00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Особый акцент
14:05
53 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
«Ожидаем изменения западных доктрин», - Шерадил Бактыгулов об итогах саммита ШОС в Бишкеке
18:10
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
8 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Кыргызстанда XXI кылымдын аягына чейин орточо жылдык температура 5-6 градуска чейин жогорулашы мүмкүн. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча улуттук пландын долбоорунда 2035-жылга чейин Кыргызстанда температура акыркы он жылдыктарда дүйнөлүк орточо көрсөткүчкө караганда тезирээк өсүп жатканы белгиленет. Министрликтин маалыматына караганда, 1930-жылдардан бери өлкөдөгү мөңгүлөрдүн көлөмү болжол менен үчтөн бирине кыскарган. Климаттын өзгөрүшү өзгөчө айыл чарба, энергетика жана суу менен камсыздоо тармактарына таасир этүүдө. Долбоордо климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча бир нече негизги багыт каралган: климаттык тобокелдиктерди башкаруунун улуттук моделин түзүү; климаттык тобокелдиктердин картасын иштеп чыгуу; инфраструктураны модернизациялоо жана кургакчылыкка туруктуу технологияларды киргизүү; аба ырайын болжолдоо жана моделдөө мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү; адистерди даярдоо жана климаттык маселелерди тармактык стратегияларга киргизүү. Мындан тышкары, планды ишке ашыруу үчүн эл аралык климаттык фонддордун каражатын жана салыктык жеңилдиктер аркылуу жеке инвестицияларды тартуу каралууда.Ошондой эле климат боюнча маалыматтарды чогултуу жана бөлүшүү үчүн бирдиктүү онлайн-платформа түзүлүп, ар бир аймакта климаттык кеңештер түзүлөт.
Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттерде быйыл бир нече аскердик машыгуу өтөт. Аларга беш миңден ашуун аскер кызматкери миңден көбүрөөк аскердик атайын техника жана курал-жарак менен катышат. Бул тууралуу ЖККУнун бириккен штабынын башчысы Андрей Сердюков брифингде билдирди.Анын айтымында, учурдагы кырдаалды эске алуу менен машыгуулардын негизги бөлүгү Чыгыш Европа жана Борбор Азия чөлкөмүндөгү жамааттык коопсуздук аймактарында өтөт.Сердюков белгилегендей, бардык бул иштер бекитилген планга ылайык өткөрүлөт жана үчүнчү өлкөлөргө каршы багытталган эмес. Негизги максат — жамааттык коопсуздук түзүмдөрдүн күчүн жана техникаларды башкаруу боюнча тажрыйбаны өркүндөтүү.
Россиянын президенти Владимир Путин Украинанын Батыштагы союздаштары Киевдин аракеттерине унчукпай отуруу менен эл аралык террорчулукка шериктеш болуп калышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу ал Владивостокто өтүп жаткан Чыгыш экономикалык форумунда айтты.Путин белгилегендей, Киев бийлигинин агрессивдүү аракеттери жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн татаалдаштырууда. Ошондой эле ал Норвегиянын россиялык кемеге кол салышын жана Владимир Зеленскийдин Россиянын аба мейкиндигинде учуу кооптуу деген билдирүүлөрүн "мамлекеттик террорчулуктун көрүнүшү" деп атады.РФ лидери жаңжалды биринчи кезекте Россия менен Украина өз ара сүйлөшүп чечиши керектигин белгиледи. Анын айтымында, башка өлкөлөр бул процесске колдоо көрсөтүп, жардам бере алышат.Путин Москва менен Киевдин ортосундагы байланыштар негизинен атайын кызматтар аркылуу уланып жатканын айтты. Ошондуктан жаңжалды жөнгө салууга мүмкүнчүлүк бар.Ошондой эле РФ лидери АКШ президенти Дональд Трамптын "позитивдүү жана конструктивдүү иштөөгө багыт алганын" белгилеп, абалды жөнгө салууга салым кошуп жаткандарга ыраазычылык билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0