10:52 19 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6500
  • EUR78.2796
  • RUB1.1086
Кыргызстан боюнча алгачкы жолу Балыкчы шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында парамарафон болуп өттү

Балыкчыда парамарафон өтүп, катышуучулар 4 чакырымга чейин чуркады

© Sputnik
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
233 0 0

Моралдык колдоо максатында марафонго алты саны аман жарандар да катышты.

БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Кыргызстан боюнча алгачкы жолу Балыкчы шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында парамарафон болуп өттү.

  • Участники первого республиканского парамарафона в Балыкчи
    Кыргызстан боюнча алгачкы жолу Балыкчы шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында парамарафон болуп өттү
    © Sputnik
  • Участники первого республиканского парамарафона в Балыкчи
    Аталган иш-чара төрт башка аралыкта болду
    © Sputnik
  • Участники первого республиканского парамарафона в Балыкчи
    Парамарафончулар төрт жерден баштап чуркап, мэриянын алдындагы финишке чейин келди
    © Sputnik
  • Участники первого республиканского парамарафона в Балыкчи
    Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана медалдар тапшырылды.
    © Sputnik
1 / 4
© Sputnik
Кыргызстан боюнча алгачкы жолу Балыкчы шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында парамарафон болуп өттү

Аталган иш-чара төрт башка аралыкта болду. Анда Даун синдрому бар катышуучулар 500 метр аралыкты басып жана чуркап өтүштү. Майыптардын арабасында отургандар 1500 метр аралыкты, көзү азиздер жандоочусу менен 3000 метр аралыкты чуркап өтүштү. Угуусу начар жарандар 4000 метр аралыкка чуркашты.

Мындан тышкары, моралдык колдоо максатында марафонго дени сак жарандар да катышып, анда 16-40 жаш курагындагы жарандар 5000 метр, 40 жаштан жогору курактагы жарандар 3000 метр аралыкка жарышка түштү.

Парамарафончулар төрт жерден баштап чуркап, мэриянын алдындагы финишке чейин келди. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана медалдар тапшырылды.

Тема боюнча

Кыргызстандыктар Параазиялык оюндардан олжолуу кайтып келишти
Белгилер:
майыптар, марафон, Балыкчы

ЭҢ МААНИЛҮҮ