https://sputnik.kg/20260903/1103439113.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кырчында ыкчам жардам көрсөтүү учун нөөмөттө тик учактар туратПутин Украинанын союздаштары террорчулукка шериктеш болууда деди Кыргызстан ШКУ саммитин... 03.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-03T19:00+0600
2026-09-03T19:00+0600
2026-09-03T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/03/1103438947_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a7236cf913cfe340b8836d0cbbbb4224.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кырчында ыкчам жардам көрсөтүү учун нөөмөттө тик учактар туратПутин Украинанын союздаштары террорчулукка шериктеш болууда деди Кыргызстан ШКУ саммитин ийгиликтүү өткөрдү
Кыргызстанда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине 20дан ашык өлкөнүн лидерлери жана БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш катышты. Россиянын президенти Владимир Путин саммиттин жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, Кыргызстандын жетекчилигин ийгиликтүү өткөрүлгөн иш-чара менен куттуктады. Саммитке карата Бишкекте ири инфраструктуралык иштер жүргүзүлүп, жаңы объектилер курулуп. Ошондой эле чет элдик конокторго Кыргызстандын маданияты, салттары жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды. Мындан тышкары, Кыргызстан ШКУнун эл аралык байланыштарын кеңейтүүгө багытталган бир катар демилгелерди ишке ашырды. Эксперттер Бишкек саммитин маанилүү саясий окуя катары баалап, Кыргызстан Евразиядагы маанилүү дипломатиялык борбор катары өзүнүн аброюн бекемдегенин белгилешүүдө.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосунда жарандарга зарыл учурда ыкчам жардам көрсөтүү максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эки тик учагы нөөмөткө коюлду. Ведомстводон маалымдашкандай, Airbus H-125 жана Airbus H-145 үлгүсүндөгү тик учактар зарыл болгон учурда бейтаптарды кыска убакытта медициналык мекемеге жеткирүүгө жана эвакуациялоого тартылат. Мындан тышкары, Ысык-Көл районунда, анын ичинде Кырчын жайлоосунда өрт өчүрүүчү жана авариялык-куткаруу унаалары нөөмөткө коюлуп, куткаруучулар күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Алар коопсуздукту камсыз кылуу, кырсыктардын алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү иштерин жүргүзүүдө. “Ошондой эле Кырчын жайлоосунда ӨКМдин мобилдик госпиталы иштеп, анда дарыгерлер медициналык жардамга кайрылган жарандарга тиешелүү жардам көрсөтүп жатышат”, - деп айтылат маалыматта
Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар 11-сентябрда Талас шаарында өтөт. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады. Саамалыкка президент Садыр Жапаров катышат. Майрамдык концертте чет элдик жана жергиликтүү белгилүү аткаруучулар өнөр көрсөтөт. Алардын арасында Arash, Fly Project, K-Maro, Согдиана жана Кайрат Нуртас бар.Мындан тышкары, майрамдык программада дрондордун шоу-программасы жана фейерверк уюштурулары күтүлүүдө.
Россиянын президенти Владимир Путин Украинанын Батыштагы союздаштары Киевдин аракеттерине унчукпай коюу менен эл аралык террорчулукка шериктеш болуп калышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу ал Владивостоктогу Чыгыш экономикалык форумунда айтты. Путин Киевдин аракеттери жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууну татаалдаштырып жатканын белгилеп, айрым окуяларды «мамлекеттик террорчулуктун көрүнүшү» деп атады. Анын айтымында, жаңжалды биринчи кезекте Россия менен Украина сүйлөшүү аркылуу чечиши керек. Ошондой эле РФ лидери АКШ президенти Дональд Трамптын "позитивдүү жана конструктивдүү иштөөгө багыт алганын" белгилеп, абалды жөнгө салууга салым кошуп жаткандарга ыраазычылык билдирди.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 53 тыйын юань 13 сом 2 тыйынга рубль 1 сомго Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындын тегерегинде сатылууда.Аба ырайы4-сентябрга караган түнү өлкөбүздүн айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Жума күнү республика боюнча жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +21...+26, Жалал-Абад, Ош, облустарында +23...+28, Баткен өрөөнүндө +22...+27, Талас чөлкөмүндө +21...+23, Ысык-Көл ,Нарын региондорунда +19...+24 градус ысыйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +23...+25, Ошто +25...+27, ал эми Чолпон-Атада +19...+21 градуска көтөрүлөт.
Кырчында ыкчам жардам көрсөтүү учун нөөмөттө тик учактар туратПутин Украинанын союздаштары террорчулукка шериктеш болууда деди Кыргызстан ШКУ саммитин ийгиликтүү өткөрдү Кыргызстанда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине 20дан ашык өлкөнүн лидерлери жана БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш катышты. Россиянын президенти Владимир Путин саммиттин жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, Кыргызстандын жетекчилигин ийгиликтүү өткөрүлгөн иш-чара менен куттуктады. Саммитке карата Бишкекте ири инфраструктуралык иштер жүргүзүлүп, жаңы объектилер курулуп. Ошондой эле чет элдик конокторго Кыргызстандын маданияты, салттары жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды. Мындан тышкары, Кыргызстан ШКУнун эл аралык байланыштарын кеңейтүүгө багытталган бир катар демилгелерди ишке ашырды. Эксперттер Бишкек саммитин маанилүү саясий окуя катары баалап, Кыргызстан Евразиядагы маанилүү дипломатиялык борбор катары өзүнүн аброюн бекемдегенин белгилешүүдө. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосунда жарандарга зарыл учурда ыкчам жардам көрсөтүү максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эки тик учагы нөөмөткө коюлду. Ведомстводон маалымдашкандай, Airbus H-125 жана Airbus H-145 үлгүсүндөгү тик учактар зарыл болгон учурда бейтаптарды кыска убакытта медициналык мекемеге жеткирүүгө жана эвакуациялоого тартылат. Мындан тышкары, Ысык-Көл районунда, анын ичинде Кырчын жайлоосунда өрт өчүрүүчү жана авариялык-куткаруу унаалары нөөмөткө коюлуп, куткаруучулар күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Алар коопсуздукту камсыз кылуу, кырсыктардын алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү иштерин жүргүзүүдө. “Ошондой эле Кырчын жайлоосунда ӨКМдин мобилдик госпиталы иштеп, анда дарыгерлер медициналык жардамга кайрылган жарандарга тиешелүү жардам көрсөтүп жатышат”, - деп айтылат маалыматта Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар 11-сентябрда Талас шаарында өтөт. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады. Саамалыкка президент Садыр Жапаров катышат. Майрамдык концертте чет элдик жана жергиликтүү белгилүү аткаруучулар өнөр көрсөтөт. Алардын арасында Arash, Fly Project, K-Maro, Согдиана жана Кайрат Нуртас бар.Мындан тышкары, майрамдык программада дрондордун шоу-программасы жана фейерверк уюштурулары күтүлүүдө. Россиянын президенти Владимир Путин Украинанын Батыштагы союздаштары Киевдин аракеттерине унчукпай коюу менен эл аралык террорчулукка шериктеш болуп калышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу ал Владивостоктогу Чыгыш экономикалык форумунда айтты. Путин Киевдин аракеттери жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууну татаалдаштырып жатканын белгилеп, айрым окуяларды «мамлекеттик террорчулуктун көрүнүшү» деп атады. Анын айтымында, жаңжалды биринчи кезекте Россия менен Украина сүйлөшүү аркылуу чечиши керек. Ошондой эле РФ лидери АКШ президенти Дональд Трамптын "позитивдүү жана конструктивдүү иштөөгө багыт алганын" белгилеп, абалды жөнгө салууга салым кошуп жаткандарга ыраазычылык билдирди. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 53 тыйын юань 13 сом 2 тыйынга рубль 1 сомго Казак тенгеси 19 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындын тегерегинде сатылууда.Аба ырайы4-сентябрга караган түнү өлкөбүздүн айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Жума күнү республика боюнча жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +21...+26, Жалал-Абад, Ош, облустарында +23...+28, Баткен өрөөнүндө +22...+27, Талас чөлкөмүндө +21...+23, Ысык-Көл ,Нарын региондорунда +19...+24 градус ысыйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +23...+25, Ошто +25...+27, ал эми Чолпон-Атада +19...+21 градуска көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/03/1103438947_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_cc549148921ae54af2808b0330f4314a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио