БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасындагы 16 спортчу ITF таэквандосу боюнча Азия чемпионатында 22 медаль алышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ассоциациянын филиалы билдирди.
Маалыматка ылайык, биринчилик Кореянын Сеул шаарында 3-5-август күндөрү өткөн.
9 жаштан 24 жашка чейинки 16 спортчудан турган кыргызстандык команданын байге куржунуна 10 алтын, 4 күмүш жана 8 коло медаль түштү.
Иш-чаранын жабылуу аземинде Азия-2019 чемпионатын өткөрүү укугу Кыргызстанга берилди. Алдын ала маалымат боюнча мелдеш Чолпон-Ата шаарында өтмөкчү.