БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо эрежесиз эр уруш боюнча эл аралык турнир өткөрүлөрүн уюштуруучулар билдирди.
"Көчмөндөр кармашы" деп аталган турнир 19-августта КМШ спортчуларынын катышуусунда өтөт. Негизги таймашта Тайсон лакап аты менен таанымал кыргызстандык Канат Келдибеков күч сынашат.
18 жаштан жогорку курактагы катышуучулар бири-бири менен беттеше тургандыгы жөнүндө келишимге кол коюшат.
Турнирдин негизги максаты — жаштарды спорт менен машыгууга үндөө. Ал эми негизги миссиясы — сергек жашоо образын жайылтып жаштарды ММА менен бокско тартуу.
Уюштуруучулар Кыргызстанда ММАдин өнүгүшү байкалып жатканын белгилешти.