Хабиб Фергюсондун курун тээп салды. Мушкерлер сес көрсөтүшкөн видео

© AP Photo / John LocherБой между Тони Фергюсоном и Хабибом Нурмагомедовым
Бой между Тони Фергюсоном и Хабибом Нурмагомедовым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчулардын көз караштар таймашы чыңалуу менен башталып, алар жада калса кол алышып учурашпай койгонун көрүүгө болот. UFС президенти Дана Уайт аларды тынчтандырганга аракет кылган.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. UFC уюмунун чемпиону Хабиб Нурмагомедов атаандашы Тони Фергюсон менен көз караштар таймашын өткөрүп жатып анын утурумдук чемпион болгондо алган курун тээп салды. Видео UFC уюмунун Instagram баракчасына чыкты.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Мушкерлер 18-апрелде өтө турган UFC 249 турниринин алкагында маалымат жыйын өткөрүп, стэрдаун (көз караштар таймашы — ред.) кылышкан. Иш-чара 7-мартка караган түнү Лас-Вегастагы (АКШ) "Ти-Мобайл Аренасында" болду.

Спортчулардын көз караштар таймашы чыңалуу менен башталып, алар жада калса кол алышып учурашпай койгонун көрүүгө болот. Америкалык мушкер каршылашына сес көрсөтүп, ар кандай сөздөрдү айтып, мурда утурумдук чемпион болуп жүргөндөгү бел курун көтөрө келип, аны Хабибдин алдына таштаган. Россиялык спортчу да атаандашына тиш кайрап, бир убакта анын жердеги курун тээп салган. UFС президенти Дана Уайт аларды тынчтандырганга аракет кылганын көрүүгө болот.

Эки спортчу 19-апрелде Нью-Йорктогу UFC 249 турниринин алкагында чемпиондук наам үчүн беттешет. Россиялык мушкер курун коргоп калуу үчүн жан үрөйт.

Мушкердин беттеши 4 ирет болбой калган

Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Хабиб Нурмагомедов аралаш мушташ боюнча дүйнөнүн мыкты мушкери аталды
Нурмагомедов менен Фергюсон буга чейин төрт ирет беттешүүнү пландап, бирок ал ишке ашпай калган. Тагыраагы, Хабиб 2014-жылы тизесинен жаракат алып Тони менен октагонго чыкпай калат. 2016-жылы эки мушкердин мелдеши кайрадан уюштурулуп, бирок бул ирет америкалык мушкер жаракат алганына байланыштуу өтпөй калган. 2017-жылы 4-мартта Лас-Вегаста россиялык мушкер UFC уюмунун утурумдук чемпиону болуп турган Тони Фергюсон менен кайрадан беттешери айтылат. Бирок кармаш алдында Хабибдин абалы начарлап турнирге катышпай калат. 2018-жылы апрелде россиялык мушкер кайрадан Тони Фергюсон менен чемпиондук наам үчүн беттешери жар салынат. Бирок америкалык спортчу бутунан жаракат алганын айтып, кечирим сураган. Хабиб анын ордуна Эл Яквинта аттуу мушкер менен октагондон күч сынашып, калыстардын чечими менен утуп, алгачкы ирет UFC уюмунун чемпиондук курун тагынат.

Андан кийин россиялык мушкер ирландиялык Конор Макгрегор менен америкалык Дастин Порьени утуп, наамын эки ирет коргогон.

Ал эми Тони Фергюсон Хабибдин дивизионундагы "эң кооптуу" мушкерлердин бири. Ал 2013-жылдан бери жеңилүү ызасын тарта элек. Аралаш мушташ боюнча жалпысынан 25 беттешти утуп, үч ирет утулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0