00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Кызмат" мекемеси маморгандардын ишин кантип жеңилдетип жатат?
13:08
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Шелкового пути до критических минералов: почему Центральная Азия важна миру
14:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Келечекте балык өндүрүү Токтогул суу сактагычына көчүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу айыл чарба министри Эрлист Акунбеков УТРКда уюштурулган дебат учурунда билдирди. Аткаминерге элден "Нарын дарыясына балык өстүрүүгө эмне үчүн уруксат берилген? Ал — таза, ичүүчү суу. Канча деген адам балыктын жемине ууланып жатат" деген суроо узатылган. Акунбеков бул актуалдуу маселе экенин белгилеп, негизинен балык кармоого эң ыңгайлуу жер Токтогул суу сактагычы экенине токтолду. "Азыр 20 миң тонна балык алсак, Токтогул суу сактагычынын дарамети 200 миң тоннага жетет. Балык өндүрүшүн ошол жакка көчүрөбүз, бул боюнча долбоорубуз бар. Мындан тышкары, Күрп-Сай, Таш-Көмүр ГЭСтерине чынында балык өндүрүү туура эмес. Ал боюнча карап чыгабыз, элдин кайрылуусу туура", — деди Акунбеков. Эскерте кетсек, дебатка айыл чарба министри Эрлист Акунбеков менен өлкөнүн айыл чарбасы боюнча бир топ маселе көтөрүп келген белгилүү блогер Ыдырыс Исаков катышты.
Улуттук банк кечээ валюта рыногуна интервенция жасап, 207,6 миллион доллар сатты. Учурда АКШ долларынын орточо курсу өзгөргөн жок, бир доллар 87,8 сомдон сатылууда. Жыл башынан бери Улуттук банк валюта рыногунда жалпысынан 2 миллиард 79 миллион доллар саткан. Бул көрсөткүч өткөн жылдын бүтүндөй жыйынтыгынан да кыйла көп. 2025-жылы башкы банк 853 миллион доллар саткан. Адатта Улуттук банк долларды курстун кескин өзгөрүшүнө жол бербөө же рыноктогу чет элдик валютанын тартыштыгын толуктоо үчүн сатат.
Кыргызстан USDKG криптовалютасын жүгүртүүдөн чыгарды. Бул тууралуу криптовалютанын расмий сайтында маалымдалды. Стейблкоин — баасы белгилүү бир валютага же биржадагы товарлардын (алтын, мунай жана башка) котировкаларына байланган криптовалюта. Бир USDKG токени бир АКШ долларына барабар болгон. Ал былтыр ноябрда каттоодон өтүп, ошол эле айда президенттин катышуусунда токендерди чыгаруу (эмиссия) башталган. Долбоордун сайтында өкмөттүн 20-августтагы тескемеси менен ал токтотулганы жазылган. USDKG токендеринин ээлери колундагы токендерди акчага же USDTге (долларга теңештирилген дагы бир стейблкоин) алмаштырып ала алат. Долбоорду жабуунун себеби айтылган эмес. Түшүндүрмө алуу үчүн Финансы министрлигине кайрылдык, азырынча жооп жок.
АКШ президенти Дональд Трамп Иранга кайрадан сокку уруу боюнча чечим кабыл ала элек, бирок мындан ары жасалышы мүмкүн делген аракеттердин бардык вариантын күн-түн дебей колдоно алат. Бул тууралуу Axios жазды. Шаршемби күнү Atlantic басылмасы Пентагонго Конгресске болчу шайлоо арасындагы добуш берүүгө чейин Иранга жаңы чабуулдардын планын иштеп чыгуу тапшырылганын жазган. "Директивада сокку урулчу күн так белгиленген эмес, президент Трамп да анык бир чечим кабыл ала элек. Деген менен Ак үйдөгү аткаминер Трамп үчүн бардык опциялар күн-түн дебей жеткиликтүү экенин айтты", — деп жазылат кабарда. Варианттардын биринде энергетикалык объектилерди жана инфраструктураны бомбалоо каралган. Дагы бир маалымат боюнча, сокку 27-октябрга белгиленген Израилдеги парламенттик шайлоого чейин жасалышы ыктымал.
Жаңылыктар түрмөгү
0