Валентина Шевченко польшалык Йоанна Еджейчик менен беттешет

© AP Photo / Frank Franklin IIЭкс-чемпионка UFC в наилегчайшем весе Йоанне Еджейчик
Экс-чемпионка UFC в наилегчайшем весе Йоанне Еджейчик - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки мушкер тең тайбокс боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиондору.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC уюмунун эң жеңил салмактагы (57 кг) чемпиондук наамы үчүн польшалык Йоанна Еджейчик менен кармашат. Бул туурасында аталган уюмдун расмий сайтында айтылат.

Беттеш 8-декабрда Торонто (Канада) шаарында UFC 231 турниринин алкагында өтөт.

​Йоанна Еджейчик UFC уюмунун өтө жеңил салмактагы (52 кг) мурдагы чемпиону. Былтыр Роуз Намаюнастан утулуп, наамынан ажыраган. Эми ал жаңы салмакта күчүн сынаганы турат.

Претендентка на титул UFC в наилегчайшем весе Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Валентина Шевченко: турмушка чыгуу эч качан кеч эмес, бирок карьера күтпөйт
Валентина Шевченко UFC уюмунда алты беттеш өткөрүп, анын экөөсүндө бразилиялык Аманда Нуньеске жеңилген.

Ошондой эле Еджейчик да, Шевченко да тайбокс боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону болуп саналат.

Шевченко чемпиондук кур үчүн америкалык Никко Монтано менен 8-сентябрда Даллас шаарында UFC 228 турниринин алкагында беттеш өткөрүшү керек болчу. Бирок Монтано кармашка бир күн калганда ден соолугуна байланыштуу ооруканага түшкөн. Валентина болсо атаандашы атайын беттештен качып жатат деп айтып чыккан. Көп өтпөй UFC башчысы Монтанону наамынан ажытатып, кыргызстандык мушкерге жыл аягына чейин чемпиондук мелдеш өткөрүп берүүнү убадалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0