https://sputnik.kg/20260809/1102887548.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
2026-жылдын апрель-июнь айларында Кыргызстанда бир адамдын жашоо минимуму орточо 9 900 сомго жакын болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди... 09.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-09T17:00+0600
2026-08-09T17:00+0600
2026-08-09T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/09/1102887382_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0df2a7740fddc013626720e912b53ad3.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
2026-жылдын апрель-июнь айларында Кыргызстанда бир адамдын жашоо минимуму орточо 9 900 сомго жакын болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Мекеме аталган каражатты 6 400 сом — азык-түлүккө; 1 600 сом — кийим-кече жана башка керектүү товарларга; 1 700 сом — кызмат көрсөтүүлөргө; 200 сом — салыктарга деп эсептеген. Статком бул орточо көрсөткүч экенин белгиледи. Эмгекке жарамдуу адамдар үчүн жашоо минимуму мындан 1 200 сомго жогору. Ал эми пенсионерлер жана балдар үчүн 1 200–1 500 сомго төмөн.
Кыргызстан менен Россия бирдиктүү мобилдик байланыш операторун түзүү долбоорун ишке ашырууда. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков билдирди. Анын айтымында, долбоор Beeline Кыргызстан жана "Билайн Россия" компаниялары тарабынан РКӨФтүн каржылык колдоосу менен жүзөгө ашырылат. Долбоордун алкагында мобилдик байланыш, санариптик кызматтар жана ыңгайлуу акча которуу сервистери бирдиктүү системага бириктирилет. Жаңы мобилдик оператор биринчи кезекте Россияда эмгектенип жүргөн кыргызстандык мигранттар үчүн пайдалуу болот. Абоненттер SIM-картасын алмаштырбай эле мурдагы телефон номерин, тарифин жана санарип капчыгын колдоно алышат. Мындан тышкары, келечекте мындай долбоорду Тажикстан менен Өзбекстанда да ишке ашыруу пландалууда.
Дайыны чыкпай жаткан альпинисттердин чатыры табылып, ичинде эч ким жок болуп чыккан ӨКМ издөө иштерин улантып жатканын билдирди. Дайынсыз болгон топто Беларустун эки жана Литванын бир жараны бар. “8-августта ӨКМдин куткаруучулары аларды издеп, 5 миң метр бийиктикте түнөшкөн. Бүгүн аларга атайын техника менен беш куткаруучу, Чек ара кызматынын беш кызматкери жана Швейцариялык эки ыктыярчы гид кошулду”, — деп айтылат маалыматта.
Британиянын Башкы штабынын жетекчиси Ричард Найтон Украинадагы дрон операторлорунун адам өлтүрүүнү оюнга айлантканын айыптады. Ал бул тууралуу Heywood Quarterly басылмасына берген маегинде айткан. Найтондун айтымында, Украинанын Пилотсуз системалар күчтөрүнүн жашыруун башкаруу борборундагы чоң экранда жок кылынган буталардын эсеби жүргүзүлүп, ар бирине упай түрүндө "баа" коюлат. Оператор тастыкталган сокку үчүн балл алып, аны интернет-дүкөнгө окшош жабык сайт аркылуу жаңы дрондорго жумшай алат. "Оюнга айланган бул жорук мага эле эмес, көпчүлүккө жакпай, үрөй учурса керек", — деген Башкы штабдын жетекчиси. Буга чейин Sky News телеканалы Украинада дрондорду жасаган жашыруун заводдордун түйүнү иштеп жатканын билдирген. Ишкананын өкүлдөрүнүн айтымында, өндүрүшкө кеткен каражат эл аралык коомчулуктан түшүүдө. Бейшембиде Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн мурдагы башкы командачысы, учурда Улуу Британиядагы элчи Валерий Залужный Киевде өткөн элчилердин жалпы жыйынында Украина согуш талаасында жаңы ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн түгөткөнүн билдирди. Анын айтымында, Украина НАТОнун куралдануусундагы Tomahawk ракеталары, өзөктүк курал, авианосецтер жана F-35 учактарынан башка дээрлик бардык курал түрлөрүн колдонуп бүттү.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 77 тыйынга юань 12 сом 96 тыйынга рубль 1 сом 6 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 86 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындын тегерегинде сатылууда.
Аба ырайы 10-августта өлкө аймагында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 10-августка караган түнү, Нарын облусунун айрым жерлеринде, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Абанын температурасы Чүй +32...+37, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34...+39, Таласта +29...+34, Ысык-Көл облусунда +23...+28, Нарын регионунда +21...+26 градуска жетет. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +34...+36, Ош шаарында +36...+38, Чолпон-Атада +23...+25 градусту көрсөтөт.
2026-жылдын апрель-июнь айларында Кыргызстанда бир адамдын жашоо минимуму орточо 9 900 сомго жакын болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Мекеме аталган каражатты 6 400 сом — азык-түлүккө; 1 600 сом — кийим-кече жана башка керектүү товарларга; 1 700 сом — кызмат көрсөтүүлөргө; 200 сом — салыктарга деп эсептеген. Статком бул орточо көрсөткүч экенин белгиледи. Эмгекке жарамдуу адамдар үчүн жашоо минимуму мындан 1 200 сомго жогору. Ал эми пенсионерлер жана балдар үчүн 1 200–1 500 сомго төмөн.Кыргызстан менен Россия бирдиктүү мобилдик байланыш операторун түзүү долбоорун ишке ашырууда. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков билдирди. Анын айтымында, долбоор Beeline Кыргызстан жана "Билайн Россия" компаниялары тарабынан РКӨФтүн каржылык колдоосу менен жүзөгө ашырылат. Долбоордун алкагында мобилдик байланыш, санариптик кызматтар жана ыңгайлуу акча которуу сервистери бирдиктүү системага бириктирилет. Жаңы мобилдик оператор биринчи кезекте Россияда эмгектенип жүргөн кыргызстандык мигранттар үчүн пайдалуу болот. Абоненттер SIM-картасын алмаштырбай эле мурдагы телефон номерин, тарифин жана санарип капчыгын колдоно алышат. Мындан тышкары, келечекте мындай долбоорду Тажикстан менен Өзбекстанда да ишке ашыруу пландалууда. Дайыны чыкпай жаткан альпинисттердин чатыры табылып, ичинде эч ким жок болуп чыккан ӨКМ издөө иштерин улантып жатканын билдирди. Дайынсыз болгон топто Беларустун эки жана Литванын бир жараны бар. “8-августта ӨКМдин куткаруучулары аларды издеп, 5 миң метр бийиктикте түнөшкөн. Бүгүн аларга атайын техника менен беш куткаруучу, Чек ара кызматынын беш кызматкери жана Швейцариялык эки ыктыярчы гид кошулду”, — деп айтылат маалыматта. Британиянын Башкы штабынын жетекчиси Ричард Найтон Украинадагы дрон операторлорунун адам өлтүрүүнү оюнга айлантканын айыптады. Ал бул тууралуу Heywood Quarterly басылмасына берген маегинде айткан. Найтондун айтымында, Украинанын Пилотсуз системалар күчтөрүнүн жашыруун башкаруу борборундагы чоң экранда жок кылынган буталардын эсеби жүргүзүлүп, ар бирине упай түрүндө "баа" коюлат. Оператор тастыкталган сокку үчүн балл алып, аны интернет-дүкөнгө окшош жабык сайт аркылуу жаңы дрондорго жумшай алат. "Оюнга айланган бул жорук мага эле эмес, көпчүлүккө жакпай, үрөй учурса керек", — деген Башкы штабдын жетекчиси. Буга чейин Sky News телеканалы Украинада дрондорду жасаган жашыруун заводдордун түйүнү иштеп жатканын билдирген. Ишкананын өкүлдөрүнүн айтымында, өндүрүшкө кеткен каражат эл аралык коомчулуктан түшүүдө. Бейшембиде Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн мурдагы башкы командачысы, учурда Улуу Британиядагы элчи Валерий Залужный Киевде өткөн элчилердин жалпы жыйынында Украина согуш талаасында жаңы ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн түгөткөнүн билдирди. Анын айтымында, Украина НАТОнун куралдануусундагы Tomahawk ракеталары, өзөктүк курал, авианосецтер жана F-35 учактарынан башка дээрлик бардык курал түрлөрүн колдонуп бүттү.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 77 тыйынга юань 12 сом 96 тыйынга рубль 1 сом 6 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 86 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындын тегерегинде сатылууда.Аба ырайы 10-августта өлкө аймагында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 10-августка караган түнү, Нарын облусунун айрым жерлеринде, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Абанын температурасы Чүй +32...+37, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34...+39, Таласта +29...+34, Ысык-Көл облусунда +23...+28, Нарын регионунда +21...+26 градуска жетет. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +34...+36, Ош шаарында +36...+38, Чолпон-Атада +23...+25 градусту көрсөтөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/09/1102887382_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_58687ae04ed1f8ceae212e8fad70f503.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио