https://sputnik.kg/20260903/1103433704.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Социалдык тармактарда президент Садыр Жапаров Эгемендүүлүк күнүнө карата кыргызстандыктарга 5 миң сомдон берет экен деген маалымат тарап жатат.Өлкө башчынын... 03.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-03T15:00+0600
2026-09-03T15:00+0600
2026-09-03T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/03/1103433537_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1b9415309b9c12948541853b977559f5.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Социалдык тармактарда президент Садыр Жапаров Эгемендүүлүк күнүнө карата кыргызстандыктарга 5 миң сомдон берет экен деген маалымат тарап жатат.Өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.“Бул — президенттин атын колдонуу менен жарандарды адаштыруу жана пайда табуу аракети. Мамлекет башчынын атынан мындай төлөмдөр тууралуу жарыяланган эмес. Ошондой эле текстти коштогон шилтеме расмий мамлекеттик ресурс болуп саналбайт”, — деп белгиледи Алагөзов. Ал тиешелүү органдар аталган ресурска карата чара көрүп жатканын баса белгилеп, жарандарды белгисиз жана шектүү сайттарга жеке маалыматтарын киргизбөөгө чакырды.
ЕАЭБге мүчөлүк Кыргызстандын экономикасына чоң таасирин тийгизип жатат. Мындай пикирин Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Чыгыш экономикалык форумунун алкагында билдирди.Анын айтымында, бирикмеге катышуу өзгөчө чакан экономикалуу өлкөлөр үчүн өтө пайдалуу.“Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери анын экономикасы үч эсеге өстү. Армениянын ИДПсы да дээрлик үч эсеге көбөйдү. Бул жаңы жумуш орундарын түзүү, атаандаштык артыкчылыктарын жаратуу, жаңы рынокторго чыгуу жана киреше табуу мүмкүнчүлүгү болуп саналат”, — деди Оверчук.
Кыргызстандагы жаңы курулуп бүткөн "Бишкек Арена" стадионундагы биринчи футболдук оюн 2027-жылы 27-мартта өтөт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.Кайсы командалар беттеше турганы так айтылган жок.Жазында 2030-жылы болуучу дүйнө чемпионаты менен 2031-жылы өтө турган Азия кубогуна тандоо оюндары башталат.
Россиянын президенти Владимир Путин дрондордун жардамы менен күнүмдүк жашоодо жүктөрдү ташуу үчүн стандарттарды белгилөө зарыл экенин айтты."Азыртадан эле дрондордун жардамы менен жарандык жүктөрдү өз алдынча ташуунун стандарттарын белгилөө керек", — деди РФ лидери Чыгыш экономикалык форумунун пленардык жыйынында.Чыгыш экономикалык форуму Владивосток шаарында өтүп жатат, иш-чара 4-сентябрда аяктайт.Буга чейин Путин учкучсуз аппараттарды негизги маселелердин бири деп атап, бул тармактагы технологиялардын улам күчтүү болуп бара жаткандыгын белгилеген.
Улуу Британия менен Франция мыйзамсыз миграцияга каршы биргеликте күрөшүп, бул максатта кошумча күчтөрдү тартууда. Бул туурасында Британиянын премьер-министри Энди Бернэмдин кеңсеси билдиргенин РИА Новости жазды. "Франциянын тартип сактоосун күчөтүү жана "чоң үйлөмө кайыктардын" көп колдонулуп жатканына бөгөт коюу максатында Улуу Британия менен Франция жээктеги аймактарга кошумча офицерлерди коюп жатат", — деп айтылат маалыматта. Жакынкы апталарда Франциянын батыш жээктеринде кайык менен келген мигранттарга каршы күрөшүү үчүн 45 офицерден турган топ жайгаштырылат. Ошондой эле франциялык чалгындоо-сот бөлүмүнүн кызматкерлеринин саны 18ден 30га чейин көбөйтүлөрүн айтышты. Өткөн жылы Британияга Ла-Манш аркылуу кайыктар менен 41 миңден ашуун мыйзамсыз мигрант келген. Агенттик бул 2022-жылдан кийинки эле эң жогорку экинчи көрсөткүч болуп саналарын жазды.
Социалдык тармактарда президент Садыр Жапаров Эгемендүүлүк күнүнө карата кыргызстандыктарга 5 миң сомдон берет экен деген маалымат тарап жатат.Өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.“Бул — президенттин атын колдонуу менен жарандарды адаштыруу жана пайда табуу аракети. Мамлекет башчынын атынан мындай төлөмдөр тууралуу жарыяланган эмес. Ошондой эле текстти коштогон шилтеме расмий мамлекеттик ресурс болуп саналбайт”, — деп белгиледи Алагөзов. Ал тиешелүү органдар аталган ресурска карата чара көрүп жатканын баса белгилеп, жарандарды белгисиз жана шектүү сайттарга жеке маалыматтарын киргизбөөгө чакырды.ЕАЭБге мүчөлүк Кыргызстандын экономикасына чоң таасирин тийгизип жатат. Мындай пикирин Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Чыгыш экономикалык форумунун алкагында билдирди.Анын айтымында, бирикмеге катышуу өзгөчө чакан экономикалуу өлкөлөр үчүн өтө пайдалуу.“Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери анын экономикасы үч эсеге өстү. Армениянын ИДПсы да дээрлик үч эсеге көбөйдү. Бул жаңы жумуш орундарын түзүү, атаандаштык артыкчылыктарын жаратуу, жаңы рынокторго чыгуу жана киреше табуу мүмкүнчүлүгү болуп саналат”, — деди Оверчук. Кыргызстандагы жаңы курулуп бүткөн "Бишкек Арена" стадионундагы биринчи футболдук оюн 2027-жылы 27-мартта өтөт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.Кайсы командалар беттеше турганы так айтылган жок.Жазында 2030-жылы болуучу дүйнө чемпионаты менен 2031-жылы өтө турган Азия кубогуна тандоо оюндары башталат.Россиянын президенти Владимир Путин дрондордун жардамы менен күнүмдүк жашоодо жүктөрдү ташуу үчүн стандарттарды белгилөө зарыл экенин айтты."Азыртадан эле дрондордун жардамы менен жарандык жүктөрдү өз алдынча ташуунун стандарттарын белгилөө керек", — деди РФ лидери Чыгыш экономикалык форумунун пленардык жыйынында.Чыгыш экономикалык форуму Владивосток шаарында өтүп жатат, иш-чара 4-сентябрда аяктайт.Буга чейин Путин учкучсуз аппараттарды негизги маселелердин бири деп атап, бул тармактагы технологиялардын улам күчтүү болуп бара жаткандыгын белгилеген.Улуу Британия менен Франция мыйзамсыз миграцияга каршы биргеликте күрөшүп, бул максатта кошумча күчтөрдү тартууда. Бул туурасында Британиянын премьер-министри Энди Бернэмдин кеңсеси билдиргенин РИА Новости жазды. "Франциянын тартип сактоосун күчөтүү жана "чоң үйлөмө кайыктардын" көп колдонулуп жатканына бөгөт коюу максатында Улуу Британия менен Франция жээктеги аймактарга кошумча офицерлерди коюп жатат", — деп айтылат маалыматта. Жакынкы апталарда Франциянын батыш жээктеринде кайык менен келген мигранттарга каршы күрөшүү үчүн 45 офицерден турган топ жайгаштырылат. Ошондой эле франциялык чалгындоо-сот бөлүмүнүн кызматкерлеринин саны 18ден 30га чейин көбөйтүлөрүн айтышты. Өткөн жылы Британияга Ла-Манш аркылуу кайыктар менен 41 миңден ашуун мыйзамсыз мигрант келген. Агенттик бул 2022-жылдан кийинки эле эң жогорку экинчи көрсөткүч болуп саналарын жазды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/03/1103433537_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f8c20fe32f6aab20689ebc41b720a126.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио