https://sputnik.kg/20260810/1102891793.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Социалдык фонддун жетекчиси Бактияр Алиев Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсияларды индексациялоо жана жогорулатуу пландалып жатканын билдирди. Анын... 10.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-10T08:59+0600
2026-08-10T08:59+0600
2026-08-10T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/0a/1102891627_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a21fe3dd3665549f44ab4af94003d3ee.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Социалдык фонддун жетекчиси Бактияр Алиев Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсияларды индексациялоо жана жогорулатуу пландалып жатканын билдирди. Анын айтымында, жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, өлкөдөгү минималдуу пенсиянын өлчөмү 8 800 сомдон кем эмес деп белгиленет. Пенсияларды жогорулатуунун негизги эрежелери жана көрсөткүчтөрү: жалпы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга көтөрүлөт. Натыйжада эгер пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 10 000 сом болсо, ага 2 000 сом кошулат. 15 000 сомго 3 000 сом, ал эми 20 000ге 4 000 сом кошулат; 1-октябрга карата өлкө боюнча пенсионерлердин жалпы саны 803 миң адамга жетет; Кыргызстанда 50 000 сомдон жогору пенсия алгандардын саны 1,5 миңден ашат. Пенсияны жогорулатуу үчүн Социалдык фонд тарабынан IV кварталга (жыл аягына чейин) кошумча 4 миллиард 400 миллион сом каралат. Ал эми кийинки жылга аталган максаттарга 17 миллиард 600 миллион сом талап кылынат. Жалпысынан Социалдык фонд пенсияларды жогорулатууга кошумча 22 миллиард сом бөлөт.
Кыргызстандын жалпы экспортунун 24,4 пайызы Россияга туура келет. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка караганда, 2021-жылы Кыргызстан экспорттогон товардын 14,3 пайызы Россияга жөнөтүлүп, жалпы көлөмү 393 миллион долларды түзгөн. Ал эми былтыр Россия 738,5 миллион долларлык товар сатып алып, жалпы экспорттун 24,4 пайызы ушул өлкөгө кеткен.
Орто кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуунун 5-турунда негизги тесттин босого баллы 80 баллга чейин төмөндөтүлдү.Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маалыматына ылайык, 5-тур 10-августта башталат. Абитуриенттер адистиктер боюнча конкурска кошумча предметтик тесттердин жыйынтыгын эске албастан катыша алышат.Чечим жарандардын жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын ассоциациясынын кайрылууларынын негизинде, ошондой эле колледждерге кабыл алуу планын аткаруу максатында кабыл алынган.
ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарында мобилдик госпиталь иштеп, 600дөн ашык медик тартылат Саламаттык сактоо министрлиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүүчү жайларда мобилдик госпиталь, медициналык пунктулар жана көчмө медициналык бөлүмдөр иштей турганын билдирди. Министрликте медициналык кызматтардын ишин күнү-түнү көзөмөлдөп, жөндөй турган ыкчам штаб түзүлдү. Ошондой эле медициналык бригадалардын, дары-дармектердин, жабдуулардын жана жеке коргонуу каражаттарын камдашты. Мындан тышкары, коноктор жайгаша турган, тамактана турган жана эс ала турган жайлар, ошондой эле ичүүчү суунун сапаты санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө алынат.
Социалдык фонддун жетекчиси Бактияр Алиев Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсияларды индексациялоо жана жогорулатуу пландалып жатканын билдирди. Анын айтымында, жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, өлкөдөгү минималдуу пенсиянын өлчөмү 8 800 сомдон кем эмес деп белгиленет. Пенсияларды жогорулатуунун негизги эрежелери жана көрсөткүчтөрү: жалпы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга көтөрүлөт. Натыйжада эгер пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 10 000 сом болсо, ага 2 000 сом кошулат. 15 000 сомго 3 000 сом, ал эми 20 000ге 4 000 сом кошулат; 1-октябрга карата өлкө боюнча пенсионерлердин жалпы саны 803 миң адамга жетет; Кыргызстанда 50 000 сомдон жогору пенсия алгандардын саны 1,5 миңден ашат. Пенсияны жогорулатуу үчүн Социалдык фонд тарабынан IV кварталга (жыл аягына чейин) кошумча 4 миллиард 400 миллион сом каралат. Ал эми кийинки жылга аталган максаттарга 17 миллиард 600 миллион сом талап кылынат. Жалпысынан Социалдык фонд пенсияларды жогорулатууга кошумча 22 миллиард сом бөлөт.Кыргызстандын жалпы экспортунун 24,4 пайызы Россияга туура келет. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка караганда, 2021-жылы Кыргызстан экспорттогон товардын 14,3 пайызы Россияга жөнөтүлүп, жалпы көлөмү 393 миллион долларды түзгөн. Ал эми былтыр Россия 738,5 миллион долларлык товар сатып алып, жалпы экспорттун 24,4 пайызы ушул өлкөгө кеткен. Орто кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуунун 5-турунда негизги тесттин босого баллы 80 баллга чейин төмөндөтүлдү.Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маалыматына ылайык, 5-тур 10-августта башталат. Абитуриенттер адистиктер боюнча конкурска кошумча предметтик тесттердин жыйынтыгын эске албастан катыша алышат.Чечим жарандардын жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын ассоциациясынын кайрылууларынын негизинде, ошондой эле колледждерге кабыл алуу планын аткаруу максатында кабыл алынган.ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарында мобилдик госпиталь иштеп, 600дөн ашык медик тартылат Саламаттык сактоо министрлиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүүчү жайларда мобилдик госпиталь, медициналык пунктулар жана көчмө медициналык бөлүмдөр иштей турганын билдирди. Министрликте медициналык кызматтардын ишин күнү-түнү көзөмөлдөп, жөндөй турган ыкчам штаб түзүлдү. Ошондой эле медициналык бригадалардын, дары-дармектердин, жабдуулардын жана жеке коргонуу каражаттарын камдашты. Мындан тышкары, коноктор жайгаша турган, тамактана турган жана эс ала турган жайлар, ошондой эле ичүүчү суунун сапаты санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө алынат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/0a/1102891627_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_26296d1a81ce795b4ad0ab8f00c4a0cf.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио