JFC президенти Мусаев "Ак аюу" менен "Баатыр" эмнеге утулуп калганын айтты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ак аюу" каймана аты менен таанымал мушкер Мыктыбек Мамасалиев
Ак аюу каймана аты менен таанымал мушкер Мыктыбек Мамасалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан эки күн мурун Бишкекте JFC ММА-2017 эл аралык турнири өттү

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. "Жаш күч" спорттук клубунун президенти Айбек Мусаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине JFC ММА-2017 эл аралык турниринин жыйынтыгы тууралуу оюн билдирди.

Эске сала кетсек, аталган турнир 9-декабрда борбордогу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүп, жалпысынан 12 беттеш болгон. Анда Кыргызстандын "Жаш күч" жана Чеченстандын "Ахмат" спорттук клубдарынын мелдештик жолугушуусу болуп, мушкерлер 4Х4 форматында беттешкен. Анын жыйынтыгында кыргызстандык "Жаш күч" клубу 3:1 эсебинде жеңишке жеткен.

Кеченин башкы беттешинде кыргызстандык Мыктыбек Мамасалиев менен украиналык Юрий Проценко JFC уюмунун чемпиондук куру үчүн ат салышып, тилекке каршы, Мамасалиев атаандашынан "муунтуу ыкмасынын" негизинде утулуп калган.

JFC ММА-2017 эл аралык турнири тууралуу

Турнир JFC MMA 3 по боям без правил в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Муунган, оңкосунан түшкөн, жымыйган мушкерлер. Бишкектеги JFC турнири сүрөттө
Биз, албетте, өзүбүзгө өзүбүз баа бере албайбыз. Бирок келген коноктор, көрүүчүлөр турнирдин өтүшүнө жогору баа берип, JFC беттеш тартуулаган жагынан Кыргызстандагы алдыңкы спорттук уюм деген оюн айтышты. Уюштуруу иши ойдогудай аткарылды деп ойлойм. Турнирде 12 беттеш пландалган болсо, анын сегизин кыргыз мушкерлери утуп алды.

"Жаш күч" жана "Ахмат" спорттук клубдарынын жолугушуусу тууралуу

Эки клубдун тең балдары күчтүү болгондуктан так бир божомолду айтуу кыйын эле. Мушкерлер спорттук деңгээли жагынан бири-бирине төп келишкен болчу. Биздин жигиттер тапшырмасын так аткара алды деп ойлойм. Жыйынтыгында атаандаш клубду 3:1 эсебинде жеңип алдык.

Тилек Батыров жана Мыктыбек Мамасалиевдин ызасы тууралуу

Спортчуларда үй-бүлө маселеси деген бар. Тилек Батыров — эки баланын атасы. Тиричилик деп жүрүп машыгуулары үзгүлтүккө учурап калды. Эки күн такси айдап, эки күн жүк түшүрүп иштейт. Мен турнирдин уюштуруу иштери менен чуркап жүрүп, Тилекти өз көзөмөлүмдө машыктыра албай калдым.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Баатыр" каймана аты менен таанымал мушкер Тилек Батыров
Баатыр каймана аты менен таанымал мушкер Тилек Батыров - Sputnik Кыргызстан
1/2
"Баатыр" каймана аты менен таанымал мушкер Тилек Батыров
© Фото / бойцовский клуб "Жаш Куч""Ак аюу" каймана аты менен таанымал мушкер Мыктыбек Мамасалиев
Ак аюу каймана аты менен таанымал мушкер Мыктыбек Мамасалиев - Sputnik Кыргызстан
2/2
"Ак аюу" каймана аты менен таанымал мушкер Мыктыбек Мамасалиев
1/2
"Баатыр" каймана аты менен таанымал мушкер Тилек Батыров
2/2
"Ак аюу" каймана аты менен таанымал мушкер Мыктыбек Мамасалиев

Мыктыбек Мамасалиевдин даярдыгы мыкты эле. Атаандашы Юрий Проценко дагы оңой мушкер эмес. Мамасалиев дагы, Батыров дагы атаандашынын спорттук ыкмасына алданып калды деп ойлойм.

Учурда эки мушкерибиздин тең абалы жакшы. Утулуп калган кимге элек жаксын. Башында кайгырып, намыстанышат. Буюрса балдар ден соолугун чыңдап, эс алгандан кийин алдыдагы беттештерге даярданып, үмүттү актайт. Бул — спорт, бирде утасың, бирде утуласың.

Жаңылыктар түрмөгү
0