Антонина Шевченко UFC беттешине жолдомо утуп алды. Видео

© Фото / Roger AllenКыргызстанский тайбоксер Антонина Шевченко
Кыргызстанский тайбоксер Антонина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык мушкерге буга чейин жети беттешти уткан америкалык Жаймелин Ньеверо атаандаш болду.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. MMA мушкери Валентина Шевченконун эжеси Антонина "Дана Уайттын талапкерлери" ("Dana White's Contender Series") турниринин жаңы сезонуна чыгып, UFC клубу менен келишим түзүүгө жетишти.

​Беттеш кечээ Лас-Вегаста өткөн. Шевченкого буга чейин бир топ жеңиштерге ээ болгон америкалык Жаймелин Ньеверо атаандаш болду. Беттеш эки раунд менен аяктады, кыргызстандык мушкер кыз Ньеверону тизеси менен сокку уруп жатып жеңген.

​Антонина UFC турниринде мушташууга мүмкүнчүлүк алган экинчи кыргызстандык мушкер болуп калды. Келишим UFC уюмунун негизги беттештерине чыгып, чемпиондук кур үчүн ат салышууга жол ачты.

​Шевченкодон тышкары UFC турнирине өтүүгө кыргызстандык Рафаэль Физиев да аракет кылып жатат. Анын беттеши 3-июлга белгиленген.

Буга чейин Антонина Шевченко проморолигин жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0