Мына сага! КР таэквандочулары Азия чемпионатынан 22 медаль менен кайтышты

© AFP / KIRILL KUDRYAVTSEVЧемпионат по таэквондо WTF
Чемпионат по таэквондо WTF - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки жылда бир өтчү биринчиликти өткөрүү укугу Кыргызстанга берилди

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасындагы 16 спортчу ITF таэквандосу боюнча Азия чемпионатында 22 медаль алышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ассоциациянын филиалы билдирди.

Кыргызстанский борец греко-римского стиля Жоламан Шаршенбеко - Sputnik Кыргызстан
Дүйнө чемпионатында финалга чыккан кыргызстандык балбандын экөө тең жеңилип калды
Маалыматка ылайык, биринчилик Кореянын Сеул шаарында 3-5-август күндөрү өткөн.

9 жаштан 24 жашка чейинки 16 спортчудан турган кыргызстандык команданын байге куржунуна 10 алтын, 4 күмүш жана 8 коло медаль түштү.

Иш-чаранын жабылуу аземинде Азия-2019 чемпионатын өткөрүү укугу Кыргызстанга берилди. Алдын ала маалымат боюнча мелдеш Чолпон-Ата шаарында өтмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0