Долларлап пара алуу. Аламүдүн районунун прокурорун кармоо учуру

Жазылуу
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору, анын орун басары менен жардамчысын 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармады.

УКМКнын маалыматына ылайык, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына жаран кайрылып, Аламүдүн районунун прокуратурасынын кызматкерлерине чара көрүүнү суранган. Алар Көк-Жар айылында салынган үйдү түрттүрөбүз деп коркутуп, 20 миң доллар талап кылышкан.

"6 миң доллар өлчөмүндөгү акчаны буга чейин прокурордун жардамчысы алган", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш жаза кодексинин 304-беренесинин (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 313-беренесинин (Опузалап акча талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Кармалган жарандар УКМКнын тергөө жайына камакка алынды.

Аламүдүн районунун прокурору Кубанычбек Мамакеев болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0