушууда билдирди. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, тараптар гуманитардык кызматташтыкты жана биргелешкен демилгелерди талкуулашты. Амангелдиев Кыргызстан Афганстан менен конструктивдүү диалог жүргүзүүгө даяр экенин белгиледи. Вице-премьер ошондой эле "Россия — Ислам дүйнөсү: KazanForum 2026" эл аралык экономикалык форумунун аянтчасында Өзбекстандын өкмөт башчысынын орун басары Жамшид Хожаев менен мурда жетишилген макулдашуулардын аткарылышын талкуулады. Тараптар энергетика, айыл чарба, бизнести өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин сүйлөшүп, бардык деңгээлдеги байланыштардын жогорку темпин колдоого даяр экендиктерин ырасташты.
Кыргызстандын эң алыскы айылы Зардалыда заманбап футбол аянтчасы жасалды. Курулуш президенттик фонддун эсебинен каржыланган. Эки ай мурун Баткен облусунда президенттик фонд тарабынан каржыланган 10 кичи футбол аянтчасынын курулушу башталган. Биринчиси бүгүн ачылды. Мындай аянтчалар аймактагы дагы тогуз айылга түшөт.
Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров Армения Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы жеңилдиктеринен ажырап калышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Сасяатчынын айтымында, Батыш КМШнын айрым мүчөлөрү сыяктуу эле Ереванды да "карамагына алууга" аракет кылууда. Лавровдун сөзүнүн урунттуу учурлары: Россия украин жаңжалын дипломатиялык жол менен жөнгө салууну жактайт, бирок бул ишке ашпаса, бардык максаттар "атайын операциянын" алкагында аткарылат. Германия кайрадан Европада нацизмди колдогон кыймылдын башында турууда. Азыр "фюрердин" ролу Владимир Зеленскийге ыйгарылды. Россия Европа менен сүйлөшүү процессине катышууну өзү суранбайт. Москва диалогго даяр, бирок артынан чуркап, өтүнбөйт.
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Россиянын алдыңкы кардиохирургдарынан турган делегация менен жолукканын аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда кардиохирургия кызматын өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу, медициналык кадрларды даярдоо жана заманга бап келген технологияларды киргизүү маселелери талкууланды. Делегациянын курамында Пермь, Томск жана Астрахань шаарларындагы жүрөк-кан тамыр хирургиясынын федералдык борборлорунун жетекчилери жана алдыңкы кардиохирургдар болду. Министр Осмонов кардиохирургия медицинадагы эң тез өнүгүп жаткан багыттардын бири экенин белгилеп, эл аралык кызматташтык саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошорун айтты. Белгилей кетсек, Бишкекте 15-17-май күндөрү "Заманбап кардиохирургия — академик Иса Ахунбаевдин мурасы" аттуу IX эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө. Ага Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Сауд Арабиясынын алдыңкы адистери катышат.Афганстан илим жана жогорку билим берүү тармагында Кыргызстан менен тажрыйба алмашууга кызыкдар. Бул тууралуу Афганстандын билим берүү министри Неда Мохаммад Надим KazanForum алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен болгон жолугушууда билдирди. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, тараптар гуманитардык кызматташтыкты жана биргелешкен демилгелерди талкуулашты. Амангелдиев Кыргызстан Афганстан менен конструктивдүү диалог жүргүзүүгө даяр экенин белгиледи. Вице-премьер ошондой эле "Россия — Ислам дүйнөсү: KazanForum 2026" эл аралык экономикалык форумунун аянтчасында Өзбекстандын өкмөт башчысынын орун басары Жамшид Хожаев менен мурда жетишилген макулдашуулардын аткарылышын талкуулады. Тараптар энергетика, айыл чарба, бизнести өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин сүйлөшүп, бардык деңгээлдеги байланыштардын жогорку темпин колдоого даяр экендиктерин ырасташты.Кыргызстандын эң алыскы айылы Зардалыда заманбап футбол аянтчасы жасалды. Курулуш президенттик фонддун эсебинен каржыланган. Эки ай мурун Баткен облусунда президенттик фонд тарабынан каржыланган 10 кичи футбол аянтчасынын курулушу башталган. Биринчиси бүгүн ачылды. Мындай аянтчалар аймактагы дагы тогуз айылга түшөт. Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров Армения Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы жеңилдиктеринен ажырап калышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Сасяатчынын айтымында, Батыш КМШнын айрым мүчөлөрү сыяктуу эле Ереванды да "карамагына алууга" аракет кылууда. Лавровдун сөзүнүн урунттуу учурлары: Россия украин жаңжалын дипломатиялык жол менен жөнгө салууну жактайт, бирок бул ишке ашпаса, бардык максаттар "атайын операциянын" алкагында аткарылат. Германия кайрадан Европада нацизмди колдогон кыймылдын башында турууда. Азыр "фюрердин" ролу Владимир Зеленскийге ыйгарылды. Россия Европа менен сүйлөшүү процессине катышууну өзү суранбайт. Москва диалогго даяр, бирок артынан чуркап, өтүнбөйт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0f/1101345256_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8a5efb81bcbadbe5d7ce3faea15257b1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио