https://sputnik.kg/20260810/1102903520.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, комбайндар эгиндин бышып жетилүү мөөнөтүнө жараша аймактарга... 10.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-10T15:00+0600
2026-08-10T15:00+0600
2026-08-10T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/0a/1102903351_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8f7a6370d520904dbbc1d0eb268643d7.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, комбайндар эгиндин бышып жетилүү мөөнөтүнө жараша аймактарга бөлүштүрүлдү. Чүй облусундагы оруп-жыйноо иштерине Ысык-Көл жана Нарын облустарынан 100дөн ашык комбайн тартылып, өнөктүк жыйынтыкталуу алдында турат. "Ал эми өлкөнүн түштүк аймактарында жалпысынан 450гө жакын комбайн иштеп жатат. Алардын 100гө жакыны тоо этегиндеги дыйканчылык зоналарына тартылган", - деп айтылат маалыматта. 2026-жылы бир комбайнга туура келген иштин орточо көлөмү 259 гектарды түздү. Учурда оруп-жыйноо иштери Ысык-Көл жана Нарын облустарында да башталды.
Кыргызстан быйыл январь-май айларында 23,5 миң тонна төө буурчак жана башка чанактуу өсүмдүктөрдү экспорттоду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,6 миң тоннага аз. Улуттук статистика комитети билдиргендей, ошол эле учурда айрым өлкөлөр кыргыз төө буурчагын көбүрөөк сатып ала баштаган. Маселен, Казакстан импортту 5,2 эсеге, Индия 76 пайызга, ал эми Россия 50 пайыздан ашык көбөйткөн. ЕАЭБге кирген өлкөлөр 7,3 миң тонна чанактуу өсүмдүк сатып алышкан. Бул былтыркы көрсөткүчтөн 3,1 миң тоннага көп. Башкача айтканда, жалпы экспорт азайганы менен ЕАЭБ өлкөлөрүнө кыргыз төө буурчагын сатуу кыйла өскөн.
Монополияга каршы кызматтын маалыматына караганда, көмүрдүн эң кымбаты Панфилов районунда болот. Мекеме бул аймак үчүн бааны тоннасына 7500 сом деп бекиткен. Эң арзан нарк Кеминде 6600 сом деп кабыл алынды. Бишкекте болсо 7000 сомдон сатылат. Белгилей кетсек, бул “Кыргыз көмүр” ишканасынын отун базалары үчүн бекитилген баа.
Караколдогу аэропорт мындан ары эл аралык каттамдардын көлөмдүү учактарын да кабыл алат. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ишканасы билдирди. Маалымдалгандай, аба майданы учуп-конуу тилкеси узартылып, кеңейтилгенден кийин биринчи техникалык каттамды кабыл алды. Аэропорттун тарыхында алгачкы ирет Airbus A320 учагы конду. Реконструкциянын алкагында аэропорттун учуп-конуу тилкеси 2 450 метрден 3 750 метрге чейин узартылды. Эни кеңейтилип, багыт көрсөткөн жарыктандыруу системасы жакшыртылган. Мурда чакан учактар эле коно алса, мындан ары көлөмдүү учактарды да тейлегенге шарт түзүлгөн. Каракол аэропортунан эми КМШ өлкөлөрүнө, Жакынкы Чыгышка жана башка багыттарга жаңы каттамдарды ачуу боюнча иштер жүргүзүлөрү кошумчаланды.
