https://sputnik.kg/20260810/1102896650.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаардык сотунда "75чилер каты" боюнча соттук жараян кийинкиге жылып, 13-августта өтмөй болду. Бул тууралуу Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Жыргалбек... 10.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-10T11:00+0600
2026-08-10T11:00+0600
2026-08-10T12:06+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/0a/1102896484_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_477934a280513f728d208f5142d275de.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаардык сотунда "75чилер каты" боюнча соттук жараян кийинкиге жылып, 13-августта өтмөй болду. Бул тууралуу Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Жыргалбек Бабаев билдирди. Анын айтымында, айыпталуучу жана адвокаттар прокуратуранын доо арызы менен тааныша элек. Эскерте кетсек, процесс бүгүнкүгө белгиленип, жабык өтөрү айтылган. Отурумга УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, мурунку баш прокурор Курманбек Зулушев, ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов, мурдагы премьер-министрдин аппарат жетекчиси Бекболот Талгарбеков, экс-вице-премьер Аалы Карашев жана башкалар да келишти. Биринчи май райондук соту Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев жана Нурланбек Тургунбек уулун "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча актап, бирок "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен күнөөлүү деп тапкан. Биринчи инстанциянын өкүмүнө ылайык, алардын мүлкү конфискацияланып, төрт жылга кесилишкен. Бирок сот баарына үч жылдан пробация берген.
Алайдагы дайынсыз болуп жаткан альпинисттердин аты-жөнү белгилүү болду Издөө иштерине каражат чогултуу үчүн ачылган сайттагы маалыматка караганда, альпинисттер 1-августта толук курамда Корумду чокусуна чыгышкан. 2-августта акыркы жолу байланышка чыгып, 4-августта топту күтүп турган унаага келишкен эмес. Учурда ӨКМ альпинисттерди дрон менен издеп жатат. Дайынсыз болуп жаткан 43 жаштагы Максим Полянский жана 60 жаштагы Николай Свиридов — Беларустун жарандары. Экөө тең “Ак илбирс” наамына ээ. Үчүнчү дайынсыз болуп жаткан альпинист — Литванын 37 жаштагы жараны Сергей Рубцов. Ал да буга чейин бир нече тоо жүрүшүнө катышкан.
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусунда салынып жаткан селден коргоочу курулмаларды көрүп чыкты. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.Темир айылында сел суулары үчүн 2040 метрлик Арчалуу каналы курулуп жатат. Анда 11 ички тосмо болот. Курулмалар түшкөндөн кийин сел 200дөн ашуун турак жайга, ички жолдорго жана Бишкек — Каракол жолунун 600 метрлик бөлүгүнө коркунуч жаратпай калат. Кашат айылында Чоң-Ак-Суу суусунун эки жээги бекемделип жатканы айтылды. Иштер турак үйлөрдү бойлой кеткен 1000 метр жерде жүрүүдө. Бул аракет там-ташты, конок үйлөрдү, жемиш бактарын жана Бишкек — Каракол жолунун 200 метрлик бөлүгүн суу каптоодон сактайт.
АКШнын кургактагы аскер күчү кымбатчылыктан улам 2027-жылы Patriot системасы үчүн абадан коргонуу ракеталарын тийиштүү көлөмдөн азыраак алат. Бул тууралуу расмий документтерге таянуу менен РИА Новости жазды. Маалыматта Patriot PAC-3 MSE ракетасы 30 пайыздан ашырыгаак кымбаттаганы айтылган. Эгер 2023-жылы 3,825 миллион доллар турса, 2027-жылы бир ракетанын наркы 4,988 миллион деп болжолдонууда. Баанын өсүшү 2025-жылкы буйрутманын наркына таасир эткен. Бөлүнгөн 885,7 миллион долларга алгач 230 техника алуу пландалса, баасын карап чыккандан кийин 194кө чейин кыскарган. Бул партия 2027-жылдын күзүндө гана жеткиликтүү болот. Деген менен Вашингтондо мындай ракеталарга суроо-талап кескин жогорулады. 2025-жылдын апрелинен тарта муктаждык төрт эсеге көбөйгөн. Өткөн шейшемби күнү CNN Америка Иранга каршы операциясында колундагы системанын теңин пайдаланып салганын жазган. Мындан тышкары, Пентагон ушу кезге чейин, 2022-жылдан бери Украинага жөнөтүлгөн техниканын ордун толтуруп келет.
Бишкек шаардык сотунда "75чилер каты" боюнча соттук жараян кийинкиге жылып, 13-августта өтмөй болду. Бул тууралуу Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Жыргалбек Бабаев билдирди. Анын айтымында, айыпталуучу жана адвокаттар прокуратуранын доо арызы менен тааныша элек. Эскерте кетсек, процесс бүгүнкүгө белгиленип, жабык өтөрү айтылган. Отурумга УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, мурунку баш прокурор Курманбек Зулушев, ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов, мурдагы премьер-министрдин аппарат жетекчиси Бекболот Талгарбеков, экс-вице-премьер Аалы Карашев жана башкалар да келишти. Биринчи май райондук соту Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев жана Нурланбек Тургунбек уулун "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча актап, бирок "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен күнөөлүү деп тапкан. Биринчи инстанциянын өкүмүнө ылайык, алардын мүлкү конфискацияланып, төрт жылга кесилишкен. Бирок сот баарына үч жылдан пробация берген. Алайдагы дайынсыз болуп жаткан альпинисттердин аты-жөнү белгилүү болду Издөө иштерине каражат чогултуу үчүн ачылган сайттагы маалыматка караганда, альпинисттер 1-августта толук курамда Корумду чокусуна чыгышкан. 2-августта акыркы жолу байланышка чыгып, 4-августта топту күтүп турган унаага келишкен эмес. Учурда ӨКМ альпинисттерди дрон менен издеп жатат. Дайынсыз болуп жаткан 43 жаштагы Максим Полянский жана 60 жаштагы Николай Свиридов — Беларустун жарандары. Экөө тең “Ак илбирс” наамына ээ. Үчүнчү дайынсыз болуп жаткан альпинист — Литванын 37 жаштагы жараны Сергей Рубцов. Ал да буга чейин бир нече тоо жүрүшүнө катышкан. Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусунда салынып жаткан селден коргоочу курулмаларды көрүп чыкты. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.Темир айылында сел суулары үчүн 2040 метрлик Арчалуу каналы курулуп жатат. Анда 11 ички тосмо болот. Курулмалар түшкөндөн кийин сел 200дөн ашуун турак жайга, ички жолдорго жана Бишкек — Каракол жолунун 600 метрлик бөлүгүнө коркунуч жаратпай калат. Кашат айылында Чоң-Ак-Суу суусунун эки жээги бекемделип жатканы айтылды. Иштер турак үйлөрдү бойлой кеткен 1000 метр жерде жүрүүдө. Бул аракет там-ташты, конок үйлөрдү, жемиш бактарын жана Бишкек — Каракол жолунун 200 метрлик бөлүгүн суу каптоодон сактайт. АКШнын кургактагы аскер күчү кымбатчылыктан улам 2027-жылы Patriot системасы үчүн абадан коргонуу ракеталарын тийиштүү көлөмдөн азыраак алат. Бул тууралуу расмий документтерге таянуу менен РИА Новости жазды. Маалыматта Patriot PAC-3 MSE ракетасы 30 пайыздан ашырыгаак кымбаттаганы айтылган. Эгер 2023-жылы 3,825 миллион доллар турса, 2027-жылы бир ракетанын наркы 4,988 миллион деп болжолдонууда. Баанын өсүшү 2025-жылкы буйрутманын наркына таасир эткен. Бөлүнгөн 885,7 миллион долларга алгач 230 техника алуу пландалса, баасын карап чыккандан кийин 194кө чейин кыскарган. Бул партия 2027-жылдын күзүндө гана жеткиликтүү болот. Деген менен Вашингтондо мындай ракеталарга суроо-талап кескин жогорулады. 2025-жылдын апрелинен тарта муктаждык төрт эсеге көбөйгөн. Өткөн шейшемби күнү CNN Америка Иранга каршы операциясында колундагы системанын теңин пайдаланып салганын жазган. Мындан тышкары, Пентагон ушу кезге чейин, 2022-жылдан бери Украинага жөнөтүлгөн техниканын ордун толтуруп келет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/0a/1102896484_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c5e313811218db804fcb89a93a25392d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио