00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Особый акцент
On air
14:17
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Тема дня
On air
18:08
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Кырчынга эл ташыганы кошумча транспорт тартылмай болду Жарандык учактардын кайчылаш окко кабылуу тобокелдиги барПакистандын премьерин Садыр Жапаров өзү унаа менен аэропортко жеткирди
Пакистандын премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф Кыргызстанга расмий сапар менен келген. Сапардын алкагында, кортеж токтогон соң унаанын алдыңкы орундугунан премьер, ал эми айдоочунун ордунан президент Садыр Жапаров түшүп келгенини айтылууда. Калк муну меймандостуктун жогорку үлгүсү катары баалашууда. Ошондой эле айрымдар өлкө башчынын жөнөкөйлүгүнө суктануусун билдиришүүдө.
Кырчынга эл ташыганы кошумча транспорт тартылмай болду ДКОнун медиаштабы Чолпон-Ата шаарына буга чейин 40 автобус келгенин, дагы 10 автобус жайлоого жөнөтүлөрүн билдирди. Алар 3-сентябрда саат 08:00дөн тарта эл ташый баштайт. Буга чейин социалдык тармактарда маршруткаларга эл батпай, узун кезектер пайда болгону тууралуу маалыматтар тараган. Белгилей кетсек, кечээ жана бүгүн Кырчынга 150 миңден ашык адам барган.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча Кыргызстандын командалары финалга чыгуу үчүн күч сынашууда. Кыргызстандын улакчылары мелдешке олуттуу даярдык менен келип, көк бөрү жана көкпар боюнча байгелүү орундарды алууну максат кылууда. Көкпар боюнча Кыргызстандын курамасынын капитаны Манас Ниязовдун айтымында, кыргызстандык улакчылардын эки командага бөлүнүшү мелдештин стратегиялык маанилүү кадамы болгон. “Эки командада тең жогорку деңгээлде аракет кылуу үчүн бөлүндүк. Эки командадан тең жеңишке жетишүүнү көздөдүк. Көк бөрүдөн да, көкпардан да биринчи орунду алсак деген максат бар”, — деди ал. Анын белгилешинче, мамлекет башчысы командага мелдешти таза өткөрүп, Кыргызстанга келген конокторду сыйлап узатуу боюнча тапшырма берген. “Казакстан абдан жакшы даярданып келиптир. Алар 30дай аты менен келишкен. Жакшы аттарды алып келишиптир, атүгүл Кыргызстандан да ат сатып алышкан. Буйруса, финалда кызыктуу жана жакшы оюн болот деп ойлойм”, — деди ал. Эскерте кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.
Жарандык авиациянын эл аралык уюму Зеленскийдин сөзүнөн кийин жаңжал шарттарында жарандык учактар үчүн тобокелдиктер жогорулаганын эскертти Жарандык авиациянын эл аралык уюму куралдуу жаңжалдар шартында жарандык аба кемелери үчүн тобокелдиктер көбөйгөнүн белгиледи. Уюмдан билдиришкендей, мындай кырдаалда жарандык учактар түздөн-түз бутага айланып же кайчылаш октун астында калышы ыктымал. ИКАО авиация тармагы куралдуу жаңжалдар маалында каттамдардын багытын өзгөртүп, ишин улантууга жөндөмдүү экенин, бирок мындай ыкчам аракеттер коопсуздукка карата негизги коркунучту жоё албасын баса белгиледи. Бул билдирүү Киевдин Россиянын аба мейкиндиги боюнча айткандарына баа берүү өтүнүчүнө жооп катары жасалган. Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин Владимир Зеленскийдин РФтин жарандык авиациясына карата коркутууларын мамлекеттик терроризмге кадам деп атаган. Ал эгер мындай коркутуулар трагедияга алып келсе Москва тийиштүү жооп кайтаруунун жолун табарын билдирген. РФ транспорт министри Андрей Никитин да орус бийлиги жарандык авиацияга карата жаралган коркунучтарга өз убагында чара көрүп жатканын жана каттамдардын, аэропорттордун коопсуздук талаптарын такай өркүндөтүп турарын маалымдаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0