https://sputnik.kg/20260809/1102880416.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 8 балага үй шартында дем алдыруучу аппарат берилди. Маалыматка караганда, өлкө башчынын чечими менен республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп, 8... 09.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-09T08:59+0600
2026-08-09T08:59+0600
2026-08-09T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/09/1102880250_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_82dc0179efe13204fdf0a824bda05b1d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 8 балага үй шартында дем алдыруучу аппарат берилди. Маалыматка караганда, өлкө башчынын чечими менен республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп, 8 бала үй шартында колдонууга ылайыкталган жасалма дем алдыруучу аппарат менен камсыз болгон. Андан тышкары дагы 9 балага бир жылга жеткидей трахеостомиялык түтүктөр, чыпкалар жана башка керектүү медициналык буюмдар берилген. Аларды саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов тапшырган. Буга чейин мындай балдардын ата-энелери аппараттарды жана керектүү каражаттарды өз каражатына сатып алууга же кайрымдуулук уюмдарынан жардам суроого аргасыз болушкан. Мындан улам президентке кайрылышкан.
Москвада жана Москва облусунда жүргөн кыргызстандыктарга миграциялык каттоого туруу үчүн "Амина"мобилдик тиркемесин колдонууга милдеттүү болгон чет өлкөлүктөрдүн тизмеси кеңейтилгени эскертилди. 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып жаңы талаптар 18 жашка толо элек балдардан тышкары, жарандардын кыйла кеңири чөйрөсүнө жайылтылат. Москва жана Москва облусунун билим берүү уюмдарында окуган 18 жаштан жогорку студенттер; Бул аймактарда эмгектенип жүргөн жарандардын үй-бүлө мүчөлөрү; Жеке, коноктук, туристтик жана башка максаттар менен келип, калуу мөөнөтү 90 күндөн ашкан чет өлкөлүктөр тиркемени орнотуп, зарыл болгон процедуралардан өтүү менен миграциялык учетко турууга милдеттүү болот. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө "Амина" тиркемесин алдын ала орнотуп, Россия Федерациясынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык өз убагында миграциялык учетко турууну сунуштайт.
Кыргызстанда 2015-жылдан бери 80,4 миң даана алтын куймасы сатылганын Улуттук банк билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 426 кг алтын куймасы кайра Улуттук банкка сатылган. Бул дээрлик 44 миң даана куйманы түзөт. Алтын куймаларын сатып алуунун эң жогорку көрсөткүчү былтыр катталган. 2025-жылы дээрлик 40 миң даана алтын куйма сатылып, 18 миңден ашыгы кайра өткөргөн. Улуттук банк алтын куймаларын сатуу жана кайра сатып алуу иштерин 2015-жылдын май айында баштаган. Максаты — элге каражатын инвестициялоого мүмкүнчүлүк берүү.
Бишкекке Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын символу болгон касиеттүү мөңгү суусу алып келинди. Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев "Биримдик кербени" долбоорунун алкагында бийик тоодогу булактан алынып көөкөргө куюлган сууну кабыл алды. Анын айтымында, бул демилге улуттук биримдик идеясын чагылдырат. Иш-чаранын алкагында шаар тургундары жана коноктору үчүн концерттик программа уюштурулду. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталганга чейин суу куюлган идиш "Асанбай" кичи районундагы А-Банктын филиалында сакталат, ал жерден каалоочулар аны көрүп, эстеликке сүрөткө түшө алышат. "Биримдик кербени" долбоору Кыргызстандын бардык аймактарын камтыйт. Анын максаты — элдин ынтымагынын жана руханий байланышынын символу катары өлкөнүн ыйык булактарынан алынган сууну бириктирүү.
АКШнын Коргоо министрлиги Украинага жардам кө
Кыргызстанда 8 балага үй шартында дем алдыруучу аппарат берилди. Маалыматка караганда, өлкө башчынын чечими менен республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп, 8 бала үй шартында колдонууга ылайыкталган жасалма дем алдыруучу аппарат менен камсыз болгон. Андан тышкары дагы 9 балага бир жылга жеткидей трахеостомиялык түтүктөр, чыпкалар жана башка керектүү медициналык буюмдар берилген. Аларды саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов тапшырган. Буга чейин мындай балдардын ата-энелери аппараттарды жана керектүү каражаттарды өз каражатына сатып алууга же кайрымдуулук уюмдарынан жардам суроого аргасыз болушкан. Мындан улам президентке кайрылышкан. Москвада жана Москва облусунда жүргөн кыргызстандыктарга миграциялык каттоого туруу үчүн "Амина"мобилдик тиркемесин колдонууга милдеттүү болгон чет өлкөлүктөрдүн тизмеси кеңейтилгени эскертилди. 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып жаңы талаптар 18 жашка толо элек балдардан тышкары, жарандардын кыйла кеңири чөйрөсүнө жайылтылат. Москва жана Москва облусунун билим берүү уюмдарында окуган 18 жаштан жогорку студенттер; Бул аймактарда эмгектенип жүргөн жарандардын үй-бүлө мүчөлөрү; Жеке, коноктук, туристтик жана башка максаттар менен келип, калуу мөөнөтү 90 күндөн ашкан чет өлкөлүктөр тиркемени орнотуп, зарыл болгон процедуралардан өтүү менен миграциялык учетко турууга милдеттүү болот. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө "Амина" тиркемесин алдын ала орнотуп, Россия Федерациясынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык өз убагында миграциялык учетко турууну сунуштайт. Кыргызстанда 2015-жылдан бери 80,4 миң даана алтын куймасы сатылганын Улуттук банк билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 426 кг алтын куймасы кайра Улуттук банкка сатылган. Бул дээрлик 44 миң даана куйманы түзөт. Алтын куймаларын сатып алуунун эң жогорку көрсөткүчү былтыр катталган. 2025-жылы дээрлик 40 миң даана алтын куйма сатылып, 18 миңден ашыгы кайра өткөргөн. Улуттук банк алтын куймаларын сатуу жана кайра сатып алуу иштерин 2015-жылдын май айында баштаган. Максаты — элге каражатын инвестициялоого мүмкүнчүлүк берүү.Бишкекке Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын символу болгон касиеттүү мөңгү суусу алып келинди. Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев "Биримдик кербени" долбоорунун алкагында бийик тоодогу булактан алынып көөкөргө куюлган сууну кабыл алды. Анын айтымында, бул демилге улуттук биримдик идеясын чагылдырат. Иш-чаранын алкагында шаар тургундары жана коноктору үчүн концерттик программа уюштурулду. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталганга чейин суу куюлган идиш "Асанбай" кичи районундагы А-Банктын филиалында сакталат, ал жерден каалоочулар аны көрүп, эстеликке сүрөткө түшө алышат. "Биримдик кербени" долбоору Кыргызстандын бардык аймактарын камтыйт. Анын максаты — элдин ынтымагынын жана руханий байланышынын символу катары өлкөнүн ыйык булактарынан алынган сууну бириктирүү.АКШнын Коргоо министрлиги Украинага жардам кө
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/09/1102880250_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c209418b450694006a4bace75db5ce1a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио