Таш-Көмүрдөгү ири жол кырсыктан кийинки көрүнүштүн видеосу

Жазылуу
20-июлда болжол менен таңкы саат 6.00дө Таш-Көмүр шаарында оор жүк ташуучу МАN унаасы менен Honda Stepwgn жана Honda Odyssey унаалары кагышкан.

Жол кырсыгынан 8 адам каза болгон. Алардын бешөө эркек, экөө аял жана бирөө беш жашар кыз экени аныкталды. 

Алдын ала маалыматтар боюнча бир жаран оор абалда Шамалды-Сай шаарындагы ооруканага жеткирилген. Анын мээсине доо кеткен.

Аталган факты боюнча Жалал-Абад облустук Кайгуул милиция башкармалыгы тарабынан атайын экспертиза дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0