"Барселона" Чемпиондор Лигасынын жарым финалына өтпөй калды

© REUTERS / Albert GeaБарселона футбол клубунун оюнчусу Лионель Месси. Архив
Барселона футбол клубунун оюнчусу Лионель Месси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшемби күнү болгон "Ювентус" менен "Барсанын" беттеши 0:0 эсебинде аяктады.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Италиялык "Ювентус" клубу испандык "Барселона" менен жооптуу беттеште тең чыгып, эки оюндун жыйынтыгы менен Чемпиондор лигасынын жарым финалына жолдомо алды.

Четвертьфинал Лиги чемпионов УЕФА. Реал Мадрид против Баварии - Sputnik Кыргызстан
"Реал" клубу "Баварияны" жеңип, жарым финалга чыкты
Эки клубдун биринчи оюуну 3:0 эсебинде "Ювентустун" пайдасына чечилген эле. Ал эми бейшемби күнү болгон жооптук оюн 0:0 эсебинде аяктап, эки оюндун жыйынтыгы менен "Барса" жарым финалга өтпөй калды.

Ошентип быйылкы Чемпиондор Лигасынын жарым финалына "Реал", "Атлетико" жана Ювентус" менен "Монако" клубдары чыкты.

Эртең, 21-апрель күнү чучу кулак кармалып, командалардын атаандаштары аныкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0