БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргызстанда кечээ, 15-октябрда бир нече өлкөдөн келген мушкерлердин катышуусу менен JFC Fight Night 2016 турнири болуп өттү.
Аралаш мушташ боюнча беттешүүлөр Спорт ордосунда тартууланды. Ага 10 өлкөдөн келген спортчулар катышты, арасында Бразилия, Түркия, Грузия, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан да бар.
Турнирде жалпы жонунан сегиз — рейтингдик, төрт — башкы жана эки — JFC куру үчүн таймаш жүрдү. Иш-чарадагы башкы саамалык — кыз-келиндердин күч сынашканы болду.
Мындан тышкары, дагы үч беттешүү болуп, анын экөөндө кыргызстандыктар Тилек Машрапов менен Бахтияр Тойчубаев мыкты аталышты.
JFC чемпиондугу үчүн болгон мушташта да кыргызстандыктар жеңишке жетишти — Турсунбек Асылгазиев Бразилиядан келген Вилиан Сантос Силвадан күчтүү экенин далилдесе, Данияр Бабакулов казакстандык Артем Резниковду утуп алды.
Таймаштын жыйынтыгы дүйнөлүк sherdog.com порталына жарыяланат.