https://sputnik.kg/20260514/1101322152.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жыйыны коопсуздук жаатындагы 2026-жылдагы негизги... 14.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-14T15:00+0600
2026-05-14T15:00+0600
2026-05-14T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0e/1101321986_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9ff5ff23887145ec156790cb404c2620.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жыйыны коопсуздук жаатындагы 2026-жылдагы негизги окуя катары өзгөчө мааниге ээ. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров аталган кеңешменин делегация башчылары менен жолугушууда айтканын "Ынтымак ордодон" кабарлашты. Мамлекет башчысы ШКУга мүчө өлкөлөр туш болуп жаткан негизги чакырыктар катары геосаясий чыңалууну, Жакынкы Чыгыштагы куралдуу кагылышууларды, ошондой эле терроризм, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү жана киберкоркунучтарды белгиледи. Ал Кыргызстан эл аралык маселелерди чечүүдө саясий-дипломатиялык ыкмаларды колдой турганын айтып, эң татаал диалог да куралдуу кагылышуудан артык экенин кошумчалады. Жапаров ошондой эле маалымат алмашууну күчөтүү, террорчулукту каржылоо каналдарын бөгөттөө жана кризистик кырдаалдарга жумшак чара көрүү механизмдерин өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ШКУнун РАТТ түзүмүнүн ишин жогору баалап, жыйындын жыйынтыгы региондогу тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого өбөлгө болоруна ишеним артты.
Жаңжалдын түпкү себептери жоюлганда гана Украинада тынчтык орнотууга болот. Бул тууралуу РФ Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу Бишкекте өтүп жаткан ШКУ мамлекеттеринин коопсуздук кеңеш катчыларынын 21-жыйынында айтты. Анын айтымында, РФ президенти Владимир Путин да бул тууралуу бир нече ирет эскерткен. "Украина блоктон тышкаркы, бейтарап жана өзөксүз өлкө макамына кайтышы керек. Биз Россиянын курамына кайтарылган жаңы аймактардын эл аралык алкакта таанылышы үчүн аракетибизди улантабыз", — деди Шойгу. Ошол эле учурда катчы Россия жаңжалды саясий жана дипломатиялык жол менен жөнгө салуудан, анын ичинде башка мамлекеттердин ортомчулугунан баш тартпай турганын белгиледи. "Бирок Киев режими кайра-кайра сүйлөшүүгө жөндөмсүз экенин көрсөтүүдө. Мунун негизги себеби Евробиримдик менен НАТОго мүчө өлкөлөр. Алар жаңжалды атайылап созуп, Украинаны курал менен камсыздап жатышат", — деди ал жыйында.
Билим жок болсо жол, көпүрө, тротуар бир тыйын, ошондуктан кыздарыңарды окуткула. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жанар Акаев Он-Адырда эл менен жолугушуп жатып айтты. Калаа башчысы кыздар мектепти бүтүп эле турмушка узап жатканын сынга алган. "Кечке эле көпүрө, тротуар, жол сурап жатасыңар... Алар да керек, бирок билимибиз тайкы, жок болсо, анын баары бир тыйын. Кыздарыңарды мектепти бүтүрүп эле турмушка узатканга шашасыңар. Аларды окуткула, билим бергиле, тил үйрөнсүн, дүйнөнү көрсүн. Аң-сезимди дагы өстүрүш керек", — деди Акаев.
Социалдык тармактарда башка адамдын паспортун жарыялоо үчүн 7 500 сом өлчөмүндө айып пул каралган. Бул тууралуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кутман Мамыров Жогорку Кеңеште билдирди. Ал паспорттогу маалыматтарды ээсинин уруксаты жок жарыялоо мыйзам бузуу экенин эскертти. "Эгер жаран өзүнүн паспорттук маалыматтарын өзү жарыяласа, анда ал маалымат ачык болуп эсептелип, мыйзам бузулбайт", — деп тактады Мамыров. Депутат Элвира Сурабалдиева башка адамдын паспорттук маалыматтарын анын ээсин табуу максатында жарыялоо мыйзам бузуу болуп эсептелеби деп суроо салган. "Ооба, мыйзам бузуу болуп эсептелет. Мындай кылбаш керек, буга да айып пул каралган", — деп жооп берди мамлекеттик агенттиктин башчысы.
Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жыйыны коопсуздук жаатындагы 2026-жылдагы негизги окуя катары өзгөчө мааниге ээ. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров аталган кеңешменин делегация башчылары менен жолугушууда айтканын "Ынтымак ордодон" кабарлашты. Мамлекет башчысы ШКУга мүчө өлкөлөр туш болуп жаткан негизги чакырыктар катары геосаясий чыңалууну, Жакынкы Чыгыштагы куралдуу кагылышууларды, ошондой эле терроризм, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү жана киберкоркунучтарды белгиледи. Ал Кыргызстан эл аралык маселелерди чечүүдө саясий-дипломатиялык ыкмаларды колдой турганын айтып, эң татаал диалог да куралдуу кагылышуудан артык экенин кошумчалады. Жапаров ошондой эле маалымат алмашууну күчөтүү, террорчулукту каржылоо каналдарын бөгөттөө жана кризистик кырдаалдарга жумшак чара көрүү механизмдерин өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ШКУнун РАТТ түзүмүнүн ишин жогору баалап, жыйындын жыйынтыгы региондогу тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого өбөлгө болоруна ишеним артты.Жаңжалдын түпкү себептери жоюлганда гана Украинада тынчтык орнотууга болот. Бул тууралуу РФ Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу Бишкекте өтүп жаткан ШКУ мамлекеттеринин коопсуздук кеңеш катчыларынын 21-жыйынында айтты. Анын айтымында, РФ президенти Владимир Путин да бул тууралуу бир нече ирет эскерткен. "Украина блоктон тышкаркы, бейтарап жана өзөксүз өлкө макамына кайтышы керек. Биз Россиянын курамына кайтарылган жаңы аймактардын эл аралык алкакта таанылышы үчүн аракетибизди улантабыз", — деди Шойгу. Ошол эле учурда катчы Россия жаңжалды саясий жана дипломатиялык жол менен жөнгө салуудан, анын ичинде башка мамлекеттердин ортомчулугунан баш тартпай турганын белгиледи. "Бирок Киев режими кайра-кайра сүйлөшүүгө жөндөмсүз экенин көрсөтүүдө. Мунун негизги себеби Евробиримдик менен НАТОго мүчө өлкөлөр. Алар жаңжалды атайылап созуп, Украинаны курал менен камсыздап жатышат", — деди ал жыйында.Билим жок болсо жол, көпүрө, тротуар бир тыйын, ошондуктан кыздарыңарды окуткула. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жанар Акаев Он-Адырда эл менен жолугушуп жатып айтты. Калаа башчысы кыздар мектепти бүтүп эле турмушка узап жатканын сынга алган. "Кечке эле көпүрө, тротуар, жол сурап жатасыңар... Алар да керек, бирок билимибиз тайкы, жок болсо, анын баары бир тыйын. Кыздарыңарды мектепти бүтүрүп эле турмушка узатканга шашасыңар. Аларды окуткула, билим бергиле, тил үйрөнсүн, дүйнөнү көрсүн. Аң-сезимди дагы өстүрүш керек", — деди Акаев. Социалдык тармактарда башка адамдын паспортун жарыялоо үчүн 7 500 сом өлчөмүндө айып пул каралган. Бул тууралуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кутман Мамыров Жогорку Кеңеште билдирди. Ал паспорттогу маалыматтарды ээсинин уруксаты жок жарыялоо мыйзам бузуу экенин эскертти. "Эгер жаран өзүнүн паспорттук маалыматтарын өзү жарыяласа, анда ал маалымат ачык болуп эсептелип, мыйзам бузулбайт", — деп тактады Мамыров. Депутат Элвира Сурабалдиева башка адамдын паспорттук маалыматтарын анын ээсин табуу максатында жарыялоо мыйзам бузуу болуп эсептелеби деп суроо салган. "Ооба, мыйзам бузуу болуп эсептелет. Мындай кылбаш керек, буга да айып пул каралган", — деп жооп берди мамлекеттик агенттиктин башчысы.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/0e/1101321986_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7a389b09ef141c4b6a7d8362d90f8ab8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио