https://sputnik.kg/20260906/1103493871.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына 37,2 миң билет сатылып, 31 миллион 700 миң сом түшкөн. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты... 06.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-06T17:00+0600
2026-09-06T17:00+0600
2026-09-06T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/06/1103493705_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_57595f78a9088d0c15f1c0b7ba90308f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына 37,2 миң билет сатылып, 31 миллион 700 миң сом түшкөн. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.Кырчындагы маданий жана спорттук иш-чаралар, ошондой эле Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборуна кирүү акысыз болду."Рух Ордодогу", "Дордой Номаддагы" жана ат майдандагы айрым иш-чараларга билеттин баасы 500 сомду түздү. Жабылуу аземине билеттер 500 сомдон 4 миң сомго чейин, ал эми көк бөрү жана жер улак боюнча финалдарга билет 1000 сомдон сатылды."Бишкек Аренадагы" ачылыш аземине билеттер өзүнчө сатылгандыктан, бул статистикага кирген жок.
Көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык беттештерге билет сатып алып, бирок ипподромго кире албай же өзүнүн белгиленген орундугуна отура албай калгандарга билеттин акчасы кайтарылат. Бул тууралуу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Уюштуруу комитети билдирди.Каражатты кайтарып алуу үчүн билеттин төлөнгөнүн ырастаган чек же квитанцияны nebs@minculture.gov.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек. Ар бир кайрылуу текшерилгенден кийин 1000 сом кайтарылат.Эскерте кетсек, эки оюн тең бүгүн Чолпон-Атада өттү. Бүйүр кызыткан таймашты көрүүнү каалагандар көп болуп, стадионго билети жоктор да арбын барган. Кийин президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен каалоочулардын баары билетинин бар-жогуна карабай киргизилген.
UFC уюмунун учурдагы чемпиону Валентина Шевченко эми бир жыл мелдештерге чыкпайт. Бул тууралуу спортчу лиганын жетекчилигине билдирген.Шевченко жаракатынан улам кыргызстандык мушкер UFC чемпиондук курун коргоодон баш тартууга аргасыз болгон. Эми бош калган чемпиондук кур үчүн бразилиялык мушкер Наталия Силва кытайлык Ван Конг менен беттешет. Алардын таймашы октябрда АКШнын Солт-Лейк-Сити шаарында өтөт.
Европалык саясатчылардын Украина жаңжалын токтотуу жана Россия менен диалогго баруу тууралуу сөздөрү түккө турбайт. Бул тууралуу ТИМ башчысынын орун басары Алексанр Глушко Чыгыш экономикалык форумунун алкагында билдирди."Тынктыкка келүү, Россия менен сүйлөшүү керек деген сөздөр — өтөсүнө чыкпай турган куру кеп", — деди саясатчы.Дипломат иш жүзүндө ЕБдин саясаты НАТОнун багыты менен бирдей экенине токтолгон. Ал кеп Москваны стратегиялык жеңилүүгө дуушар кылуу үчүн жаңжалды создуктуруу тууралуу болуп жатканын белгиледи.Акыркы мезгилде Европа мамлекеттеринде Россия менен диалогду жандантуу чакырыгы көп жаңыра баштады. Еврокеңештин башчысы маселени блоктун мүчөлөрү менен талкуулап жатканын айтса, Макрон Москвага дипломатияык өкүлүн жебиргени маалым.Бельгияинын премьер-министри Барт де Вевер дүйнөлүк каатчылык шартында энергоресурс импорттоо үчүн байланышты калыбына келтирүү керектигин айтып келет. Европалыктар эртеби-кечпи, акыры кепке келиши керектигин фин президенти Александр Стубб да билдирген.Владимир Путин Россия менен Европага ортомчу катары Германиянын экс-канцлери Герхард Шредерди атаган болчу. Ошол эле учурда ал европалыктар ишеним арткан лидерди өздөрү тандашы керектигин белгилеген.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына 37,2 миң билет сатылып, 31 миллион 700 миң сом түшкөн. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.Кырчындагы маданий жана спорттук иш-чаралар, ошондой эле Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборуна кирүү акысыз болду."Рух Ордодогу", "Дордой Номаддагы" жана ат майдандагы айрым иш-чараларга билеттин баасы 500 сомду түздү. Жабылуу аземине билеттер 500 сомдон 4 миң сомго чейин, ал эми көк бөрү жана жер улак боюнча финалдарга билет 1000 сомдон сатылды."Бишкек Аренадагы" ачылыш аземине билеттер өзүнчө сатылгандыктан, бул статистикага кирген жок.Көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык беттештерге билет сатып алып, бирок ипподромго кире албай же өзүнүн белгиленген орундугуна отура албай калгандарга билеттин акчасы кайтарылат. Бул тууралуу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Уюштуруу комитети билдирди.Каражатты кайтарып алуу үчүн билеттин төлөнгөнүн ырастаган чек же квитанцияны nebs@minculture.gov.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек. Ар бир кайрылуу текшерилгенден кийин 1000 сом кайтарылат.Эскерте кетсек, эки оюн тең бүгүн Чолпон-Атада өттү. Бүйүр кызыткан таймашты көрүүнү каалагандар көп болуп, стадионго билети жоктор да арбын барган. Кийин президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен каалоочулардын баары билетинин бар-жогуна карабай киргизилген.UFC уюмунун учурдагы чемпиону Валентина Шевченко эми бир жыл мелдештерге чыкпайт. Бул тууралуу спортчу лиганын жетекчилигине билдирген.Шевченко жаракатынан улам кыргызстандык мушкер UFC чемпиондук курун коргоодон баш тартууга аргасыз болгон. Эми бош калган чемпиондук кур үчүн бразилиялык мушкер Наталия Силва кытайлык Ван Конг менен беттешет. Алардын таймашы октябрда АКШнын Солт-Лейк-Сити шаарында өтөт.Европалык саясатчылардын Украина жаңжалын токтотуу жана Россия менен диалогго баруу тууралуу сөздөрү түккө турбайт. Бул тууралуу ТИМ башчысынын орун басары Алексанр Глушко Чыгыш экономикалык форумунун алкагында билдирди."Тынктыкка келүү, Россия менен сүйлөшүү керек деген сөздөр — өтөсүнө чыкпай турган куру кеп", — деди саясатчы.Дипломат иш жүзүндө ЕБдин саясаты НАТОнун багыты менен бирдей экенине токтолгон. Ал кеп Москваны стратегиялык жеңилүүгө дуушар кылуу үчүн жаңжалды создуктуруу тууралуу болуп жатканын белгиледи.Акыркы мезгилде Европа мамлекеттеринде Россия менен диалогду жандантуу чакырыгы көп жаңыра баштады. Еврокеңештин башчысы маселени блоктун мүчөлөрү менен талкуулап жатканын айтса, Макрон Москвага дипломатияык өкүлүн жебиргени маалым.Бельгияинын премьер-министри Барт де Вевер дүйнөлүк каатчылык шартында энергоресурс импорттоо үчүн байланышты калыбына келтирүү керектигин айтып келет. Европалыктар эртеби-кечпи, акыры кепке келиши керектигин фин президенти Александр Стубб да билдирген.Владимир Путин Россия менен Европага ортомчу катары Германиянын экс-канцлери Герхард Шредерди атаган болчу. Ошол эле учурда ал европалыктар ишеним арткан лидерди өздөрү тандашы керектигин белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/06/1103493705_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3d72e3c579ede8b6bfce9faabb320c04.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио