UFC Валентина Шевченконун беттешер убактысын расмий жарыялады. Сүрөт

© AFP / Christian Petersen / Getty ImagesЧемпионка UFC Валентина Шевченко
Чемпионка UFC Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кеченин башкы беттешинде уюмдун жарым оор салмактагы (93 кг) чемпиону, америкалык мушкер Жон Жонс менен мекендеши Доминик Рейес кармашат.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) Валентина Шевченконун кийинки беттешин жана атаандашын расмий түрдө жар салды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону америкалык Кэтлин Чукагян менен беттешип, наамын үчүнчү ирет коргойт.

Беттеш 8-февралда Хьюстондогу (АКШдагы Техас штаты) UFC 246 турниринин алкагында болот.

Мындан тышкары, уюмдун маалымат кызматы кеченин башкы беттешинде жарым оор салмактагы чемпион Жон Жонс менен америкалык Доминик Рейес кармашарын билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Башында турнир 18-январда Лас-Вегастагы UFC 246 турниринин алкагында болору айтылган. Бул уюмдун мурдагы чемпиону Конор Макгрегордун октагонго кайтып калышы мүмкүн экендигинен көз каранды болгон. Бирок беттеш үзгүлтүккө учурап, 8-февралга жылып Хьюстондо өтөрү айтылган.

Быйыл август айында Валентина Шевченко экинчи ирет наамын коргоп, америкалык мушкер Лиз Кармушту жеңип алганы маалым. Ал эми UFC курун коргогон биринчи беттеште каршылашы Жессика Айды техникалык нокаут менен уткан.

Ал эми каршылашы Чукагян 13 беттешти утуп, эки жолу жеңилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0