https://sputnik.kg/20260906/1103488904.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан жер улак боюнча биринчи жолу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиону болду. Финалдык беттеш курч мүнөздө өтүп, 7:2 эсебинде аяктады. Оюн башталары... 06.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-06T15:00+0600
2026-09-06T15:00+0600
2026-09-06T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/06/1103488738_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_57d1e55b78da9d84266cb35fa93efc58.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан жер улак боюнча биринчи жолу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиону болду. Финалдык беттеш курч мүнөздө өтүп, 7:2 эсебинде аяктады. Оюн башталары менен 30 секундага жетпей кыргызстандык улакчы Дастан Русланов эсепти ачып берди.Ортодо казак командасынын капитаны жыгылып, кыргызстандык Дастан Сагынбек уулу эки мүнөткө жаза мамысына кетти. Кудай жалгап, Курманбек Турганбек олуттуу жаракат алган жок, медициналык кароодон кийин кайра оюнга кошулду.20 мүнөткө созулган биринчи бөлүк Кыргызстандын пайдасына 4:2 эсеби менен жыйыкталды. Ал арада төртүнчү салым эсептелбей калып, буга оюн калыстын ышкырыгысыз башталып кеткени себеп болгону айтылды. Кыргызстандын улакчылары кайра эсепти көбөйтүп, Манас Ниязов бешинчи улакты таштады.Андан кийин дагы эки салым ташталып, эсеп 7:2ге жетти да Кыргызстан тарыхта биринчи жолу көкпар боюнча чемпион аталды. Ал эми төмөндө оюндун бүйүр кызыткан укмуштуудай ирмемдери топтолду.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Чолпон-Ата шаарында өткөн көк бөрү жана көкпар оюндарынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду.Көк бөрү боюнча турнирдин жеңүүчүлөрүнө 5 миллион сом берилди. Экинчи орунду алган Казакстан 3,1 миллион, үчүнчү орундагы Россия 2,5 миллион, төртүнчү болгон Тажикстан 1 миллионсом алды.Ал эми жер улак боюнча алтын медаль жеңген Кыргызстанга 3 миллион сом тапшырылды. Казакстан 2, Россия 1 миллион, Өзбекстан 500 миң сом алды. Сыйлыктардын көлөмүндөгү айырма мелдештерди уюштурган тараптарга жана тиешелүү федерацияларга байланыштуу. Көк бөрү боюнча мелдешти кыргыз тарап, ал эми жер улакты казак тарап жөнгө салат.Көк бөрүнүн мыкты оюнчусу деп Кыяз Ниязов табылды. Улакчыга 300 миң сом ыйгарылган.Ал эми көкпардан Өмүрбек Эсен уулу аныкталып, сыйлыкты UFC чемпиону Валентина Шевченко тапшырды.Эскерте кетсек, эки онюдун финалында тең Кыргызстан менен Каазкстандын командалары кез келди. Көк бөрүдөн кыргыз тарап казак атаандаштарын 12:0 эсебинде жеңсе, жер улакта 7:2 эсеби менен утуп, тарыхта биринчи жолу чемпион аталды.
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев “Бишкек Аренанын” расмий ачылышы 5-октябрда акысыз чоң шоу-программанын коштоосунда өтөрүн билдирди. Анын айтымында, жаңы курулган стадиондун расмий ачылыш аземи президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен болот. Коноктор үчүн акысыз шоу-программа тартууланмакчы. Туманбаев бул Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катыша албай калгандар үчүн жакшы жаңылык экенин кошумчалады.
“Мыкты улакчы” номинациясы Кыргызстан курама командасынын оюнчусу Кыяз Ниязовго ыйгарылды. Сыйлыкты аземде Көк бөрү федерациясынын президенти Айбек Шамшидин уулу тапшырды. Улакчы Кыяз Ниязовго VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын диплому жана 300 миң сом акчалай сыйлыктын сертификаты берилди. Белгилей кетсек, Кыяз Ниязов Кыргызстан менен Казакстандын курамалары кез келген көк бөрү оюнунун финалындагы оюнда атаандашынын тайказанына эки ирет улак таштаган.
Кыргызстан жер улак боюнча биринчи жолу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиону болду. Финалдык беттеш курч мүнөздө өтүп, 7:2 эсебинде аяктады. Оюн башталары менен 30 секундага жетпей кыргызстандык улакчы Дастан Русланов эсепти ачып берди.Ортодо казак командасынын капитаны жыгылып, кыргызстандык Дастан Сагынбек уулу эки мүнөткө жаза мамысына кетти. Кудай жалгап, Курманбек Турганбек олуттуу жаракат алган жок, медициналык кароодон кийин кайра оюнга кошулду.20 мүнөткө созулган биринчи бөлүк Кыргызстандын пайдасына 4:2 эсеби менен жыйыкталды. Ал арада төртүнчү салым эсептелбей калып, буга оюн калыстын ышкырыгысыз башталып кеткени себеп болгону айтылды. Кыргызстандын улакчылары кайра эсепти көбөйтүп, Манас Ниязов бешинчи улакты таштады.Андан кийин дагы эки салым ташталып, эсеп 7:2ге жетти да Кыргызстан тарыхта биринчи жолу көкпар боюнча чемпион аталды. Ал эми төмөндө оюндун бүйүр кызыткан укмуштуудай ирмемдери топтолду.Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Чолпон-Ата шаарында өткөн көк бөрү жана көкпар оюндарынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду.Көк бөрү боюнча турнирдин жеңүүчүлөрүнө 5 миллион сом берилди. Экинчи орунду алган Казакстан 3,1 миллион, үчүнчү орундагы Россия 2,5 миллион, төртүнчү болгон Тажикстан 1 миллионсом алды.Ал эми жер улак боюнча алтын медаль жеңген Кыргызстанга 3 миллион сом тапшырылды. Казакстан 2, Россия 1 миллион, Өзбекстан 500 миң сом алды. Сыйлыктардын көлөмүндөгү айырма мелдештерди уюштурган тараптарга жана тиешелүү федерацияларга байланыштуу. Көк бөрү боюнча мелдешти кыргыз тарап, ал эми жер улакты казак тарап жөнгө салат.Көк бөрүнүн мыкты оюнчусу деп Кыяз Ниязов табылды. Улакчыга 300 миң сом ыйгарылган.Ал эми көкпардан Өмүрбек Эсен уулу аныкталып, сыйлыкты UFC чемпиону Валентина Шевченко тапшырды.Эскерте кетсек, эки онюдун финалында тең Кыргызстан менен Каазкстандын командалары кез келди. Көк бөрүдөн кыргыз тарап казак атаандаштарын 12:0 эсебинде жеңсе, жер улакта 7:2 эсеби менен утуп, тарыхта биринчи жолу чемпион аталды.Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев “Бишкек Аренанын” расмий ачылышы 5-октябрда акысыз чоң шоу-программанын коштоосунда өтөрүн билдирди. Анын айтымында, жаңы курулган стадиондун расмий ачылыш аземи президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен болот. Коноктор үчүн акысыз шоу-программа тартууланмакчы. Туманбаев бул Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катыша албай калгандар үчүн жакшы жаңылык экенин кошумчалады.“Мыкты улакчы” номинациясы Кыргызстан курама командасынын оюнчусу Кыяз Ниязовго ыйгарылды. Сыйлыкты аземде Көк бөрү федерациясынын президенти Айбек Шамшидин уулу тапшырды. Улакчы Кыяз Ниязовго VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын диплому жана 300 миң сом акчалай сыйлыктын сертификаты берилди. Белгилей кетсек, Кыяз Ниязов Кыргызстан менен Казакстандын курамалары кез келген көк бөрү оюнунун финалындагы оюнда атаандашынын тайказанына эки ирет улак таштаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/06/1103488738_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7e9876f0fcdf2b79a9c8a2f4ca23b26d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио