https://sputnik.kg/20260809/1102886375.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда сот аткаруучуларга соттун чечимисиз эле банктагы эсептерди бөгөттөп коюуга уруксат берүү сунушталууда. Мындай демилгени камтыган мыйзам долбоору... 09.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-09T15:00+0600
2026-08-09T15:00+0600
2026-08-09T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/09/1102886209_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_fb535498d6d30fa26c0cf85404b08bdc.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда сот аткаруучуларга соттун чечимисиз эле банктагы эсептерди бөгөттөп коюуга уруксат берүү сунушталууда. Мындай демилгени камтыган мыйзам долбоору коомдук талкууга илинди. Юстиция министрлиги бир нече мыйзамга өзгөртүү иштеп чыккан. Анын ичинде "Банктар жана банк ишмердиги жөнүндө" мыйзамы да бар. "Учурда эсептер тууралуу маалымат берүү жана каражаттарды камакка алуу соттун чечими менен гана жүргүзүлөт. Буга 30 күнгө чейин убакыт берилет. Иш жүзүндө бул сот чечимдерин аткаруунун создугушуна алып келүүдө. Ошондой эле сот аткаруучуларга камакты алып салуу укугу да берилет", — деп айтылган документтин негиздеме катында. Анда сот аткаруучунун токтомдорун сотко даттанууга болору белгиленген.
Бүгүн Кыргызстандагы Корумду чокусуна (Алай районунун аймагы) чыгып, бирок дайыны билинбей жаткан альпинисттердин чатырын ӨКМ куткаруучулары тапты. Бул тууралуу министрлик саат 11:20га карата берген маалыматында кабарлады. "Бүгүн альпинисттерди издөөнү улантуу үчүн Чоң-Алай райондук №88 ӨКБдан беш куткаруучу, Чек ара кызматынан беш кызматкер жана швейцариялык эки ыктыярчы жолго чыгып кетти. Ал эми кечээ ӨКМдин сегиз куткаруучусу издөөгө чыгып, 5000 метр бийиктикте түнөп калышкан", — деп билдирди ведомство. Министрликтин айтымында, Корумду чокусуна чыгып, дайынсыз болуп жаткан альпинисттердин экөө Беларустун, бирөө Литванын жарандары. Буга чейин Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигине Беларусь альпинизм федерациясы спортчулардын дайынсыз жоголгону тууралуу расмий кайрылганы маалым болгон. "Биз дароо ӨКМ менен ИИМге маалымат бердик. Альпинисттерден турган коомдук куткаруучулар тобу түзүлдү. ӨКМ жүргүзүп жаткан мониторингдин жыйынтыгын күтүп жатабыз. Издөө-куткаруу иштерине чыгууга даярбыз", — деген Эдуард Кубатов.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги социалдык тармактарда Улуттук тарых музейинин 4–5-кабаттары Кытай тарапка өткөрүлүп берилгени тууралуу тараган маалыматты четке какты. Министрликтин маалыматына ылайык, музейдин эч бир бөлүгү чет өлкөлүк мекемелерге менчикке, ижарага же туруктуу пайдаланууга берилген эмес.“Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр көргөзмөсү” 15-августтан 15-ноябрга чейин убактылуу өткөрүлөт. Көргөзмө музейдин туруктуу экспозициялык залдарында эмес, эл аралык жана убактылуу көргөзмөлөр үчүн каралган бош аянттарда уюштурулат.Ведомство көргөзмө музейдин макамын, укуктук статусун жана таандыктыгын өзгөртпөй турганын белгиледи.Министрлик жарандарды маалыматты расмий булактардан гана алууга жана такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды.
Германиянын жаратылыш газын камдагысы келбей жатканы Европа Биримдигин кышта бир топ кыйнап коюшу мүмкүн. Бул тууралуу Politico басылмасы жазды. “Германиянын экономикасы чоң болгондуктан, өлкөдөгү газ тартыштыгын коңшулары дароо сезет. Берлин корун калыбына келтирбесе, бүтүндөй ЕБде баа өсөт. Германиядагы газ ноябрда эле түгөнүп калышы мүмкүн”, — деп айтылат материалда. Акыркы жылдары ЕБ Россия менен узак мөөнөттүү келишимдерден баш тартып, суюлтулган газды кыска мөөнөткө, утурумдук кылып сатып алып жатканы кырдаалды ого бетер татаалдаштырган. Кечээ “Газпром” Европада газ кампаларын толтуруу көрсөткүчү рекорддук төмөн деңгээлге түшкөнүн билдирген. Ал эми ЕБ Кеңеши январда Россиядан суюлтулган жана труба аркылуу жеткирилүүчү газды импорттоодон этап-этабы менен баш тартуу боюнча регламентти бекиткен.
Кыргызстанда сот аткаруучуларга соттун чечимисиз эле банктагы эсептерди бөгөттөп коюуга уруксат берүү сунушталууда. Мындай демилгени камтыган мыйзам долбоору коомдук талкууга илинди. Юстиция министрлиги бир нече мыйзамга өзгөртүү иштеп чыккан. Анын ичинде "Банктар жана банк ишмердиги жөнүндө" мыйзамы да бар. "Учурда эсептер тууралуу маалымат берүү жана каражаттарды камакка алуу соттун чечими менен гана жүргүзүлөт. Буга 30 күнгө чейин убакыт берилет. Иш жүзүндө бул сот чечимдерин аткаруунун создугушуна алып келүүдө. Ошондой эле сот аткаруучуларга камакты алып салуу укугу да берилет", — деп айтылган документтин негиздеме катында. Анда сот аткаруучунун токтомдорун сотко даттанууга болору белгиленген.Бүгүн Кыргызстандагы Корумду чокусуна (Алай районунун аймагы) чыгып, бирок дайыны билинбей жаткан альпинисттердин чатырын ӨКМ куткаруучулары тапты. Бул тууралуу министрлик саат 11:20га карата берген маалыматында кабарлады. "Бүгүн альпинисттерди издөөнү улантуу үчүн Чоң-Алай райондук №88 ӨКБдан беш куткаруучу, Чек ара кызматынан беш кызматкер жана швейцариялык эки ыктыярчы жолго чыгып кетти. Ал эми кечээ ӨКМдин сегиз куткаруучусу издөөгө чыгып, 5000 метр бийиктикте түнөп калышкан", — деп билдирди ведомство. Министрликтин айтымында, Корумду чокусуна чыгып, дайынсыз болуп жаткан альпинисттердин экөө Беларустун, бирөө Литванын жарандары. Буга чейин Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигине Беларусь альпинизм федерациясы спортчулардын дайынсыз жоголгону тууралуу расмий кайрылганы маалым болгон. "Биз дароо ӨКМ менен ИИМге маалымат бердик. Альпинисттерден турган коомдук куткаруучулар тобу түзүлдү. ӨКМ жүргүзүп жаткан мониторингдин жыйынтыгын күтүп жатабыз. Издөө-куткаруу иштерине чыгууга даярбыз", — деген Эдуард Кубатов.Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги социалдык тармактарда Улуттук тарых музейинин 4–5-кабаттары Кытай тарапка өткөрүлүп берилгени тууралуу тараган маалыматты четке какты. Министрликтин маалыматына ылайык, музейдин эч бир бөлүгү чет өлкөлүк мекемелерге менчикке, ижарага же туруктуу пайдаланууга берилген эмес.“Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр көргөзмөсү” 15-августтан 15-ноябрга чейин убактылуу өткөрүлөт. Көргөзмө музейдин туруктуу экспозициялык залдарында эмес, эл аралык жана убактылуу көргөзмөлөр үчүн каралган бош аянттарда уюштурулат.Ведомство көргөзмө музейдин макамын, укуктук статусун жана таандыктыгын өзгөртпөй турганын белгиледи.Министрлик жарандарды маалыматты расмий булактардан гана алууга жана такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды.Германиянын жаратылыш газын камдагысы келбей жатканы Европа Биримдигин кышта бир топ кыйнап коюшу мүмкүн. Бул тууралуу Politico басылмасы жазды. “Германиянын экономикасы чоң болгондуктан, өлкөдөгү газ тартыштыгын коңшулары дароо сезет. Берлин корун калыбына келтирбесе, бүтүндөй ЕБде баа өсөт. Германиядагы газ ноябрда эле түгөнүп калышы мүмкүн”, — деп айтылат материалда. Акыркы жылдары ЕБ Россия менен узак мөөнөттүү келишимдерден баш тартып, суюлтулган газды кыска мөөнөткө, утурумдук кылып сатып алып жатканы кырдаалды ого бетер татаалдаштырган. Кечээ “Газпром” Европада газ кампаларын толтуруу көрсөткүчү рекорддук төмөн деңгээлге түшкөнүн билдирген. Ал эми ЕБ Кеңеши январда Россиядан суюлтулган жана труба аркылуу жеткирилүүчү газды импорттоодон этап-этабы менен баш тартуу боюнча регламентти бекиткен.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/09/1102886209_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7069076707a46076c1ce27502ca21dbf.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио