Бүгүн түнү "Реал" менен "Барса" беттешет

© REUTERS / Sergio PerezИспанская "Эль классико": "Барселона" против "Реал Мадрида"
Испанская Эль классико: Барселона против Реал Мадрида - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюнга буга чейин жаракат алган Неймардын чыкпай тургандыгы айтылууда.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бүгүн түнү көпчүлүк күйөрмандар күткөн "Реал Мадрид" клубу менен "Барселона" командасы беттешет.

Четвертьфинал Лиги чемпионов УЕФА. Реал Мадрид против Баварии - Sputnik Кыргызстан
"Реал" клубу "Баварияны" жеңип, жарым финалга чыкты
Испания биринчилигинин алкагында өтүп жаткан оюн Бишкек убактысы боюнча 24-апрель күнү саат 00:45те "Сантьяго Бернабеу" стадионунда болот. Дүйнө жүзү боюнча күчтүү делген командалардын беттеши атайын "Эль-Калсико" деген атка конгон. Мында акыркы жылдары алтын топту башкаларга бербей келген Месси (Барса) жана Роналдунун (Реал) бет келиши оюндун кызыгын арттырат.

"Реалдан" үч упай артта болгон "Барса" бул ирет башкы чабуулчуларынын бири Неймарсыз ойнойт. Анткени аталган оюнчу буга чейин дисквалификацияланган.

Белгилей кетсек, "Ювентус" командасынан утулган "Барса" Чемпиондор Лигасынын жарым финалына өтпөй калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0