00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:00
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:58
1 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ачык кеп
1,67 миллион тексттик жуп: программисттер Gemma 4 модели менен теңтайлашкан кыргыз тили үчүн ЖИ моделин кантип түзүштү?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Өлкөдө карын эне кызматын Кыргызстандын жарандары үчүн гана жеткиликтүү кылуу сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаттары Болот Ибрагимов менен Чыңгыз Ажибаев демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Алар Кыргызстан чет элдиктер үчүн карын энеликтин борборуна айланып баратканын белгилешкен. Алардын айтымында, бул тармак жашыруун иштегендиктен так статистика жок. Буга чейин айрым кыргызстандык аялдар алданып, келишимде көрсөтүлгөн акчасын ала албай, ден соолугу начарлаганын айтып чыгышкан. Мыйзам долбоору аялдардын жана балдардын укугун коргоого, ошондой эле бул тармактагы мыйзамдык боштуктарды жоюуга багытталган.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков күз-кыш мезгилине даярдык боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Анда быйыл өлкөдө 19,6 миллиард кВт/саат электр энергиясы керектелери, анын 15,5 млрд кВт/сааты Кыргызстанда өндүрүлүп, жетпеген 4,1 млрд кВт/сааты сырттан сатып алынары белгиленди. Ошондой эле Токтогул суу сактагычында суу былтыркыдан аз экени, ошондуктан электр энергиясын белгиленген лимиттин чегинде колдонуу жана сууну үнөмдөө тапшырылды. Мындан сырткары, ГЭСтердеги гидроагрегаттарды жана ЖЭБдеги оңдоо иштерин өз убагында бүтүрүү талап кылынды.
Өлкөдө "Мал аман" мамлекеттик ишканасы түзүлүп, ага мал доктурлар ишке алынат. Бул тууралуу айыл чарба министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди. Анын айтымында, ишканага алгач 1,5 миң жеке ветеринар жумушка алынат. Алар малды эмдөө жана кан алып текшерүү сыяктуу мамлекеттик тапшырмаларды аткарганы үчүн айлык алышат. Ошондой эле малды дарылоого жана операция жасоого кардардан акы алышат. Аткаминер мал доктурларга 30-40 миң айлык бериле турганын белгиледи. Алардын ишине жараша бонустар дагы каралып, 100 миң сомго чейин жетиши мүмкүн экенин белгиледи. Ишкананы түзүү боюнча токтом долбоору азыр мамлекеттик органдар менен макулдашылууда. Толук кандуу жаңы жылдан тарта иштей баштайт.
Британиянын аскердик дрондору Кытайга маалымат жөнөткөнү аныкталганын Telegraph жазды. Маалыматка ылайык, дрон менен британиялык коргонуу компаниясы Kraken Technology Group камсыздаган. Бирок кийин жабдуулардын курамында Кытайда өндүрүлгөн компоненттер аныкталган. Камералар системанын иштөө абалы тууралуу техникалык маалыматтарды, анын ичинде интернетке туташып турганын жана кадимкидей иштеп жатканын көрсөткөн сигналдарды Кытайдагы IP-дарекке жөнөткөн. Окуя тастыкталгандан кийин Британиянын Коргоо министрлиги дрондорду интернеттен ажыраткан. Telegraph британ флоту жабдууну 2026-жылдын мартынан бери колдонуп келгенин жазды. Аппараттар Ормуз кысыгында кемелердин эркин өтүшү үчүн Лондон сунуштаган коргонуу пакетинде да камтылган. Буга чейин Кытайдын Улуу Британиядагы элчилиги өлкөдөгү айрым тараптар Пекинди жаманатты кылуу үчүн шпионаж боюнча иш токууга аракет кылып жатышканын билдирген.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 10 тыйынга юань 12 сом 97 тыйынга рубль 1 сом 6 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 86 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындын тегерегинде сатылууда.
Аба ырайы 11-августта өлкө аймагында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Шейшембиде республиканын айрым жерлеринде жаан-чачын жаайт. Айрыкча Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Жалпысынан алганда абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33...+38, Таласта +29...+34, Ысык-Көл облусунда +21...+26, Нарын регионунда +20...+25 градуска жетет. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +35...+37, Ош шаарында +36...+38, Чолпон-Атада +22...+24 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0