00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
09:45
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
АНО «Евразия» — год работы, тысячи участников и планы на большее
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө 3 800дөн ашуун турак-жай кооптуу аймакта жайгашкан — сел жана суу ташкындары боюнча кырдаал кандай?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Быйыл 1-2-класска бара турган балдар үчүн республика боюнча жалпы 365 миң 906 орун камсыздалды
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Диабеттен жабыркаган бут эмнеси менен коркунучтуу жана кантип дарылоо керек
15:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как одна идея объединила молодёжь вокруг памяти о Великой Победе
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Фин согушунан баштап, Улуу Ата Мекендик, кийин япондорго каршы согушка катышып кайткан Какчеке Төлеев
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Бинты и шприцы за свой счёт: почему бесплатной медицины в КР больше нет
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Диабеттен жабыркаган бут эмнеси менен коркунучтуу жана кантип дарылоо керек
21:04
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жашоом өзгөрдү... Майыптыгы бар кыздар бет боеп, тырмак жасаганды үйрөнүүдө

Жазылуу
Майыптыгы бар кыз-келиндер үйдө отура бербестен коомго аралашып, керектүү курстан окуп, жумуш менен камсыз болсун деген ниетте мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын "Теңдик" коомдук фондусу атайын окуу уюштурган.

Ал жерде мүмкүнчүлүгү чектелген кыз-келиндер макияж, тырмак жасаганды үйрөнүшөт. Ар кайсы аймактан келип, сулуулук сабагын окуп жаткан аялдардын иши менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы таанышып келди.

Биз барган учурда кыздар макияжды туура жасоону үйрөнүп жатыптыр. Столдо косметиканын түрү турат. Бири-бирин боегон аялдар өздөрүн күзгүдөн карап суктанып отурушту.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваМүмкүнчүлүгү чектелген кыз-келиндер макияж, тырмак жасаганды үйрөнүүдө.
Жашоом өзгөрдү... Майыптыгы бар кыздар бет боеп, тырмак жасаганды үйрөнүүдө - Sputnik Кыргызстан
Мүмкүнчүлүгү чектелген кыз-келиндер макияж, тырмак жасаганды үйрөнүүдө.

— Буга чейин боенчу белеңиз?

— Бир аз эле. Башында өзүмдүн боенгон кебетемди күзгүдөн көрүп "бул менминби?" деп таң калгам", — деди терезе жакта кашын чийип отурган Каныкей.

25 жаштагы Каныкей Дөөлөтбай кызы сулуулук курсунан окуу үчүн Сокулуктан келиптир. Тубаса майыпмын деген кыз кыялдары орундала баштаганын кубануу менен айтып берди.

Советник минобрнауки КР, юрист АРДИ Сейнеп Дыйканбаева - Sputnik Кыргызстан
Министрдин кеңешчиси Дыйканбаева: биринчи гонорарымды беш жашымда алгам
"Үйдө жалгыз кызмын. Апамдар жыгылып калбасын деп сыртка чыгарчу деле эмес. Үйдө кээде кошуналардын кыздарынын чачтарын жасап калчумун. Андан башка алек болоор ишим деле жок эле. Бир күнү ооруканада чогуу жаткан эже ушундай курс ачылганын айтып калды. Башында эки анжы ойдо болуп, көп ойлондум. Анткени эч жакка чыгып, эч ким менен сүйлөшпөгөн жаным уялдым. Бирок ата-энемдин кеңеши менен келип маникюр, макияж жасаганды үйрөнүп алдым. Жанымдагы кыздар, эжелер да аябай жакты. Эми бул жакты бүтсөм бөлөмдүн салону бар, ошол жакка чакырып жатат. Иштеп, өзүмдү-өзүм камсыз кылсам деген ниетим бар", — деди Каныкей.

Бул жерде окуп жаткандардын арасында 46 жаштагы Роза Бегалиева дагы бар. 19 жыл мурун аны унаа сүзүп кетип, арабада отуруп калган. Ошондон бери буюртма алып, кийим токуп иштеген келин өзүн эми башка тармакта сынап көрүүнү чечкен.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваБири-бирин боегон аялдар өздөрүн күзгүдөн карап суктанып отурушту.
Жашоом өзгөрдү... Майыптыгы бар кыздар бет боеп, тырмак жасаганды үйрөнүүдө - Sputnik Кыргызстан
Бири-бирин боегон аялдар өздөрүн күзгүдөн карап суктанып отурушту.

"Кечке кийим токуй берип колдорум ооруй баштады. Ошол себептен кесип алмаштырууга туура келди. Негизи эле сулуулук өнөрүнө кызыгып жүрчүмүн, мүмкүнчүлүк түзүлөөрү менен окуп калайын дедим. Ысык-Атадан келгем, үйүбүз борбордук көчөдө эле. Ал жакка жарнама илип коюп, айылда иштейин деп жатам", — деди Бегалиева.

Селкинчек, отургуч, эшик жасашат. Ширетүү цехин иштеткен майыптардын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Селкинчек, отургуч, эшик жасашат. Ширетүү цехин иштеткен майыптардын видеосу
Аймактан келгендер жатып окуйт экен. Сабактары бүткөндө Роза айым кыздарга жөн отурбай токуганды да көрсөтүп берип жатыптыр. Үйдөн чыкпай отурган кыздар башкалар менен таанышып, пикир алышып, коомго аралашып жатканына сүйүнүп жатканын жашырышкан жок.

Токмок шаарынан келген Мээрим Замирбек кызы улам күзгүнү карап, өзүнө суктанып селфи кылып жатты. Ата-энесинен эрте ажыраган кыз элге аралашпай, түнт болуп калганын айтып берди.

"Атам, апамдын көзү өтүп кеткен. Азыр 80 жаштагы таенем, сиңдим болуп турабыз. Бул жакка бир эженин сунушу менен келгем. Көп нерсе өзгөрдү. Аябай уялчаак болчумун, аным кичине калып, эл менен аралашып, өз оюмду тартынбай айтууга үйрөнүп жатам. Туура боенгонду, бирөөнү боегонду үйрөндүм. Буюрса, иштегенге аракет кылам", — деди Мээрим.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваСокулуктан келген Каныкей Дөөлөтбай кызы кыялдары орундала баштаганын айтты.
Жашоом өзгөрдү... Майыптыгы бар кыздар бет боеп, тырмак жасаганды үйрөнүүдө - Sputnik Кыргызстан
Сокулуктан келген Каныкей Дөөлөтбай кызы кыялдары орундала баштаганын айтты.

Уюштуруучулардын айтымында, аталган окууга кыз-келиндерди анкета толтуруп тандап алышат. Окутуу курстары бекер. Майыптыгы бар кыз-келиндерге сулуулук өнөрүн гана үйрөтпөстөн, жакын арада кулинария боюнча да курс ачууну пландап жатышыптыр.

Баса, бул курстарды уюштурган "Теңдик" коомдук фондусунун түптөөчүсү Гүлмира Казакунова менен кенен отуруп маектешкенбиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0