Намыска жарадыңар! Кыргызстандын балбандары кыргыз күрөштөн 7 алтын утту

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык балбандар кыргыз күрөшүнөн баш байгени эч кимге берген жок. Жети салмак категориясы боюнча чыккан спортчулар жети алтын тагынды
Кыргызстандык балбандар кыргыз күрөшүнөн баш байгени эч кимге берген жок. Жети салмак категориясы боюнча чыккан спортчулар жети алтын тагынды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
38 мемлекеттен келген 131 балбан кыргыз күрөшү боюнча күч сынашты.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кыргызстандык балбандар кыргыз күрөшүнөн баш байгени эч кимге берген жок. Жети салмак категориясы боюнча чыккан спортчулар жети алтын тагынды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди. 

Маалыматка караганда Көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн кыргыз күрөшү мелдешине 38 мемлекеттен келген 131 балбан катышкан. 

Алтын медаль уткан кыргызстандык балбандар: 

Бекболсун Сатканкулов — 55 килограмм; 

Амангелди Эсенбек уулу — 60 килограмм; 

Равил Самат уулу — 66 килограмм; 

Баястан Идирисов — 74 килограмм; 

Чыңгыз Чалабаев — 84 килограмм; 

Нурбек Кожобеков — 96 килограмм; 

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары 8-сентябрга чейин уланат. Спорттук мелдештерге 70 мамлекеттен (Россиянын 12 субъектиси) 1918 спортчу катышууда. Алар спорттун 37 түрү боюнча күч сынашат. Ага 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген. Жалпы жонунан 594 медаль ойнотулат. Анын ичинен алтын — 174, күмүш — 173, коло — 247.

Жаңылыктар түрмөгү
0