Ысык-Көлдө "Көчмөндөр кармашы" өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековТурнир, посвященный открытию Федерации ММА в Кыргызстане
Турнир, посвященный открытию Федерации ММА в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спорттун бул түрүн Кыргызстанда өнүктүрүү сунушу берилген. Турнирге КМШ өлкөлөрүнүн спортчулары катышат.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо эрежесиз эр уруш боюнча эл аралык турнир өткөрүлөрүн уюштуруучулар билдирди.

Международный турнир Федерации эртаймаш кулатуу WEF-4 - Sputnik Кыргызстан
WEF Global: кыргыз мушкерлери кыл чайнашат
"Көчмөндөр кармашы" деп аталган турнир 19-августта КМШ спортчуларынын катышуусунда өтөт. Негизги таймашта Тайсон лакап аты менен таанымал кыргызстандык Канат Келдибеков күч сынашат.

18 жаштан жогорку курактагы катышуучулар бири-бири менен беттеше тургандыгы жөнүндө келишимге кол коюшат.

Турнирдин негизги максаты — жаштарды спорт менен машыгууга үндөө. Ал эми негизги миссиясы — сергек жашоо образын жайылтып жаштарды ММА менен бокско тартуу.

Уюштуруучулар Кыргызстанда ММАдин өнүгүшү байкалып жатканын белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0