Камерундун президенти, дүйнөдөгү эң улгайган мамлекет башчысы Поль Бийя эки ай мурун Европага кеткен бойдон өлкөсүнө кайтып келе элек. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды. 92 жаштагы Бийя Камерунду 1982-жылдан бери башкарып келет. 2025-жылдын ноябрында ал президенттик сегизинчи мөөнөткө киришкен. Президенттин кеңсеси алгач Бийя Европага жеке сапар менен кыска убакытка кеткенин билдирген. Кийин өкмөт өлкө башчысынын Швейцарияда экенин ырастаган. Анын өлкөдө узак убакыттан бери жок болуп жатканы президенттин ден соолугуна байланыштуу кооптонууларды жаратууда. Мамлекет башчысы жок учурда өлкө иштери анын партиясынын жетекчилери жана үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлүп жатканы айтылат. Камерундун негизги оппозиция өкүлү Исса Чирома Бакири өлкөдө Бийянын абалы жакшы эмес деген пикир кеңири тараганын билдирди.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, комбайндар эгиндин бышып жетилүү мөөнөтүнө жараша аймактарга бөлүштүрүлдү. Чүй облусундагы оруп-жыйноо иштерине Ысык-Көл жана Нарын облустарынан 100дөн ашык комбайн тартылып, өнөктүк жыйынтыкталуу алдында турат. "Ал эми өлкөнүн түштүк аймактарында жалпысынан 450гө жакын комбайн иштеп жатат. Алардын 100гө жакыны тоо этегиндеги дыйканчылык зоналарына тартылган", - деп айтылат маалыматта. 2026-жылы бир комбайнга туура келген иштин орточо көлөмү 259 гектарды түздү. Учурда оруп-жыйноо иштери Ысык-Көл жана Нарын облустарында да башталды.Кыргызстан быйыл январь-май айларында 23,5 миң тонна төө буурчак жана башка чанактуу өсүмдүктөрдү экспорттоду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,6 миң тоннага аз. Улуттук статистика комитети билдиргендей, ошол эле учурда айрым өлкөлөр кыргыз төө буурчагын көбүрөөк сатып ала баштаган. Маселен, Казакстан импортту 5,2 эсеге, Индия 76 пайызга, ал эми Россия 50 пайыздан ашык көбөйткөн. ЕАЭБге кирген өлкөлөр 7,3 миң тонна чанактуу өсүмдүк сатып алышкан. Бул былтыркы көрсөткүчтөн 3,1 миң тоннага көп. Башкача айтканда, жалпы экспорт азайганы менен ЕАЭБ өлкөлөрүнө кыргыз төө буурчагын сатуу кыйла өскөн. Монополияга каршы кызматтын маалыматына караганда, көмүрдүн эң кымбаты Панфилов районунда болот. Мекеме бул аймак үчүн бааны тоннасына 7500 сом деп бекиткен. Эң арзан нарк Кеминде 6600 сом деп кабыл алынды. Бишкекте болсо 7000 сомдон сатылат. Белгилей кетсек, бул “Кыргыз көмүр” ишканасынын отун базалары үчүн бекитилген баа.Караколдогу аэропорт мындан ары эл аралык каттамдардын көлөмдүү учактарын да кабыл алат. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ишканасы билдирди. Маалымдалгандай, аба майданы учуп-конуу тилкеси узартылып, кеңейтилгенден кийин биринчи техникалык каттамды кабыл алды. Аэропорттун тарыхында алгачкы ирет Airbus A320 учагы конду. Реконструкциянын алкагында аэропорттун учуп-конуу тилкеси 2 450 метрден 3 750 метрге чейин узартылды. Эни кеңейтилип, багыт көрсөткөн жарыктандыруу системасы жакшыртылган. Мурда чакан учактар эле коно алса, мындан ары көлөмдүү учактарды да тейлегенге шарт түзүлгөн. Каракол аэропортунан эми КМШ өлкөлөрүнө, Жакынкы Чыгышка жана башка багыттарга жаңы каттамдарды ачуу боюнча иштер жүргүзүлөрү кошумчаланды. Камерундун президенти, дүйнөдөгү эң улгайган мамлекет башчысы Поль Бийя эки ай мурун Европага кеткен бойдон өлкөсүнө кайтып келе элек. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды. 92 жаштагы Бийя Камерунду 1982-жылдан бери башкарып келет. 2025-жылдын ноябрында ал президенттик сегизинчи мөөнөткө киришкен. Президенттин кеңсеси алгач Бийя Европага жеке сапар менен кыска убакытка кеткенин билдирген. Кийин өкмөт өлкө башчысынын Швейцарияда экенин ырастаган. Анын өлкөдө узак убакыттан бери жок болуп жатканы президенттин ден соолугуна байланыштуу кооптонууларды жаратууда. Мамлекет башчысы жок учурда өлкө иштери анын партиясынын жетекчилери жана үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлүп жатканы айтылат. Камерундун негизги оппозиция өкүлү Исса Чирома Бакири өлкөдө Бийянын абалы жакшы эмес деген пикир кеңири тараганын билдирди.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/0a/1102903351_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_22006d504f59bc12d4d4714367df1cb9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио