Кыргызстандык триатлет үйүндө 5 саат чуркап, медиктерге жарым миллион чогултту

© Фото / Пресс-служба Государственного агентства по делам молодежи, физической культуры и спортаКыргызстандык триатлет Айваз Оморканов
Кыргызстандык триатлет Айваз Оморканов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
25-апрелде триатлон боюнча КР абсолюттук чемпиону Айваз Оморканов адаттан тыш идеяны ишке ашырган. Тагыраагы, ал үйдө жарым темир аралыкты ашып өтүп, ошол эле учурда өлкөдө коронавирус менен күрөшүү үчүн каражат чогултуу максатында кайрымдуулук акциясын баштаган.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кыргызстандык триатлет Айваз Оморканов үй шартында "жарым темир дистанцияны" чуркап өтүп, медиктерге жардам катары жарым миллион сом чогултканын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Ага ылайык, 25-апрелде триатлон боюнча Кыргызстандын абсолюттук чемпиону Айваз Оморканов адаттан тыш идеяны ишке ашырган. Тагыраагы, ал үйдө жарым темир аралыкты ашып өтүп, ошол эле учурда өлкөдө коронавирус менен күрөшүү үчүн каражат чогултуу максатында кайрымдуулук акциясын баштаган.

Мушкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык мушкер Азиз Сатыбалдиев UFC уюму менен келишим түздү
Ал триатлондун эрежеси боюнча сууда сүзүүнүн ордуна 5 чакырымды, андан кийин велосипед тепкендин ордуна 90 чакырымды, андан соң жөө чуркагандын ордуна 21 чакырымды үйүндөгү атайын чуркоочу жабдыктан чуркаган. Натыйжада транзиттик зоналарын эске албаганда 4 саат 55 мүнөт чуркаган.

Айваздын жарышына белгилүү спортчулар Владислав Третьяк, Николай Валуев, Костя Цзю, Дмитрий Бивол, Орзубек Назаров, Денис Петрашов, Дарья Маслова, Салтанат Казыбаева жана Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов көз салып турган. Ошондой эле спортчунун атасы жана Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов, ишкерлер, мамлекеттик ишмерлер жана өлкөнүн жигердүү жаштары көрүп турушкан.

Анын жүрүшүндө 500 миң сомдон ашык акча чогултулуп, Кыргызстандагы медицина кызматкерлерин колдоо үчүн берилмей болгон.

"Белгилей кетсек, Борбор Азия тарыхында спортчу биринчи жолу үйүндө жарым темир аралыкты басып өттү. Кайрымдуулук жарышы каражат топтоого гана эмес, карантинде үйдө болууга, спорт менен машыгууга, сергек жашоого чакырат. Айваз Оморканов ар башка өлкөлөрдөгү спортчуларды, жаштарды жана таптакыр башка кесиптеги адамдарды бир максат менен бириктирди — бул COVID-19 менен күрөшүү. Бул дагы бир жолу спорт адамдарды бириктире турганын тастыктап турат", — деп айтылат маалыматта.

Кийинки эстафетаны Казакстандын спортчусу жана Алматы марафонунун уюштуруучусу Салтанат Казыбаева алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0