00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:00
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
1,67 миллион тексттик жуп: программисттер Gemma 4 модели менен теңтайлашкан кыргыз тили үчүн ЖИ моделин кантип түзүштү?
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
11 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
18 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
2026-жылдын жети айында 387 этникалык кыргызга кайрылман макамы берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, быйыл кайрылман макамын алгандардын басымдуу бөлүгү, 351 адам, Тажикстандан келген. Мындан тышкары, Өзбекстандан — 16, Кытайдан — 10, Россиядан — 5, Афганстандан бир жана башка өлкөлөрдөн төрт этникалык кыргыз макам алган. Кайрылман макамы атайын ведомстволор аралык комиссия тарабынан берилет. Арыз кароо мөөнөтү үч айга чейин созулат. Алар Кыргызстанда социалдык жөлөк пул, пенсия алуу, медициналык жардам, билим алуу жана иштөө укугуна ээ. Кайрылман күбөлүгү үч жылга берилет. Ушул мөөнөттүн ичинде макамдын ээси Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн арыз берүүгө тийиш. Белгилей кетсек, өлкө эгемендүүлүк алгандан бери 90 миңден ашуун этникалык кыргыз көчүп келген. Алардын 70 миңге жакыны кийин Кыргызстандын жарандыгын алышкан.
Каракол шаарындагы Кашка-Суу кичи районунда 12 гектар аянтты ээлеген заманбап спорт шаарчасынын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Объекттин курулуш иштеринин жүрүшүн министр Нурдан Орунтаев текшерди. Долбоордун алкагында 275 орундуу спорт интернаты, 5 миң көрүүчүгө ылайыкталган көп функционалдуу спорт комплекси, олимпиадалык стандарттагы бассейн жана 200 орундуу мейманкана курулат. Учурда пайдубалдарды куруу, темир-бетон конструкцияларын даярдоо жана мейманкана менен ресторандын айрым конструкция иштери жүргүзүлүүдө. Бассейн курула турган жерде жер казуу иштери башталды. Министр курулуштун сапатына көңүл буруп, объектти белгиленген мөөнөттө бүткөрүү жана техникалык талаптарды так сактоо боюнча тапшырмаларды берди.
Бажы пункттарында утилизациялык жыйым боюнча маалыматтык такталар орнотулду"Түндүк-Чыгыш" бажысында жана “Түндүк” темир жол бажыларында маалыматтык стенддер орнотулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, такталар “Эко Оператор” мамлекеттик ишканасы тарабынан тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларын утилизациялык жыйымды төлөө тартиби боюнча маалымдоо иштеринин алкагында орнотулду.
Британиянын аскердик дрондору Кытайга маалымат жөнөткөнү аныкталганын Telegraph жазды. Маалыматка ылайык, дрон менен британиялык коргонуу компаниясы Kraken Technology Group камсыздаган. Бирок кийин жабдуулардын курамында Кытайда өндүрүлгөн компоненттер аныкталган. Камералар системанын иштөө абалы тууралуу техникалык маалыматтарды, анын ичинде интернетке туташып турганын жана кадимкидей иштеп жатканын көрсөткөн сигналдарды Кытайдагы IP-дарекке жөнөткөн. Окуя тастыкталгандан кийин Британиянын Коргоо министрлиги дрондорду интернеттен ажыраткан. Telegraph британ флоту жабдууну 2026-жылдын мартынан бери колдонуп келгенин жазды. Аппараттар Ормуз кысыгында кемелердин эркин өтүшү үчүн Лондон сунуштаган коргонуу пакетинде да камтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0