УКМКнын маалыматына ылайык, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына жаран кайрылып, Аламүдүн районунун прокуратурасынын кызматкерлерине чара көрүүнү суранган. Алар Көк-Жар айылында салынган үйдү түрттүрөбүз деп коркутуп, 20 миң доллар талап кылышкан.
"6 миң доллар өлчөмүндөгү акчаны буга чейин прокурордун жардамчысы алган", — деп айтылат билдирүүдө.
Аталган факты боюнча КР Кылмыш жаза кодексинин 304-беренесинин (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 313-беренесинин (Опузалап акча талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Кармалган жарандар УКМКнын тергөө жайына камакка алынды.
Аламүдүн районунун прокурору Кубанычбек Мамакеев болгон.