Кыргызстанда балык кармоо боюнча алгачкы ирет өткөн жарыштын видеосу

Жазылуу
Биринчи ирет өткөн жарышка 30дан ашуун балыкчы катышты.

Жекшемби күнү Үчүнчү Ала-Арча суу сактагычында балык кармоо боюнча жарыш өтүп, мыктылар тандалды. Мелдештин уюштуруучусу Сергей Радченконун айтымында, мындай жарыш расмий түрдө алгачкы ирет өтүп жатат.

"Муну спорттук балык кармоо деп айтуу аша чапкандык болот. Себеби сынак күйөрмандар арасында өткөрүлдү. Буюрса келечтекте атайын турнирлерди уюштурууну пландап жатабыз. Акырындык менен бул спорттун түрүн өнүктүрүү керек", — деди Радченко.

Жарышта 420 грамм балык кармаган Атабек Алимбеков жеңүүчү аталып, баалуу белектер менен сыйланды.

Белгилей кетсек, жеңүүчү кармалган балыктын салмагына жараша аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0